Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Чек ара: кимди ким атты?


Өзбекстан Кыргызстандагы былтыркы апрель окуясынан кийин чек арасын бир тараптуу жаап койгон. Сүрөттө: Оштогу "Достук" чек ара бекети.
Өзбекстан Кыргызстандагы былтыркы апрель окуясынан кийин чек арасын бир тараптуу жаап койгон. Сүрөттө: Оштогу "Достук" чек ара бекети.

Кыргыз тарап соңку эки ай ичинде кыргыз-өзбек чек арасында атылган ондон ашык адам Кыргызстандын жарандары эместигин тасыктады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматы өзбек чек арачылары атып салган адамдар Кыргызстандан Өзбекстанга товар ташыган өзбек жарандары экенин билдирди. Мунун алдында өзбек бийликтери акыркы эки айда Кыргызстандан Өзбекстанга кирүүнү каалаган 13 адам өзбек чек арачылары тарабынан атылганын ырастаган эле.


Чек араны ким чычкан мурду жөргөлөгүс жапты?


Адистердин айтымында, расмий Ташкент чек арасын бир тараптуу жаап салгандан бери бизнеси токтоп калган өзбек жарандары ушундай тобокел иштерге барууга аргасыз болууда.

Чек ара кызматынын колбашчысы Закир Тиленов кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп баратканда ок жеген адамдарды Кыргызстандын жарандары эмес экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыркы айларда өзбек чек арачылары кыргыз жаранын аткан бир эле окуя катталган:

- Ал атып өлтүрүлдү деген адамдар өздөрүнүн жарандары. Акыркы жолу биздин жаранды аткан бир окуя Ноокенде болгон. Ал такталган. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасында ошондой окуялар болуп жатат. Чек араны бузуп, туура эмес өткөн адамдар кармалып атат. Нары жакка кирген биздин жарандар кармалып атат. Эгерде ошондой маалымат түшсө биз өзбек чек арачылары менен сүйлөшүп, бири-бирибизге эскертип, жарандарыбызды кайтарып алып жатабыз. Алардын жарандарын тиешелүү процедуралардан өткөрүп туруп берип жатабыз. Чек арада контрабанда менен кармалган жарандар болуп жатат.

Маалыматка караганда, өзбек чек арачылары өздөрүнүн жарандарын Кыргызстандын Баткен облусунун Өзбекстандын Фергана району менен чектешкен аймактарынын өтүп бараткан жеринен атышкан.

Баткендин Кадамжай районундагы Халмиён айылынын тургуну Садыкжан Мизамовдун айтымында, өзбекстандыктар аталган айылдагы базарга келип соода-сатык кылышчу экен. Соңку күндөрү өзбек бийлиги чек арасын жылчык калтырбай бүтөп жатыптыр:

- Өзбекстан жолун тосуп, өзүнүн элин өткөрбөй жатат. Чек араларына зым тартып жатат. Базар илгеркидей эмес. Контрабанда товар ташыгандарды тосуп, 15-20 күн, бир айга жакын убактан бери чек араларын бекемдеп жатат, чек арада жашагандардын үйлөрүн бузуп көчүрүп кетип атат. Мурун эки өлкөнү байланыштырган коридорлор бар эле. Аларды да тосуп ташташты.

Халмиёндун участкалык милициясы Нурбек Полотов өзбек жарандары тонналап деле товар ташыбай турганын кеп салып берди:

- Өтө деле көп товар ташышпайт. Беш-алты түйүнчөк кылып алып кетишет. Чек араларынан эптеп өтүп келип-кетишет. Булар үчүн өтүүчү жай жок. Чек ара ачык убакта өзбектер жамырап эле жүрүшкөн. Өздөрү чек араны жаап салгандан кийин өздөрүнүн эле жарандарына кыйын болду.


Ортодо жөн-жай соодагер уттурууда


Чек ара жабыла электе Жалал-Абаддын Сузак району менен чектешкен өзбек айылдарынан кыргыз айылдарына өтүп келип соода-сатык кылып кетишчү экен. Сузактын Кара-Дарыя айылынын милиция башчысы Салимбек Матмусаев азыр андайлар тумалак тыйылганын айтты:

- Өзбекстандан беш-алты кемпир өтүп келип көк-мөк чөп алып келип базарга сатышчу эле. Тополоңдон кийин, өзбектер чек арасын жапкандан бери алар да келбей калган. Биз жакка ошондон бери соода кылууга эч ким өтпөйт. Чек араны казып салышкан. Мурун үч метр болчу, азыр андан да чуңкур кылып казып ташташты.

Ош шаарындагы "Антикризис" коомдук фонддун төрагасы Эркин Абдразаков “Азаттыкка” курган маегинде Өзбекстан чек арасын жаап алгандан бери эки өлкөнүн жарандары бирдей кыйналып жатканын кеп кылган болчу:

- Күйүүчү майларды, эрте бышуучу жер-жемиштерди, өзгөчө минералдык жер семирткичтерди Өзбекстандан алчубуз. Ушуларды алып өтүү дээрлик токтоп калды. Анын айынан дыйкандар өтө кыйналып турган мезгили. Чынын айтканда, Өзбекстандын калкы деле абдан кыйналып жатат. Мурда алар Кыргызстандын базарында көбүрөөк тиричилик кылып кетишчү. Кыргызстандан Кытайдын товарларын алып кетип, Ташкентке же Самаркандга алып барып сатышчу.

Өзбекстан былтыркы апрель окуяларынан кийин Кыргызстан менен чек арасын өз тарабынан жаап салган. Бир жагынан коопсуздук чараларына шылтоо кылганы менен, айрым маалыматка караганда, өзбек президентинин жакындары Кытайдан товарды өздөрү ташууга кызыкдар болгондуктан, Кыргызстан менен чек ара соодасына бөгөт коюуда. Маселен, президент Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова Кытайдан товар ташыган ири ишкананын бирин жетектей турганы айтылып келет.

XS
SM
MD
LG