Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Табалдиев: Кырдаалды курчутуучу жагдайлар жок эмес


Президенттик аппараттын коопсуздук жана коргоо бөлүмүнүн башчысы, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев шайлоо алдындагы өлкөдөгү кырдаал боюнча “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кечээ жакында Коргоо кеңешинин жыйыны болду. Ал жерде президент кырдаалды татаал деп баалады. Бул сөз эмнеге негизделип айтылды? Сиз өзүңүз кырдаалды кандай баалайсыз?

Бусурманкул Табалдиев: Республикадагы коомдук-саясий кырдаал туруктуу десек жаңылбайбыз. Бирок шайлоо жакындаган сайын, өзгөчө шайлоо өнөктүгү активдүү фазасына киргенден кийин шайлоо учурунда, шайлоо бүткөндөн кийин жыйынтыгын чыгаруу учурунда кооптуу абалдар түзүлүшү мүмкүн деп турабыз.

Эмне себептен? Мисалы, жалпы абал туруктуу деп айткан менен элдин арасында кооптонуу байкалат. Ал регионализм маселесинен келип чыгууда. Ошол эле административдик ресурс пайдаланылат. Ал пайдаланылса, абалды оорлотуп жибербейби деген чочулоо бар. Себеби талапкерлердин командалары административдик ресурстун колдонулушуна нааразы болуп, жүрүштөрдү уюштуруп, тартип бузган иштерге барбайбы деген кооптонуу пайда болууда.

Үчүнчүдөн, жалпы эле республикабыздын айланасындагы мамлекеттердин, өзгөчө Ооганстандагы саясий абалды ала турган болсок, ал жактарда да кооптуу учурлар бар. Ошондуктан сырт жактан да биздин чоң өнөктүккө терс таасирин тийгизе турган факторлор болуп калышы мүмкүн деп ойлойбуз.

Азаттык”: Сырт жактан Жаныш Бакиев кирип келиптир деген сөздөр чыкты эле. Ал аныкталдыбы?

Табалдиев: Массалык маалымат каражаттарында ошондой кабар чыгып калды. "Жаныш Бакиев 300 адам менен чек арадан өтүп келиптир" деген сөздөр болду. Биз ал маалыматты дыкат текшердик. Текшерип эле калбастан, ал маалымат чын болуп калса, кандай аракет кылууну да тактадык. Ал үчүн күч структураларын өзгөчө абалга келтирдик. Бирок ал маалымат такталган жок.

“Азаттык”: Азыркы мезгилде Жаныш Бакиевдин кайда жүргөнү белгилүүбү?

Табалдиев: Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттарында "келип-кетип жатат, Тажикстанда жүрөт экен" деген ар кандай маалыматтар бар. Бирок атайын кызматтар "дал мына бул жерде жүрөт" деген маалымат бере элек. Бирок издөө иштери уланып жатат.

“Азаттык”: Биздин парламенттик системага каршы сырткы күчтөр да аракет көрүшү мүмкүн деп айтылды. Андан кийин сиз Жаныш Бакиевди сырткы күч катары сыпаттадыңыз. Ошол кишиде ошончолук күч барбы? Же биз бул жерде саясат кылып жатабызбы?

Табалдиев: Тышкы күчтөр, ички күчтөр шайлоо өнөктүгүнө залалын тийгизет деген сөз болуп жатат. Мен сырткы күчтөр деп негизинен азыркы Кыргызстандан качып кеткен реваншисттик күчтөрдү айткам. Алардын көпчүлүгүнө кылмыш иши козголгон. Качып жүргөн жерлеринен ар кандай ушактарды жайылтып жатышат. Алардын максаты - өлкөнү дестабилдештирүү. Ошол үчүн андайга алып келе турган суук сөздөрдү таратканга аракет кылышууда.

“Азаттык”: Айрым талапкерлер "элди чочулатуучу имиштерди бийлик өзү таратууда. Анткени чочулап турган элди башкаруу оңой деген саясат болууда" деп айтышууда. Буга кандай жооп бересиз?

Табалдиев: Албетте эл арасында ар кандай сөздөр жүрө берет экен. Мүмкүн атайын ушундай сөздөрдү чыгарып жатышат. Бирок бүгүнкү бийликтин, өзгөчө президентибиз Роза Отунбаеванын негизги максаты шайлоо өнөктүгүн чыр-чатагы жок, ачык-айкын, таза, демократиялык принциптерди бузбай, укуктук талаада өткөрүүгө багытталган көп иш-чараларды жүргүзүп жатабыз.

Атайын элди козутуп, коркутуп, элди ошондой абалга алып келип, анан шайлоого барабыз деген ой бизде жок. Ал жөн эле ушактар болсо керек.

“Азаттык”: Чек араны коргоо үчүн чек арачылардын саны 500 кишиге көбөйтүлгөн. Ошого карабай көп жерлер ачык экени айтылууда. Азыркы кезде мүмкүн сырттан келүүчү күчтөргө каршы даярдыктар барбы?

Табалдиев: Туура айтасыз, чек арачылардын санын 500гө көбөйткөнбүз. Алардын баары түштүк регионго берилген. Анткени түштүк региону, түштүк чек араларыбыз кооптуу. Ошол жакта чек араны бекемдөө үчүн, ашуулардан келе турган жолдорго бөгөт коюу үчүн аскердик бөлүктөр да кошумча жөнөтүлүп, чек араны катуу күзөткө алдык. Бүгүнкү күнгө чейин түштүк региондогу кооптуу чек ара аймактарын катуу көзөмөлгө алып турабыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG