Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Таяк тартышуу: күчкө салбай эптүү бол


Кыргызстанда Таяк тартышуу федерациясы 2013-жылы түзүлгөн. (Сүрөт Мамлекеттик дене-тарбия жана спорт агенттигине таандык)
Кыргызстанда Таяк тартышуу федерациясы 2013-жылы түзүлгөн. (Сүрөт Мамлекеттик дене-тарбия жана спорт агенттигине таандык)

Кыргызстандын таяк тартышуу боюнча спортчулары алгачкы дүйнө чемпиондугуна катышып, эки күмүш, эки коло байге тагынып, 35 мамлекеттин арасынан жалпы командалык эсепте экинчи катардан орунду алып келишти.

Вячеслав Абросимов кол күрөш боюнча бир катар эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп, байгелүү орундарга жетишип, Азия чемпиону наамын бир нече жолу уткан.

Ал жакынкы арадан бери мас-рестлинг, кыргызча аталышы "таяк тартышуу" деп аталган спорттун сырларын терең өздөштүрүп, алгачкы дүйнө чемпиондугунда күмүш байгенин ээси болуп келди. Вячеслав 105 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашып, финалда орусиялык Федор Федоровго жеңилип калган.

- Медеш күчтүү атаандаштыкта өттү. Эгер сен абдан күчтүү болсоң эле жеңишке жетише албайсың. Таймаш учурунда тең салмакты сактап, таякты кармоонун усулдарын жакшы билишиң керек. Бул спорттун келечеги кең. Таяк тартышууну өлкөбүздө кеңири жайылтып, мыкты спортчуларды даярдасак дүйнөдө өлкө намысын коргой турган спортчуларыбыз көп болоруна ишенем.

"Таяк тартышуу" боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлери. Солдон оңго карай: Вячеслав Абросимов, Руслан Сахбетов жана Ольга Шайнурова. 8-декабрь, 2014-ж. Бишкек. фото: sport.kg
"Таяк тартышуу" боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлери. Солдон оңго карай: Вячеслав Абросимов, Руслан Сахбетов жана Ольга Шайнурова. 8-декабрь, 2014-ж. Бишкек. фото: sport.kg

29-30-ноябрда Орусиянын Якутск шаарында болгон таяк тартышуу боюнча биринчи дүйнө чемпионатына 35 мамлекеттен 200дөн ашуун спортчу катышкан. Эркектер арасында жети салмакта, кыз-келиндер арасында беш салмакта байге үчүн таймаш болгон. Бул мелдешке Кыргызстандан сегиз спортчу катышып, мекендештерибиз эки күмүш жана эки коло байгенин ээси болуп келишти.

Вячеслав Абросимов (- 105 кг.) жана Сергей Долгалев (+125 кг.) күмүш байге тагынышса, Ольга Шайнурова (+85 кг.) жана Руслан Сахбетов (- 75 кг.) коло байгенин ээси болушкан. Кыргызстандын таяк тартышуу федерациясынын негиздөөчүсү, окумуштуу, этнолог Арстанбек Илебаев кыргыз спортчуларынын ийгилиги тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдады:

- Биздин спортчулар дүйнөдөгү күчтүү спортчулар менен таймашып алдыңкылардын катарында боло алды. АКШ спортчулары дагы биздин курама командадай эле эки күмүш, эки коло байгени тагынышкан. Бирок, биз төртүнчү бешинчи орундардын эсеби менен жалпы командалык эсепте 35 өлкөнүн ичинен экинчи орунга жайгаша алдык. Бул дүйнө биринчилигинде Кыргызстан эл аралык мас-рестлинг федерациясына мүчө болуп катталды. Кыргызстанда бул федерация 2013-жылы түзүлгөн. Эми бул уюмду Мамлекеттик дене-тарбия жана спорт агенттигинен каттоодон өткөрүп, бул спортту Кыргызстанда кеңири жайылтуу аракетин көрөбүз.

Таяк тартышуу бул якуттардын улуттук оюну. Якут тилинде ал мас тардыhыы деп аталат. Акыркы жылдары дүйнөгө мас-рестлинг аталышында кеңири таралууда. Бул спорт 2003-жылдан баштап Орусиядагы спорт оюндарынын тизмесине киргизилген. Мас-рестлингдин эл аралык федерациясына АКШ, Польша, Кыргызстан, Финляндия, Эстония, Литва өңдүү 35 мамлекет мүчө. Бул оюнду келечекте олимпиадалык оюндардын тизмесине киргизүү аракети болууда.

Таяк тартышуу узундугу төрт метр, туурасы эки метр аянтта өткөн мелдеш. Эки оюнчу карама- каршы отуруп буту менен кырынан коюлган тактайды тээп, 50 см. узундуктагы таякты эки колдоп кармашып тартышат. Спортчулар белине кемер курчанып алышат. Мелдеш калысынын ышкырыгы менен тартышуу башталат. Таякты атаандашынан сууруп алган же каршылашын өзүнүн аймагына тартып алган спортчу жеңүүчү аталат. Эгерде оюнчунун колу эки оюнчунун аралыгын бөлүп турган тактайга тийип калса жеңилди деп эсептелет. Тартышуу эки жеңишке чейин созулат.

Алгачкы дүйнө чемпиондугуна катышып, төртүнчү орунга ээ болгон Эрмек Карыбеков дүйнө мыктыларынын таймашын көрүп тажрыйба топтоп кайттым дейт.

- Буга чейин панкратион боюнча мелдештерге катышып жүргөм. Бишкекте таяк тартышуу боюнча тандоо болгондо 80 кг. салмакта биринчи орунду алып улуттук кураманын катарында дүйнө биринчилигине баргам. Биз күчкө салып эле тартыша берет экенбиз. Таяк тартышуунун биз билбеген көп ыкмалары бар экен. Буюрса, көрүп келдик. Эми жакшылап даярданып, кийинки мелдештерде татыктуу күч сынашууга аракеттенебиз.

Мас-рестлинг таяктары
Мас-рестлинг таяктары

Окумуштуу, этнолог Арстанбек Илебаевдин айтымында, бул спорт менен бардык жаш курактагы адамдар машыкса болот. Үйрөнүүгө жеңил спорт болгону менен ыкмаларын туура колдонбосо спортчулар мелдеш учурунда жаракатка көп дуушар болушу да мүмкүн.

- Жаш балдардан тартып улгайган адамдарга чейин машыкса болот. Бул спорт аз эле чыгымды талап кылат. Кичинекей аймакта эле бул спорт менен таймаштарды өткөрсө болот. Бирок, абайлабаса таяк тартышууда жаракат алуусу мүмкүн. Үзө тартып койсо колу чыгып, буттарынын тарамыштары үзүлүп кетиши ыктымал. Ошондуктан таймашка чыгаардан мурда даярданып, чеберчиликти арттыргандан кийин мелдештерге катышуу керек.

Таяк тартышуу боюнча Кыргызстандын федерациясынан маалымдашкандай, учурда бул спорт менен кол күрөш, оор атлетика менен машыктырган 15ке жакын спорттук залдарда атайын жабдуулар коюлуп, машыгуулар жүрүүдө. Келечекте бул оюнду Көчмөндөр оюндарынын тизмесине киргизүүгө, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборуна мүчөлүккө кабыл алууга сунуштар бериле тургандыгы айтылууда.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG