Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

Лейлекте чек арачылар менен калк тирешти


Кыргыз-тажик чегиндеги соода борбору, Лейлек району, Баткен облусу.
Кыргыз-тажик чегиндеги соода борбору, Лейлек району, Баткен облусу.

Баткендин Кулунду айылындагы чек арачылар менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы окуя териштирилүүдө.

Кулунду - Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш айыл. Ырасмий маалыматтар боюнча, 15-февралда чек арадан жашыруун кара май алып өтөм деген 30га жакын киши Кулунду тозотундагы чек арачыларды коркутууга аракет кылышкан. Аларды токтотуу үчүн алгач эки жолу асманга ок атылган. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, окуяга байланыштуу ал жерге кошумча күч жөнөтүлдү.

Бүгүнкү күндө Кулунду айылында кырдаал тынч экенин айыл өкмөтүнүн орун басары Адыл Каландаров “Азаттыкка” билдирди. Ал эми Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саитжан Эратов жергиликтүү тургундар күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган деген маалыматты тастыктады.

- Бүгүнкү күндө чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Азыр күйүүчү май, же жер семирткичтер Тажикстанга чыкпай жатат. Ок элге карап атылган жок, асманга атылды. Эгер ким мыйзамды бузса чаралар көрүлөт.

Жергиликтүү тургундар кээ бир учурда акыбалды чек арачылар өздөрү курчутушарын, беткап кийип алып, жөнү жок текшерүүлөр да болуп жатканын айтууда.

Кулунду айылынын тургуну Улук Айтбаев алар 15-февралда Тажикстандын Селкен айылына тажыяга бара жатканын айтат:

- Түшкү саат 12ге Селкен айылына куран окутканга чакырган эле. Унаадан түшө калсак эле асманга атып жиберди. Беткапчан экен, башкалары келип машинаны курчап калды. Биз батага кетип атабыз, андай кылбагыла десек бут жакка дагы атып жиберди. Бирөөгө тийип кетсе эмне болот? Биз Тажикстанга күндө эле кирип-чыгып, тирилигибиз ушул жак менен. Биз дыйканчылык кылабыз, эгин-тегиндерди, помидорубузду ошол жакка сатабыз. Ал жакта туугандарыбыз, досторубуз бар, кирип-чыгыбыз да анан. Андай болсо биз жакка дагы завод ачып берсин бийлик, биз Тажакстанга кирбей эле койолу. Тажикстандын чек арачылары мындай мамиле кылбайт керек болсо.

Лейлек чек ара отрядынын зардалы Уларбек Шаршеев жогоруда айтылгандарды четке кагууда. Анын айтымында, айылдын тургундары Тажикстанга күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгуу тууралуу чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүүгө аракет жасаган. Чек арачылар алардын сунушунан баш тарткан соң жыйырмадан ашык адам келип, тосмодон чек арачыны көздөй багыт алган.

- Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери текшергенде үч эле ок атылганы аныкталды. Азыр бул боюнча дагы иликтөө иштери жүрүр жатат. 11 машина менен 30га жакын бала келип түшүп, чек ара бекетине чейин басып келген деп айтып атышат. Май аткезчилиги менен иштеген балдар келип "ушунча акча бергиле, өткөрүп койгула" деп сүйлөшкөнү чын.

Анткен менен окуяга күбө болгон Улук Айтбаев май ташууга тишеси жоктугун жана тишелүү органдардардын окуяны жакшылап иликтешин суранып жатат.

- Күчөтүлгөн режим киргизип, артык кылабыз деп тыртык кылып атышат. Ал эми чек ара жетекчилери бизди май аткезчилиги менен иштегендер деп айтып жатышыптыр. Кулундунун элин мокочо кылып көрсөтүшүүдө.

Соңку кезде Баткендин кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарында мындай чыр-чатактар көп катталууда. Буга чейин кошуна эки элдин ортосунда жер-суу талаштарына байланыштуу чыр-чатактар чыгып келсе, эми кыргыз чек арачылары менен жергиликтүү тургундар ортосунда келишпестиктер чыга баштады. айталы, бир жума мурда эле кошуна өлкөгө мыйзамсыз көмүр тартып бараткан Тажикстандын автоунаасын коштоп жүргөн Баткендин бир тургуну чек арачынын буйругуна баш ийбей, жоокердин колундагы куралын тартып алып, ыкчам топту баштап келген чек арачыны атып салган.

Серепчилер мындай окуялардын чыгуу себептеринин бири катары социалдык-экономикалык абалды белгилешсе, экинчиден, бийликтин жаштарга көңүл бурбай, жумушсуздуктун күч алышын айтууда.

Баткендеги “Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук фондунун өкүлү Базарабай Маасеийтов бийликке эл менен көбүрөк иш алып баруу сунушун айтып жатат.

- Кыргыз бийлиги эл менен көбүрөөк иш алып барыш керек. Элдин арасында көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жургүзүү зарыл. Эң биринчиден, социалдык-экономикалык абалды жакшыртыш керек, ошого басым жасаш керек. Жергиликтүү тургундар күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган чоң адамдар кармалбай жатканына нааразы. Кээ бир 1-2 тонна ташыган адамдар эле чек арачыларга кармалып калып жатат. Чындыгында мамлекет жаштарга жардам көрөтпөй жатат, жумуш жок. Мигрант болуп кетип жатышат. Ошол себептүү мыйзамсыз болсо да ташыганга мажбур болушат.

Кулундудагы бул окуянын чоо-жайын азыр тиешелүү тараптар териштирүүдө.

XS
SM
MD
LG