Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Бишкекте бадахшандыктар пикетке чыкты


Тажик элчилигинин алдындагы пикет
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:37 0:00
Түз линк

Тажик элчилигинин алдындагы пикет

Тажикстандын Бишкектеги элчилигинин алдына чогулган жүз чакты адам тажик бийлигинен Хорогдогу аскердик операцияны токтотууну талап кылды.

25-июлда тажик элчилигинин имаратынын алдына нааразылыкка чыккан Кыргызстандагы тажиктердин ассоциациясынын өкүлдөрү жана Бишкектеги тоолуу бадахшандыктар Хорогдон өкмөттүк аскерлерди чыгарып, чатакты саясий жолдор менен чечүү, жапа чеккен калкка гуманитардык жардам берүү талаптарын койду.

Негизинен Бишкектеги тоолуу бадахшандыктардан турган бул топ тажик элчиси аркылуу бийликтегилерге Хорог шаарында жүрүп жаткан аскердик операцияны токтотууну, чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууну талап кылышты. Алар чакан кылмыштуу топту кармоо үчүн бийликтин аскердик күчтөрдү колдонгонун сынга алып, Хорогдун жана жалпы эле автономиялык облустун маалыматтык курчоодо калганына нааразылык билдирди.

Хорогдогу туугандары менен 3 күндөн бери байланыша албай жаткандыктарын жана бул операциядан жайкын адамдар арасында жоготуулар бар экенин да айтышты:

- Хорогдо жашаган ата-энелерибиз, бир туугандарыбыз үйлөрүндө камалып отурушат. Эшикке чыккандан коркушууда. Снайперлер периметр боюнча коюлуп, жергиликтүүлөргө каршы ок чыгарууда. Эң тынчсыздандырганы - ушундай масштабдагы аскердик операция жүрүп жаткан шаарда жашаган жакындарыбыз менен байланышып, алардан кабар ала албай жаткандыгыбыз. Бир адамдын өлүмү үчүн ал жерге 4000ге чукул аскерди, танктарды, тик учактарды киргизүүнүн кажети бар беле? Чет өлкөлүк жарандарды чыгарып кеткен бийлик эмнеге жергиликтүүлөрдү коопсуз жерге чыгарган эмес? Мына ушулар бул операцияны этникалык тазалоо деп баалообузга түрткү болууда, -дейт нааразылыкка чыккандардын бири Сорбон Мизробов

Көп өтпөй чогулгандардын алдына Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Асомуддин Саидов чыкты:

- Хорогдо атайын аскердик операция жүрүп жатат, операциянын талабына ылайык телефон, уюлдук байланыш жана интернет өчүрүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, жергиликтүү калк арасында жоготуулар болгон жок.

Бирок бир катар суроолорду жоопсуз калтырып кетип калган элчи Саидовго артынан нааразы үндөр жаңырды.

Митингдин катышуучулары эгерде аскердик күчтөр Тоолуу Бадахшандан чыгарылбай турган болсо, өздөрү дагы Хорогго чейин барып жергиликтүүлөр менен биргеликте бийлик күчтөрүнө каршы чыгаарын билдирип тарашты.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун борбору - Хорог шаарындагы аскердик операция бүгүн түштөн кийин токтотулганы кабарланды. Расмий маалыматтарга караганда, кечээ башталган аскердик операция учурунда 30 согушчан өлтүрүлүп, 40 киши кармалган. Ошондой эле 12 аскер кызматкерлери мерт болуп, 23ү жараат алышкан.

“Азаттыктын” тажик кызматы Хорог шаарында снайперлердин огунан алты карапайым тургун мерт болгонун билдирүүдө. Бирок бул маалыматтарды азырынча башка көз карандысыз маалымат булактары аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок.

Операция Тажикстандын коопсуздук кызматынын Тоолуу Бадахшан облустук комитетинин башчысы, генерал Абдулло Назаровду өлтүрдү деп шектелген кылмыштуу топтун башчысы Толиб Аембеков колго түшүп берүүдөн баш тарткандан кийин жүргөн.

XS
SM
MD
LG