Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Чек ара: саясатчылар жабат, калк азап тартат


Кара-Суудагы “Достук” чек ара өткөрмө пункту
Кара-Суудагы “Достук” чек ара өткөрмө пункту

“Фергана өрөөнүндөгү чек арасыз юристтер” коомдук уюму чек арадан ары-бери каттоодо жаңжалдар күч алып баратканын эскертүүдө.

Ош дубаны менен Өзбекстан чектешкен тилкелерде жыл башынан бери 36 чыр катталган. Уюмдун өкүлдөрү мунун себебин жарандардын чек ара тууралуу укуктук-мыйзамдык түшүнүгүнүн жоктугу менен байланыштырууда. Ага карабай мыйзамсыз жолдор менен чек арадан өткөндөр саны арбын.

“Фергана өрөөнүндөгү чек арасыз юристтер” коомдук уюмунун өкүлү Азизбек Ашуровдун айтымында, жыл башынан бери эле Ош дубаны менен Өзбекстан чектешкен тилкелерде 36 чыр катталган. “Мунун баары тургундардын чек арадан мыйзамсыз өтүү аракеттерине байланыштуу” дейт ал:

- Өзбекстан чек араны жаап салганы үчүн мыйзамсыз түрдө, көрсөтүлбөгөн жерден өтүү көбөйүп кетти. Анын айынан чыр чатактар да көбөйөт. Бул жерде тургундар менен чек ара кызматкерлеринин, же ошол жердеги тартип коргоо кызматкерлеринин чатакташуусу көп болот. 36 фактынын жарымынан көбү биздин жарандар менен Өзбекстандын бажы кызматкерлеринин ортосунда болгон.

Азизбек Ашуров
Маселе келип-келип жарандардын укуктук-мыйзамдык билимине такалат. Азизбек Ашуровдун белгилешинче, кээ бир тургундар чек арадан өтүү үчүн эң жөнөкөй болгон документтерди толтурууну билишпейт:

- Маалымат алганга ресурс жок. Чек арага жакын жерде жашаган жаран чек араны мыйзамдуу түрдө кесип өтөйүн десе, кантип өтүүнү билбейт. Же аларга эч ким үйрөтпөйт. Айыл өкмөткө барат, ал жерде атайын юристтер жок. Чек ара кызматына барат, алар жардам бере албайт. Чынын айтыш керек, Кыргызстандын чек ара кызматы азыр жарандарга жардам берүү абалында эмес. Саны да аз, мүмкүнчүлүгү да жок.

Учурда Өзбекстанга кирип чыгуу үчүн ал жактан сөзсүз чакыруу келиши керек. Бирок ага карабай өткөрбөй койгон фактылар көп. Кара-Суудагы “Достук” чек ара өткөрмө пунктунда отурган Давлатхан Мамажанованы кепке тартканыбызда, кичинекей айырмадан улам аны Өзбекстанга киргизбей коюшканын айтып берди:

- Кыргызстанга рахмат, мени бир сыйра карап эле өткөрүп жиберди. Өзбекстандын чек арачылары өткөрбөй койду. Чакыруу десе, чакыруу кагазы деле бар. Болгону менин фамилиям Мамажанова, чакырган сиңдимдин фамилиясы Абдрахманова болгон үчүн эле ошентип коюшту. Чакырган киши менен тууган болбойт имишмин. Мен бул жакка турмушка чыкканыма 40 жыл болсо, анан аты-жөнүбүз окшош болуп жүрө бермек беле? Ал жакта ооруп жаткан баламды, неберелеримди, келинимди көрүп келейин дебедим беле. Эми кандай кылам?

“Достук” бажы постунда кезекте тургандардын дагы бири Жумакан Тезекбаева чек аранын жабыктыгы карапайым тургундарды эле азапка салып жатканына токтолду:

- Жөнөкөй адамдар эле өтөт да чек ара постторунан. Террорчулар, же бир жамандык кылгысы келген кишилер башка өтө турган жерлери бар. Анан чек аранын жабыктыгы карапайым адамдарга эле оорчулук жаратып атат. Чек аранын жабылышынан эки тарап тең эле пайда таппаса керек. Бийликтер Өзбекстандын бийлиги менен байланышып эртерээк чечпесе, элдин нааразылыгы күчөп атат.

Жумакан Тезекбаева өзү да коңшу өлкөдө турган туугандары менен бир жылдан бери байланыша албай калган:

- Өзбек-кыргыз эзелтен бери эле тууган урук болуп келатат. Биринин кызы, экинчисинин абасы, биринин тагасы Өзбекстанда, ал жактагылардын да биз жакта туугандары бар. Мен да өкүл балабызга бара албай жатам. Ушунун баары кимге керек эле?
Өзбекстан чек араны жаап салганы үчүн мыйзамсыз түрдө, көрсөтүлбөгөн жерден өтүү көбөйүп кетти. Анын айынан чыр чатактар да көбөйөт.

Ал эми Кыргызстанда окуп жаткан Азамат Кожоев чек араны мыйзамсыз кесип өтүү айласыздын иши экенин айтууда. “Окууга келүү үчүн студентер Өзбекстандын чек арачыларына тамак-ашын берип болсо да өтүп келишет” дейт ал:

- Өзүм Ошто окуйм. Өзбекстандын Кадамжай менен чектеш болгон Рыштан-Туман айылында жашайм. Чынында чек арадан өтүү бизге аябай кыйын. Өткөрбөй деле коюшат. Айылдан бери келип, жашырынып өтүүгө туура келет. Эгер жоокерлерге кармалып калсаң акчаңды, тамак-ашыңды алып коюшат.

Ош жана Жалал-Абаддагы былтыркы кандуу окуялардан кийин коңшу өлкөлөргө болгон чек ара тилкелеринин жабылышы аймактарда экономикалык чоң жоготууларга алып келип жатканын адистер байма-бай айтып келишет. Карым-катыш жоктугунан Орто Азиядагы ири базарлардын бири Кара-Суу базарында соода солгундап, миңдеген адамдар жумушсуз калгандыгы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG