Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:41

Шайлоо: коопсуздук көзөмөлдөбү?


Бишкектин жанында өткөн ЖККУнун аскерий машыгуулары. 21-сентябрь 2011-жыл.
Бишкектин жанында өткөн ЖККУнун аскерий машыгуулары. 21-сентябрь 2011-жыл.

Президенттик шайлоо учурунда өлкөнүн ичинде да, тышында да мамлекетке коркунуч жаратчу күчтөр болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Президенттик шайлоо алдында Кыргызстанда Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмунун атайын аскерий окуулары өттү. Ал аралыкта укук коргоо уюмдары парламентке кайрылып, шайлоо учурундагы өлкөдөгү коопсуздукту көзмөлдөөгө чакырууда.

Шайлоону утурлаган машыгуулар

19-22-сентябрда Бишкектин түштүгүндөгү Коргоо министрлигинин Ала-Тоо аскер борборунда Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмунун аскерий машыгуулары болду. Анда мыйзамсыз куралдуу топторду тезинен жок кылууга каршы аталган уюмдун жоокерлери биргелешип аракеттенген окууларды өткөрдү.

Бул машыгууларга Кыргызстан тараптан жетекчилик кылган полковник Мелис Сатыбалдиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Машыгуудагы окуялар экстремисттерге жана террористтерге каршы туруу болду. Эң негизги максат - ЖККУга кирген ар бир өлкөдө аскерлердин күжүрмөн даярдыкта болуусу. ЖККУга Кыргызстан да киргендиктен Москвадан алдын-ала пландалган иш боюнча өз даярдыгыбызды көрсөттүк.

“Антитеррор” бирикмесинин жетекчиси, эксперт Артур Медетбеков бул машыгуулардын өтүп жатышын Ооганстан аймагындагы тынч эмес кырдаал менен байланыштырат. Медетбеков Борбор Азия өлкөлөрү террордук күчтөрдүн бутасы экендиги боюнча маалыматтар арбын болгонун белгиледи.

- Террорчул күчтөр Тажикстандын чек арасына чейин жакын келип жатат. Булар жакында чоң коркунуч туудурат деген абдан көп маалыматтарды Орусиянын эксперттери айтып келүүдө. Бул боюнча ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа да, андан тышкары АКШ мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейктин да айтканы бар.

"Ичтен да, тыштан да коркунучтар бар"

Анткен менен бул машыгуулардын Кыргызстандагы президенттик шайлоого утурлай өткөрүлүп жаткандыгын өлкөдөгү коопсуздук менен байлап жаткандар бар. Байкоочулар шайлоо маалында Кыргызстанга ичтен да, тыштан да коркунучтар жараларын белгилешүүдө.

Аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев "былтыркы жылы өлкөдөн чыга качкан бакиевчил күчтөр шайлоого таасир этип, коопсуздукка коркунуч туудурат" деген ойдо.

- Мына ошондой күчтөр реваншка келип, шайлоодо араздашкан топторду, партияларды, аймактарды, башка да бири-бирине каршы болгондорду пайдаланып, жакындарын, санаалаштарын бийликке алып келүүгө аракет кылат.

Ал аралыкта адам укугун коргоо уюмдары парламентке кайрылып, президенттик шайлоо учурундагы коопсуздукту парламенттик көзөмөлгө алуу талабын коюшууда.

Талдоочу Токтогул Какчекеев өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан күчтөр Кыргызстандын ичинде да боло тургандыгын белгиледи:

- Анткени жыйырма жылда болгон окуялардын баары тең бул шайлоодо кайталанат. Бизде “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” деген мандем бар.

Өткөн жылдын сабактары

Өткөн жылы орун алган коогалуу Ош окуяларын бакиевчил күчтөр уюштургандыгын кыргыз бийлиги бир нече ирет айтып чыккан. Ал окуяларда Жамааттык Коопсуздук Кеңеши уюмунун аскерлери Кыргызстандын аскерий жардам сураганына карабай, аны берүүдөн сак-сактап, карап турушкан эле. Анын айынан катуу сындарга кабылып, Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмунун күтүлбөгөн кырдаалдарда аракеттене албаган чабалдыгы белгиленген.

Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов ошондон кийин уюмдун уставына өзгөртүүлөрдү киргизип, күтүүсүз кырдаалдарда жардам берүү боюнча талкуулар болгондугун айтат. Бирок бирдиктүү чечимдер кабыл алына электигин белгиледи.

- Менин оюмча ошондой өзгөрүүлөр болушу керек. Анткени ЖККУга кирген мамлекеттердин ичинде чоң масштабдагы улут аралык, дин аралык кагылышуулар боло турган болсо, биргелешип андай кагылышууларды токтотконго аракет болгондой мүмкүнчүлүк болуш керек.

22-сентябрда Улуттук коопсуздук кызматы да саясий партияларды, жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын шайлоону тынч жана таза өткөрүүгө чакырып, билдирүү таратты. Билдирүүдө бул сыяктуу жалпы аракет гана өлкөнүн коопсуздугун камсыздай ала турганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG