Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Тажикстан Баткендеги мунай кенин талашууда


Мунай чыккан Катта-Туз, Лейлек району, 25-октябрь, 2013.
Мунай чыккан Катта-Туз, Лейлек району, 25-октябрь, 2013.

Лейлек районундагы мунай чыккан Катта-Туз деген жерге кечээ кирип келген тажик чек арачылары бүгүн түшкө жуук араң чыгарылды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, тажик чек арачылары Катта-Тузга кечээ түштөн кийин кирип келген. Болжол менен 150 чакты тажик чек арачысын адегенде ондон ашуун кыргыз чек арачылары тосуп алып, кийинчерээк кыргыз чек арачыларына дагы кошумча күч тартылган. Ошондо да 60 чакты кыргыз чек арачысы 150дөй тажик чек арачылары менен бүгүн түшкө чейин аталган аймакта тирешип турушту.

Кыргызстандын чек ара кызматы бүгүн эртең менен кыргыз тарап алардын бул кадамы мыйзамсыз экенин айтып, ашыкча аракеттерди көрбөөгө чакырып турганын кабарлады. Ошентип маселе чечилгенче чек арадагы кырдаал чыңалган бойдон турду.

Качан гана эки өлкөнүн чек ара жетекчилери - Курманакун Матенов менен Шерали Мирзо телефон аркылуу сүйлөшкөн соң тажик чек арачылары Катта-Туздан чыгып кетишти. Тараптар чек арадагы бул тилкени пайдалануу боюнча чечимди өкмөттөр аралык комиссия кабыл алышы керек деген бүтүмгө келишкен.

Тажикстан бул аймактан 1974-жылдан бери мунай менен газ өндүрүп келген. Союз учурундагы макулдашууларга ылайык, аймак Кыргызстанга 1992-жылы өтүшү керек экен. Бирок андан бери кен чыккан жерди Кыргызстанга өткөрүп алууга эч ким деле кызыкпаган көрүнөт.

Ошентип 40 жылга жакын аралыктан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул аймак быйыл июнь айынын соңунда кыргыз чек арачылары тарабынан бошотулган эле. Кыргыз тарап бул аймак толугу менен Кыргызстандын ичинде тураарын, чек ара талашы жоктугун билдирген.

Бирок кыргыз тарап Катта-Тузду өткөрүп алганы менен анын макамын аныктай албай, кайсы мекеме иштетээрин тактай албай жатканы буга чейин айтылган

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн тараткан билдирүүгө караганда, Катта-Туз жергеси Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан. Бул аймакта 4 көгүлтүр от жана 5 мунай - жалпысынан 9 скважина бар. 24-октябрда Тажикстандын чек арачылары мыйзамсыз кирген “Катта-Туз” мунай скважинасы Кыргызстандын аймагында, мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгынан 500 метр ичкериде жайгашкан, - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бул окуядан соң Кыргызстан Тажикстанга нааразылык нотасын жиберди. Аны тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимовго тапшырды.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG