Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:20

Эратов: Тажиктер менен тил табыша баштадык


Саиджан Эратов
Саиджан Эратов

Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саиджан Эратов аймактагы шайлоо алдындагы абалды айтып берди.

“Азаттык”: Баткенде шайлоо алдындагы коомдук-саясий, социалдык абалды, элдин маанайын сүрөттөп бересизби? Чочулоо, кооптонуу жокпу?

Саитжан Эратов: Баткенде коомдук-саясий кырдаал туруктуу. Чек ара жана бажы бекеттери штаттык режимде иш алып барып жатат. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин кызматкерлери тийиштүү алдын алуу иш-чараларды жүргүзүп жатат. Шайлоого карата 25-октябрдан тарта бардык тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштегенге өтүшөт.

Жалпысынан Баткенде 198 шайлоо участкасы бар. Ар бир участканы экиден милиция кайтарат. Жалпысынан 500дөй милиция кызматкери шайлоого тартылат.
Былтыр тажик-кыргыз чек арасында 27 окуя катталса, быйыл мындай 5-6 эле талаш болду. Эмдиги жылы таптакыр эле болтурбоого аракет кылабыз.

“Азаттык”: Атайын кызмат Ошто, Жалал-Абадда жана Бишкекте террордук чабуул жасоого даярданган топ ашкереленди, алардын арасында Тажикстандан келгендер да бар деп билдирди. Чек араларды кайтаруу кандай жүрүп жатат?

Эратов: Март айынан баштап чек араны күчөтүлгөн режимде кармап келатабыз. Себеби күйүүчү май аткезчилиги жүрүп жатат. Ошого байланыштуу чек араны жакшы эле коргоп келе жатабыз.

Негизинен чек араны делимитация, демаркация иштери бүтө элек. Чек арабыз ачык, аны кайтарууга аскерлерибиз жетпейт. Муну мамлекеттик деңгээлде чечүү зарыл.

“Азаттык”: Буга чейин эки мамлекеттин облустарынын губернаторлору, райондорунун акимдери чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан. Мындан натыйжа чыгып жатабы?

Эратов: Менимче, майнап чыгып жатат. Биз айрыкча Тажикстан менен райондук деңгээлде, облустук деңгээлде сүйлөшүүлөрдү бир системага, жөнгө салып алдык. Райондук деңгээлдеги жолугушуулар ар бир кварталда өтөт. Облустук деңгээлде жарым жылда бир кездешебиз.

Кандайдыр бир майрамдар болсо карым-катнашты күчөтүп иш алып барып жатабыз.

Былтыр тажик-кыргыз чек арасында 27 окуя катталса, быйыл мындай 5-6 эле талаш болду. Эмдиги жылы таптакыр эле болтурбоого аракет кылабыз.

“Азаттык”: Өткөндө баткендиктер менен байланышканбызда тажик чек арачылары Баткен шаарындагы суу сактаган көлдүн жогору жагынан бери көздөй жүз метр жылып алышты деп айтышты эле. Ушуну тактай кетесизби?
Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин кызматкерлери тийиштүү алдын алуу иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Эратов: Муну ким айтканын билбейм, бирок биз чек арадагы кырдаалды күнүгө текшерип турабыз. Азыр эле чек арачылар менен сүйлөштүм, андай бизде маалымат жок. Чек арачылар эч жакка жылган жок. Баары өз-өз ордунда турат.

“Азаттык”: Чек арадагы айылдарды колдоо, ал жактагы жылма миграцияны токтотуу үчүн кыргыз өкмөтү атайын акча бөлүп, үйлөрдү сатып ала баштады эле. Ошол иштер кандай жүрүп жатат?

Эратов: Бул иштер ийгиликтүү жүрүп жатат десек жаңылышабыз. Себеби 10 миллион акча бөлүнүп берилген. Биз анын 1,5 миллионун иштеттик. Бир үйдү сатып алып Таш-Тумшук айылдык милицияга бердик. Бул мыйзам көп ылайык келбей жатат. Коюлган баа - бир үйгө эле 1,5 миллион сом. Кийинки үйлөрдү да сатып алыш керек. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн губернатордун сунушу кетти. Эгер мыйзам өзгөртүлсө, биз ошол процессти улантабыз.

“Азаттык”: Баткенде быйылкы жыйым-терим, өрүктүн түшүмү кандай болду? Элдин кирешеси жакшыбы?

Эратов: Элдин кирешеси орто болду, анча деле көп эмес.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG