И. Арабаев атындагы КМУнун 4-курсунун студенти Кадырбек Көкүбек уулу колу бошой калса эле, боёкторун жая салып сүрөт тартып кирет. Ал учурда атактуу улакчы Рустам Тыналиевдин образын кагазга түшүрүп жатат.
Ноутбук студенттер үчүн пайдалуу буюм. Тилекке каршы, азырынча И. Арабаев атындагы КМУнун жатаканасында Wi-Fi жок.
Жатаканада жашасаң - эч качан зерикпейсиң.
5-курстун студенти Гүлчехра Кыргызова эртең менен иштеп, түштөн кийин жеке менчик окуу борборунда балдарга сабак берет.
Хажибек Гулмахматов Тажикстандан Бишкекке келип окуп жатат. Туугандар менен Интернет аркылуу гана баарлашат.
Бозоргон төрт дубалды табитине жараша кооздоп жаткан кыздар. "Бажырайган кызыл гүл сабактан чарчап келгенде көңүлдү көтөрөт", - дешет алар.
Окуудан чарчап келгенде...
Үйдү жыйнап, тамак жасоо кезеги жазылган кагаз.
Корей тилин үйрөнүп жаткан Жазгүл Орозбекова атактуу актер Ли Мин Хонун күйөрманы.
Жада калса анын сүрөтүн керебетинин башына илип алган. "Мектепте окуп жүргөндө классташ балам экөөбүз сүрөткө түшкөнбүз. Анын сүрөтүнүн ордуна фотошоптон Ли Мин Хонун сүрөтүн коюп алгам. Кореяга барсам ага жолугам деген тилегим бар" - дейт, Жазгүл.
Кечки тамак камы.
1-курстун студенти Нуриза Мамасаидова оюнчугу "Аруудан" эч ажырабайт. "Атам-апамды сагынганда оюнчугумду кучактап ыйлап алам. Кээде аны урушам, жиним келсе урам. Маанайым жакшы болгондо сүйлөшүп же китеп окуп берем", - дейт студент кыз.
Сабак окуганда бири-бирине жолтоо болушпайт.
Жатакана бөлмөлөрүнүн көпчүлүгүндө муздаткыч жок. Ошол себептүү, кышкысын айылдан келген этти балконго жайып коюшат.
Курсак ачканда жумуртка да көздөн учат.
Гүлжибектин сулуулук текчеси. Студент кыздар баасы арзаныраак косметика алганга аракет кылышат.
Жатаканада сени эркелеткен апаң жок. Идишти да, кирди да өзүң жууйсуң.
Жаздыктын жанындагы сөздүк.
Майрамга даярдык.
Студент болгон сыймык. Жатакандагы жашоо андан да кызыктуу. Анткени жаңы дос таап, кызыктуу күндөрдү, уйкусуз түндөрдү баштан өткөрөсүң.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.