Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Бекилов: Жарандарды сак болууга чакырабыз


Өзбекстанда 26-апрель күнкү катуу шамалдын кесепети. Жизак облусу.
Өзбекстанда 26-апрель күнкү катуу шамалдын кесепети. Жизак облусу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, сел жүрүү коркунучу күчөгөнүн эскертти. Ал арада Баткен менен Таласта катуу шамалдан турак-үйлөр зыян тартты.

Табигый кырсыктар тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттык” радиосуна маалымат берди.

“Азаттык”: Синоптиктер 28-апрелге чейин катуу жаан-чачындан улам өлкөнүн көп аймактарында сел болорун эскертип жатат. Кайсы жерлерде сел коркунучу күчтүү?

Бекилов: Негизинен тоолуу райондордо, тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу бар. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, калктуу конуштардын көбү тоо этектеринде жайгашкан. Жыл сайын катталып жаткан табигый кырсыктардын басымдуу бөлүгүн сел жана суу ташкындары түзөт. Анын 80 пайызга жакыны Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туура келет. Быйыл деле ошол аймактарда коркунуч жогору.

“Азаттык”: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан селдин алдын алуу боюнча кандай чаралар көрүлдү? Дарыя жээктерин бекемдөө жана башка жумуштар жүрүп жатабы?

Абдишарип Бекилов
Абдишарип Бекилов

Бекилов: Министрликтин негизги жумушу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу болуп эсептелгендиктен, дамбаларды куруу, жээктерди бекемдөө, сайларды тазалоо боюнча пландалган бардык иштер аткарылып келатат. Ага карабай, жарандар өздөрү да сактык чараларын көрүп, жок дегенде эшигинин алдындагы арыктарды тазалашы шарт. Биз ошондуктан алдын ала шашылыш эскертүүлөрдү берип турабыз. Бул жаатта алдын алуу жумуштарын жергиликтүү бийликтер да жүргүзүүгө милдеттүү. Андан сырткары, Унаа жана байланыш министрлиги менен Айыл чарба министрлиги түшүндүрүү иштерин күчөтүшү зарыл. Себеби, сел көбүнчө айдоо аянттарына, көпүрө жана жолдорго зыян алып келет. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги өздөрүнө тийиштүү социалдык мекемелердин алдын ала коргонуу чараларын такай текшерип турушу кажет.

“Азаттык”: Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Кара-Үңкүр дарыясында 15-апрелде тосмонун 150 метрдей жерин суу алып кеткен болчу. Андан кийин дагы суу ташып, айдоо аянттарынын айрым бөлүктөрүн каптаганы айтылды. Ал жакта абал кандай болуп жатат азыр?

Бекилов: Ал жакта азыр деле абал кооптуу бойдон турат. 15-апрелде сел алган дамбанын жүз метрдей жогору жагын дагы суу жууп кетти. Ал жакта азыр 2 самосвал, 1 экскватор иштеп жатат. Жергиликтүү эл мүшөктөргө кум толтуруп, жээктерди бекемдеп жатышат. Айрым айдоо аянттарын суу каптаган. Анын кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүүдө.

“Азаттык”: 26-апрелде коңшу Өзбекстанда катуу шамал болуп, дарактар жана электр мамылары кулады. Бир топ кишилер жаракат алганы айтылып атат. Кыргызстанда бороон-чапкын болору тууралуу алдын ала маалыматтар жокпу?

Бекилов: 26-апрелге караган түнү болгон катуу шамал Баткен облусунун Лейлек районундагы жана Сүлүктү шаарындагы айрым үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Шамалдын ылдамдыгы 28 метрге чейин жетти. Лейлекте 124 турак үйдүн чатырынан 1789 даана, чарбалык курулуштардын 431 даана, социалдык объектилердин жүздөн ашуун шыйпырларын учуруп кетти. Сүлүктүдө да ушул сыяктуу абал болду. Жалпы Баткен облусу боюнча 2450 шыйпыр зыянга учурады. Алдын ала маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келген жок. Жабыркагандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тийиштүү курулуш материалдарын жиберди. Ошондой эле Таластын Кара-Буура районунда да катуу шамал болуп, турак-үйлөргө зыян келтиргени кабарланды. Ал жактагы чыгым эсептелүүдө.

XS
SM
MD
LG