Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Кыргызстан-Тажикстан: дагы бир темир жол долбоору


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен. Бишкек, 27-май, 2013.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен. Бишкек, 27-май, 2013.

Тажикстан Кыргызстан менен транспорттук туюктан чыгуу жана гидроэнергетика боюнча кызматташат.

Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Бишкектеги жолугушуу учурунда билдиришти. Эки мамлекеттин көпчүлүк көйгөйлүү маселелер боюнча туруму бирдей экенин белгилешкен мамлекет башчылары ортодогу чек ара талаштары өз ара түшүнүүчүлүктүн негизинде чечиле турганын белгилеп, анын шарттарын аныктаган чечимге кол коюшту.

Чек ара көйгөйүн чечүү жолдору

Кыргыз-тажик президенттеринин жолугушуусунда чек ара чатактарынын алдын алуу жана көйгөйлөрдү убагында чечүүгө өзгөчө басым жасалды. Андыктан мамлекет башчыларынын деңгээлинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны ырааттуу жана өз ара кошуначылыктын алкагында тактоо боюнча чечим кабыл алынды. Ага ылайык, мындан ары чек араларды тактоо боюнча комиссиялардын жетекчилерине өкмөт башчысынын орун басарлыгынын ыйгарым укуктары берилет.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чек ара талаштары өз ара түшүнүүчүлүк менен чечилүүгө тийиш деп эсептейт:

- Өз ара ишенимдин жана түшүнүшүүнүн негизинде өткөн сүйлөшүүлөрдө чек ара маселесин чечүүдө колдонулчу негизги усулдар жана принциптер талкууга алынды. Мамлекеттик чек арадагы талаштуу тилкелердин көйгөйлөрүн тынч отуруп, өз ара түшүнүүчүлүк, жакшы кошуначылык жана бири-бирибизге акылга сыйган ченде жеңилдиктерге баруунун негизинде чечүү зарылдыгын эки тарап тең колдой турганын билдирди. Мына ошол негизде эки тараптын комиссия жетекчилеринин кызмат ордун вице-премьер-министрдин деңгээлине көтөрүү жагы каралды.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арада алтымышка чукул талаштуу делген жер бар. Чек араларды тактоо боюнча комиссиялардын жыйындары өз убагында өтүп турганы менен өтө талаштуу делген тилкелерге келгенде тараптар мунаса таба албай, көпкө кармалып калган учурлар көп.

Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү жана чек араларды тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров бийлик укуктарды кеңейтүү менен чек араларды тактоодогу ырааттуулукту камсыздайт деп ишендирди:

- Эми бул комиссиянын жумушун илгерилетет деген тилек бар. Анткени вице-премьер-министрге башка мамлекеттик бийлик органдары да баш ийгендиктен, айрым маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүк болот. Бул деген сөз чек араны тактоо иштерин ылдам жана ырааттуу жүргүзүүгө өбөлгө болот.

Эки кошуна транспорттук туңгуюктан чыгуунун жолун издөөдө

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында өкмөттөр аралык алты макулдашууга кол коюлду. Алар негизинен билим берүү, илим, спорт, дене тарбия, байланыш жана автожол каттамдары боюнча тармактарга байланыштуу. Автожол каттамы боюнча макулдашууга ылайык, тараптар транспорттук-коммуникациялык тармакты өркүндөтүүнү көздөйт.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жол долбоору сунуштала турганына токтолду:

- Биз азыр эле, эки президент эртең өтө турган бейформал саммиттин күн тартибине аталган темир жол долбоорун иштеп чыгууну бирдей сунуштоо боюнча чечимге кол койдук. Бул темир жол каттамы Тажикстандан ары Түркмөнстан, Ооганстан, Пакистан, Иран жана андан ары Перси булуңуна барат. Бул темир жол долбоору бардыгыбызга өтө керек экени белгилүү.

Ошондой эле дүйнөлүк банктын САSA-1000 долбоору боюнча Кыргызстан менен Тажикстан өндүргөн электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга экспорттоонун жаңы шарттары боюнча маселе күн тартибинде турганы белгиленди. Президент Эмомали Рахмон Ооганстандагы кырдаал тынч турса, аталган долбоорду ишке ашыруу 2014-жылдан ары баштала турганына токтолду.

Тажик президенти Эмомали Рахмон 27-майда Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен келген.

XS
SM
MD
LG