Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Имомов: Ворух тарапта абал тынч


Масум Имомов
Масум Имомов

Ворух анклавында жана кечээ атыш болгон кыргыз-тажик чек арасында болуп келген тажик журналисти аймакта эл кооптонуу менен жашап жатканын, бирок жолдор ачык, албууттанган элди көрбөгөнүн билдирди.

Масум Имомов "Азаттыктын" тажик кызматынын Хоженттеги кабарчысы. Ал 12-январда кыргыз-тажик чек арасынын алдыңкы күнү атышуу болгон аймагында болуп, абал тынч экенин мындайча билдирди:

- Жол ачык жана салыштырмалуу коопсуз. Ээн-эркин эле машина менен жүрүшөт. Болгону жолдордо текшерүү посттору бар. Бирок алар текшерген да жок. Чоркух, Ак-Сай, андан ары Миң-Өрүк деген дагы бир кыргыз айылында аскерлердин топтору турат. Бирок алар жөн эле турушат, машиналарды токткон жок. Ворухка бараткан жол ачык болчу.

Соңку тиреште ок атылган суу тосмосу, Ак-Сай айлына жакын жер, Имомов тарткан сүрөт
Соңку тиреште ок атылган суу тосмосу, Ак-Сай айлына жакын жер, Имомов тарткан сүрөт
Ошол эле убакта Имомов эл арасында тынчсыздануу бар экендигин, бирок албууттанган адамдарды көрбөгөнүн кошумчалады.

- Элдер эмне болуп кетет деп тынчсызданып жатышат. Хожа-Ало кыштагында алар 10-15тен чогулуп турушту. Хожа-Алого жакын жердеги Өрүк деген айылда да 5-10дон топтошуп турганын көрдүм. Жөн гана бул көйгөй кантип чечилип жатат, кырдаалды кантип жөнгө салышат деп сүйлөшүп турушту. Болбосо, алардын окуяларга кийлигишкенин байкаган жокмун.

Кыргыз бийликтери Ворух анклавына баруучу жолдо жайгашкан Ак-Сай айылындагы атышууда Кыргызстан тараптан алты, негизинен чек арачылар, Тажикстан тараптан үч чек арачы жараат алган окуядан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн айтууда. Бирок биздин маектеш мрудагыдан өзгөчө көп санда аскер же аскер унааларын көрө албаптыр:

- Оор техниканы жолуктурган жокмун, ал эми аскер кызматкерлерин аз жолуктурдум. Тажикстандын аймагындагы Исфара шаарынан бери көздөй беш чакырымдай жердеги Кара-Бак деген айылда жол Исфара тараптан да, Чоркух тараптан да тосулуп турган. Элдер аны айланып өтүп жатышат. Бирок кызыктуусу, мен Хоженттен Хожа-Алого баратканда көп кыргыз унааларын көрдүм, жай эле жврүшөт. Тажиктер да жүрүшөт, бирок аларды эч ким текшерген жок.

Ак-Сайдан 3 чакырым ылдыйдагы тажикстандык Кожа-Ало кыштагынын көптөгөн кыргыздар тажиктер менен ирегелеш жашашат. Аларды соңку окуялар бөтөнчө тынчсыздандырды
Ак-Сайдан 3 чакырым ылдыйдагы тажикстандык Кожа-Ало кыштагынын көптөгөн кыргыздар тажиктер менен ирегелеш жашашат. Аларды соңку окуялар бөтөнчө тынчсыздандырды
​Тажикстанда эл эмне үчүн Ак-Сайдан Ворух анклавын айланып өткөн алтернативалык жолдун курулушуна каршы чыгып жатат? Бул суроого маектешибиз маселе сууда болуп жатканын мындайча бышыктады:

- Мен бир канча киши менен, анын ичинде чарба башчылары менен сүйлөшсөм, алар жолду Тажикстан менен макулдашпай куруп жатышат деп айтышты. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча, Тажикстан Кыргызстанга кыргыздардын Самаркандек айылы тараптан жерди 49 жылга ижарага берет, ал аркылуу Баткенди көздөй жол курмак. Бирок чындыгында Ворухтун кире беришиндеги Ак-Сай айылын көздөй жол салып башташты. Ошондуктан исфаралыктар бул биздин жер болчу, мал жайчу элек, СССРдин акыркы күндөрүндө бул жерди Кыргызстанга жайлоого деп ижарага берип салган, эми жол куруп жатышат, эми бул алтернативдүү жол болсо, кыргыздар Исфаринка өзөнүн өз көзөмөлүнө алып, суу бөлүштүргөн жерден Исфарага сууну бууп салып, бардык сууну Төрт-Күл суу сактагычына буруп салышы мүмкүн деп чогулап жатышат.

АЯГЫ

Орус тилинде бул маекти толугу менен бул жерден уга аласыз.

XS
SM
MD
LG