Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Чек ара чатагы Чубактын кунундай чубалат


Такталбаган чек аралар эки өлкөнүн тең карапайым калкын кыйнады.
Такталбаган чек аралар эки өлкөнүн тең карапайым калкын кыйнады.

Кыргыз-өзбек чек ара аймактарын тактоо боюнча эки тараптуу комиссиясынын сүйлөшүүлөрү Кадамжай районунда жүрүүдө.

Мындай кездешүүлөр бир нече ирет болгонуна карабастан, суу жана жер талаштан чыккан чатактар токтобой келатат. Акыркы окуя 6-августта болуп, суу алалбай калган кыргыз дыйкандары жолду бөгөп салышкан эле.

Келгиле, дагы бир кеңешели

Чек ара тактоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссия Кадамжай районунда кезектеги кездешүүгө келгенин Кыргызстан Чек ара кызматынын төрага орун басары Таалайбек Адашпасов “Азаттыкка” билдирди.

- 2011-жылы Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо иштери жанданды. Азыркы учурда бул топ Кадамжайда өзбек кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул маселелердин баары ушул эле жылы чечилип кетпейт. Анткени мамлекеттик деңгээлде чечиле турган кээ бир маселелер бар.

Кыргыз тараптан комиссияны өкмөттүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Курбанбай Искандаров жетектеп жатат. Бул чукул жыйындын алдында өткөн апта соңундагы чек арада дагы бир жаңжал орун алган эле.

1-августта Өзбекстан тарап Баткен аймагындагы “Дивайрам” чек ара бекетин жаап салган соң Баткендеги Сох анклавына чектеш жайгашкан Апкан жана Бөжөй айылдарынын тургундарынын ары-бери катташы кыйындаган эле. Буга нааразы болгон кыргызстандыктар Өзбекстанга тиешелүү Сох анклавына кете турган чоң жолду бөгөп алышкан. Ага жооп катары Өзбекстан тараптагы жашоочулар аталган айылга агуучу сууну буушкан болчу.
Чек ара чечилсе эле бардык көйгөйлөр чечилет деп жатышат. Чек ара аныкталган күндө да бул көйгөйлөр кала берет.

Бул тиреш 6-августка чейин уланып, эки тараптын аксакалдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана чек арачылар катышкан жыйындан кийин гана жол ачылып, кыргыз айылдарына суу бериле баштаган.

Ушундай эле оор кырдаал Баткен менен Тажикстандын Ворух анклавы ортосунда да орун алып келүүдө. Ошентип кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара, суу талаштары дээрлик жыйырма жылдан бери чечилбей, эки ортодо карапайым калктын башына мүшкүл салып келатат.

Жерлерди тактамайын талаш бүтпөйт

Ким болбосун буга чек ара тилкелеринен алигиче бир жаңсыл болбой турганы менен түшүндүрүүдө. Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Адашпасов:

- Биринчи кезекте делимитация жана демаркацииялоо иштерин толук бүтүрүү керек. Анткени азыркы күндө түштүктөгү Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарда чек ара толук такталган эмес. Казакстан жана Кытай менен дээрлик мындай көйгөй жок. Эгер ошол сыяктуу болуп, чек ара толук такталса, суу-жер, жол жана жайыт маселелери өзүнөн-өзү чечилет.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, чек ара кызматынын экс-төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, чек аранын тактоо мурдагы бийликтердин кош көңүлдүгүнөн улам кечеңдеп жүрдү.

- Өзбекстандын өкмөтү да, президенти да кыргыздар менен жолугушуп, "чек араны тактагыла" деп өздөрүнө талапты аябай коюп жатат. Ташкент бул маселени кечээ гана эмес, он жыл мурда да көтөрүп келген. Азыр гана кыргыз тараптан көңүл бурулуп, бул маселе чечилип жатат.

Такталбаган чек ара артынан суу, жол жана жайыт маселелери чиеленишип турат. “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Баткендеги өкүлү Роберт Авазбеков кошуналар ортосунда чечүүнү күткөн далай маселелер бар дейт.

- Чек ара чечилсе эле бул көйгөйлөрдүн баары чечилет деп жатышат. Мен чек ара аныкталган күндө да бул көйгөйлөр кала берет деп айтар элем. Себеби ошол эле Сохтун ичинде Бөжөй жана Апкан деген анклавдарыбыз бар. Алар тоо тарабынан гана Кыргызстан менен чектешет. Ал эми Тажикстанды алсак деле, бул жакта Ак-Сай айылы да тоолуу анклав болуп эсептелет. Ак-Сайга баруу үчүн биз сөзсүз Тажикстандын аймагы аркылуу өтөбүз. Ошондуктан бул жерде көп маселени мамлекетик деңгээлде да, жергиликтүү деңгээлде да өз ара келишүү аркылуу гана чечиш керек.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча эки тараптуу комиссиянын иши дээрлик үч жылдан бери үзгүлтүккө учурап келип, быйыл гана жанданды.

Кыргызстандын Өзбекстандын 1378 чакырым чек аранын 320 чакырымы толук тактала элек. Ал эми 971 чакырымга барабар кыргыз-тажик чек арасынын 471 чакырымы талаштуу бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG