Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Самаркандек менен Чорку суу көйгөйүн бирге чечүүдө


Кыргыз-тажик чек арасында жанаша жашаган айрым айылдар сууга байланышкан көйгөйлөрдү биргелешип чечип жатат.

Баткен облусундагы Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык кыштагына суу Тажикстандын Чорку айылын аралап келет. Селдин айынан кемирилип-кертилген арыктардан суу жетпей Паскы-Арыктын тургундары дыйканчылыктан кыйла кыйналышат.

Суу талашып бул кыргыз-тажик айылдарында бир нече жолу жаңжал чыккан болчу.

Паскы-Арык менен Чорку айылдарын бир эле сай бөлүп турат. Сайдын башы Кыргызстан болгону менен суу тажик айылдарын аралап Паскы-Арыкка жеткиче какшып калган учурлар көп болгон. Аталган айылдын тургуну Алимбай Отпасаров суунун тартыштыктан айыл эли жашылча-жемиш дээрлик экпей калганын кеп салып берди:

- Биздин өзүбүздүн көз карандысыз арыгыбыз жок. Ушул арыктагы суу 13 километр алыс жактан Тажикстанды аралап келет. Менин 12 сотик жерим бар. Биздин айыл өкмөтүндө 2 сотиктен үлүш жер тийген. Картошка эксек суу жок чыкпай калат. Болгону буудай менен жүгөрү айдайбыз. Буудайды эки жолу, жүгөрүнү үч жолу сугарып алабыз. Паскы-Арыкта күнү-түнү жүгүрүп, аз-маз эгебиз. Бизден ылдыйкы Самаркандек, Жаңгак айылдарында суунун жоктугунан атүгүл үлүштөрүн да экпейт.

Баткендеги Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Сатар Жолдошовдун айтымында, суу маселеси көптөн бери чечилбей турган:
Бизде чек ара ачык. Суубуз да, жолубуз да бир.

- Паскы-Арык айылында 58 гектар үлүштүн жери, 13 гектар Кайра бөлүштүрүү фондунун жери жана 120 гектар айыл тургундарынын короолоруна суу жетпей, күйүп кетип, чоң көйгөй болуп келген. Бул көйгөй көп жылдардан бери келген. Эки жылдан бери ушул маселени чечип, суу берип атабыз. Негизи бул сайдан сууну биз алабыз. Андан сырткары тажиктердин Чорку жана Сух деген эки жамаатынын 63 гектар жери ушул арыктан суу ичет.

Кыргыз-тажик айылдарын аралап өткөн бул сайдын жээги учурда Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен бекемделип бүттү. ПРООНдун өкүлү Акылбек Шадымановдун билдиришинче, бул иштерге кыргыз-тажик айылдарынын тургундары чогуу тартылды:

- Самаркандек табигый кырсыктар эң көп дуушар болгон айыл өкмөттөрүнүн бири деп эсептелет. Бул жерде жылына 5-6 жолу сел келип, ушул сайдан 60 кубга жакын сел өтөт. Мына ушул жерде өткөн куурдагы суу Тажикстандан 13 чакырым агып келип Кыргызстандын чек арасынан өтөт. Ушул сай бир жагынан чек ара болуп эсептелет. Оң жагыбыз Тажикстан, сол жагыбыз Кыргызстан. Анан бул долбоорду ишке ашырып атканда тажик туугандарыбыз жардам беришти.

Тажикстандын Чорку жамаатынын башчысынын орун басары Абдухалил Шарипов жанаша жашаган эки айылдын азыр алака-катышы оңолуп калганын, буга чейин далай кагылышуулар болгонун айтып берди:

- Жаңжалдар бардык эле жерде бар да. Бирок бул Кыргызстан менен Тажикстандын достугуна көлөкө түшүрбөгөн жаңжалдар. Бизде чек ара ачык. Суубуз да, жолубуз да бир. Азыр биз эки айылдын чек арасы кайсы жерден өтөөрүн да так айта албайбыз. Жалпы нерселерибиз көп. Кагылышуулар, бири-бири түшүнбөстүктөр болот. Бирок биз ушундай бири-бирибизди достукка чакырган иш-аракеттербизди уланта беришибиз керек.

Чек аралаш жашаган айылдарда талаш-тартыштар негизинен суу менен жердин айынан чыгат. Мындай жаңжалдар айрыкча тажик-кыргыз айылдарында көп учурайт.

XS
SM
MD
LG