Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Кыргызстан-Тажикстан: Алаканы жакшыртса болот


Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссия соода-экономикалык алаканы жакшыртуу, чек ара, жол маселелерин талкуулап жатат.

Тажикстандын өкмөттүк делегациясын транспорт жана байланыш министри Низом Хакимов баштап келди.

Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын эки күндүк жолугушуусунда карала турган маселелер тууралуу Кыргызстандын транспорт жана байланыш министринин басма сөз өкүлү Гүлнара Кожахметова буларды билдирди:

- Бул жолугушууда ар тараптуу жана бир канча маселе талкууланат. Маселен, жолдор, транспорт жана коммуникациялык байланыштар боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Эки тараптуу жыйында чек ара аймактарындагы соода-экономикалык алаканы өркүндөтүү негизги темалардан болмокчу. Кыргызстандын Баткен облусу Тажикстандын Согди облусуна караштуу 9 району менен чектешет. Согди облусунда 2 млн. калк, тагыраак айтканда Тажикстандын жалпы калкынын үчтөн бири жашайт. Андыктан Баткен облусу үчүн Тажикстан менен соода-сатыкты жакшыртуу пайдалуу экени талашсыз.

Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов:

- Биздин Лейлекке жана Исфанага мөмө-жемиш, азык-түлүктөрТажикстандан келет. Ошондой эле курулуш материалдарын алабыз. Ал эми бизден аларга мал чарба продукциялары барат. Мындан тышкары, “Дордой” жана “Кара Суу” базарларынан буюм-тайым алып кетишет.

Тилеберди Арипов “Лейлек” эркин экономикалык аймагы аркылуу да кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи:

- Тажикстандын Хожент шаарында да “Сугди” эркин экономикалык аймагы бар. Алар менен биздин ЭЭАнын ортосунда кызматташтык боюнча меморандум бар. Тажик ишкерлерге биздин аймактарга ишканаларды ачкыла деп сунуш кылганбыз. Алар тараптан да көп сунуштар бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, Тажикстан менен 2011-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 30 млн. долларды түзгөн. Ал эми Тажикстан бийлиги быйылкы жылы Кыргызстан менен соода-сатык кыйла өскөнүн белгилөөдө. Маселен, былтыр төрт айдын ичинде соода жүгүртүүнүн көлөмү 11 млн. болсо, быйылкы жылы ал 15 млн. долларды түзүп жатат.

Мамлекеттин салымы байкалбайт дешет

Деген менен ишкерлер Тажикстан менен жетиштүү деңгээлде соода-экономикалык кызматташтык жүрбөй жатат дешүүдө. Баткен облустук ишкерлер кеңешинин төрагасы Аваз Чотбаевдин айтымында, Тажикстандын эли менен кошуналык гана майда соода жүрүп, мында мамлекеттин ролу аз болуп жатат:

- Тажикстан менен мамилени жакшы кылсак, абдан пайдалуу болот эле, биздин элдин да жашоосу оңолмок. Себеби акыркы 4-5 жылда Хожент шаары жакшы өнүгүп жатат. Алар менен соода-сатык жүрсө, эки тарапка тең пайдасы көп болмок, айрыкча ишкерлерге пайдасы тиймек.

Ишкерлердин айтымында, соода жүгүртүүгө чек ара, жол жана бажы бекеттери тоскоол болуп келатат. Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов бүгүнкү өкмөттөр аралык жыйында чек ара маселеси да талкуулана турганын билдирди:

- Көп тармактуу маселе каралат. Ошонун ичинде чек ара маселесин да көтөрбүз. Мисалы, бизде Максат - интернационал көпүрөсүнүн жана жолунун курулушу башталып, бирок тажиктер менен келише албай токтоп турат. Ошол боюнча да маселе көтөрүлөт.

Талдоочулар акыркы кездери чек ара жана башка иштер боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык жолугушуусу ыкчамдап калганын, бирок анын жыйынтыгы көрүнбөй жатканын айтышууда. Өткөн аптада Бишкекте талаштуу чек ара аймактарын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиялары да жолугушкан болчу.

XS
SM
MD
LG