Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Кыргыз спортчулары: ким качан, ким менен?..


Лондон олимп оюндарында кыргыз спортчуларынын таймаштарга чыгуу тартиби жана жыйынтыктары тууралуу спорттук кабарчыбыз Кабыл Макеш билдирет.

Лондондо жыйынтыкталып жаткан XXX Олимпиа оюндарда Кыргызстандын улуттук командасы байгесиз калды. 14 спортчунун бардыгы жеңилүүгө дуушар болду.

12-август, Магомед Мусаев, эркин күрүш, 96 кг. салмакта. Чейрек финалда Магомед Мусаев 3:1 эсебинде ирандык балбан, дүйнө чемпиону
Реза Мохаммад Али Язданига утулуп калды.

10-август, Расул Абдураим, таэквондо, 80 кг. салмакта. Алгачкы таймаштарда италиялык Мауро Сармиентого жеңилип калды.

8-август, Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндердин эркин күрөшү, 63 кг. салмакта. 1/8 таймашта швециялык балбан Хенна Иоханссондон утулуп, мелдештерден чыкты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
Түз линк


6-август, Эржан Аскаров, 800 метрге чуркоодо марага акыркы болуп келип, мелдештен чыкты.

5-августта алгачкы беттешүүлөрдө жеңилип, кийин сооротуучу айлампага чыккан балбандар Данияр Көбөнов менен Арсен Эралиев ийгилик жарата алышкан жок. Сооротуучу айлампада 74 килограммдык салмактагы Данияр Көбөнов беларус Аляксандр Кикиниоуго утулса, 55 кг. салмакта Арсен Эралиев венгриялык Петер Модоско жеңилди.

Эрежеге ылайык, финалга чыккан балбандан утулгандар дагы бири-бири менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Сооротуучу таймашта биринчиликти алган балбан коло медалга ээ болот.
Арсен Эралиев, грек-рим күрөшү, 55 кг. салмакта. Алгачкы таймашта ирандык Хамид Мухаммад Рейханпур Суряндан утулуп калды.

Данияр Көбөнов, грек-рим күрөшү, 74 кг. салмакта. Алгачкы атаандашы армениялык балбан Арсен Жулфалакяндан утулду.

5-август, Юлия Андреева-Архипова, марафон. 42 км жарыш Бишкек убактысы боюнча саат 16да башталат. 108 атлет катышкан марафондо Юлия Андреева-Архипова маарага 60-болуп келди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00
Түз линк


3-август, Юрий Краковецкий, дзюдо, 100 кг. өйдө салмакта. Румын спортчусу Владом Симонескудан жеңилип, мелдештен четтеди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00
Түз линк


please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00
Түз линк


1-август, Дарья Таланова, сууда сүзүү. 200 метр аралыкты 2 мүнөт 38,01 секундда сүзүп өткөн Дарья марага акыркы жетип, мелдештен чыкты.

1-август, Чингиз Мамедов, дзюдо, 90 кг салмакта. Мамедов алгачкы беттеште жапон дзюдоисти Масаши Нияшиямага уттуруп койду. Кармаш өтө кыска болуп, Чингиз Мамедов оюндан жыдыды.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00
Түз линк


31-июлда кыргызстандык суучул Дмитрий Александров 200 метр аралыкка сүзүү боюнча алгачкы тандап алуу туруна катышып, негизги мелдешке чыкпай калды.

30-июль, Руслан Исмаилов, таамай атуу. 10 метр аралыкта үч абалда ок атууда (жатып, туруп, тизелеп) иргеп алуу мелдешинде финалга өтпөй калды. Эми 50 метр аралыктан туруп таамай атууга катышат.

30-июль, Илья Игнатьев, парус спорту. Игнатьев 49 спортчу катышкан “лазер” классындагы жарыштарда марага эң акыркы болуп келди. Жел кайыктардын жарышы Англиянын түштүк жээги –Дорсеттеги Weymouth and Portland спорт комплексинде өтөт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00
Түз линк


29-июль, Бекзат Осмоналиев, оор атлетика. 56 килограммга чейинки категорияда эркектер арасындагы оор атлетика боюнча алдын ала иргеп алуу сынагынан өтпөй калды. Осмоналиев “А” тобундагы мыктылар менен таймашуу үчүн сыноодо 127 кг. оордукту жулкуп көтөрүп, бирок түртүп көтөрүүдө 145 кг. көтөрө албай калды. Негизги таймашка кирбей калды.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00
Түз линк


Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG