Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Чек ара: жаңжалдан кийинки жагдай


Чек арадагы чыр чыккан жер. Лейлектин Максат айылы, 26-август, 2014.
Чек арадагы чыр чыккан жер. Лейлектин Максат айылы, 26-август, 2014.

Эки адамдын өмүрүн алган бир күн мурдагы ок атышуудан кийин Баткендеги чек аранын эки тарабында тең абал тынч, бирок кырдаал күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдө. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда.

КЫРГЫЗ ТАРАПТА....

Чек аранын кыргыз тарабы - Лейлектин Кулунду айыл аймагында кырдаал негизинен тынч. Аймакка барган кабарчыбыз Жеңиш Айдаров чек арада күч кызматтарынын өкүлдөрүнөн, аскерлерден башка топтолгон кишилер көрүнбөгөнүн кабарлады. Чек арадагы Максат айылында болсо карылуу эркектер гана калып, аялдар менен жаш балдар башка айылдардагы туугандарыныкына чыгарылып кеткен. Бирок бүгүн эртең менен Максат айылындагы мектептин директору Салибай Арзыбаев тажик жарандарынын ур-токмогуна кабылган. Ал Кулунду айылынан Максатка Тажикстандын Овчу-Калача айылы аркылуу өтүп бараткан. Азыр ал Кулундудагы ооруканада жатат, абалы орто.

Лейлектеги соңку кырдаалды аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров "Азаттыктын" кечки берүүсүндө мындайча сүрөттөдү:

Лейлектеги абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00
Түз линк

Чек арадагы айылдар жаңжалдан кийин, 26-август.

ТАЖИК ТАРАПТА...

Чек аранын тажик тарабы - Согду облусунун Овчу-Калача айылында болсо бүгүн кечээки жаңжалда жайраган 25 жаштагы Нумонжан Набиевди акыркы сапарга узатышты. Аймактагы чек ара бөлүгүнүн командири Азамат Азимовдун сөөгү Тажикстандын башка облусундагы өзүнүн кичи мекенине жөнөтүлдү. Ага да кечээки атышта ок жаңылган эле. Мындан сырткары жаракат алган төрт тажик жараны азыр Бобожон Гофур райондук ооруканасында дарыланууда. Биринин абалы оор.

"Азаттыктын" тажик кызматынын Согдудагы кабарчысы Масум Мухаммадражап буларды айтат:

Калача бир тургунун акыркы сапарга узатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:32 0:00
Түз линк

Кабарчы айылдагы абал тынч экенин да кошумчалады:

Овчу-Калачадагы абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:31 0:00
Түз линк

25-августта кечке жуук кыргыз-тажик чек арасындагы бул аймакта эки тараптын чек арачылары атыша кеткен. Кыргызстандын Чек ара кызматы чатак аныктала элек участокто коңшу өлкө аскерлери 800-900 метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет жасаган учурда чыкканын билдирүүдө.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы окуя боюнча бүгүн билдирүү таратты. Анда “кыргыз тараптын киши өлүмүнө алып келген аракеттерине чечкиндүү нааразылык” билдирилет. Буга чейин жетишилген макулдашууларды бузууну жана маселени күч менен чечүү аракетин кабыл алууга болбойт деп эсептейбиз, - делинет документте.

Министрлик өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү утурлай бул өңдүү провокациялар көбөйгөнүн, алар эки тараптуу кызматташтыкка терс таасир тийгизерин белгилеп, болочокто ушундай кырдаал түзүлсө, Тажикстан өз жарандарын жана аймагын бар каражаттар менен коргоорун эскертет. Буга байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын тышкы мекемесине нота жөнөттү.

Анын алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да Лейлектеги окуя боюнча Тажикстанга нота жолдоп, расмий Дүйшөмбүнү эл аралык укуктун норма, принциптерин так сактоого чакырган.

Жолдонгон нотанын мазмуну тууралуу тышкя саясат мекемесинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков буларды билдирди:

- Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууларга байланыштуу терең тынчсыздануусу билдирилип, тажик тарапты эл аралык укуктун норма, принциптерин так сактоого чакырдык. Мындан тышкары тез аранын ичинде биргелешкен иликтөө иштерин жүргүзүп, окуяга айыптууларды жоопко тартуу жана эки тараптын буга чейинки жетишилген макулдашууларына каршы келген Тажикстандын аскер кызматкерлеринин кыймыл-аракетине түшүндүрмө берүү сунушталды.

Лейлектеги чек ара чатагына удаа эки өлкөнүн өкүлдөрү Бишкекте жана Баткенде жолугушууларды өткөрүүдө. Бирок анын жыйынтыктары азырынча белгисиз.

МАЙНАПСЫЗ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР

Өкмөттүк деңгээлдеги Бишкек жолугушуусу чек ара маселелерин тактоо максатында мурда эле пландалган. Ага тажик делегациясын вице-премьер-министр Муродали Алимардон жетектеп келди. Эки күнгө созулчу сүйлөшүүдө чек араны делимитациялоону активдештирүү, Ак-Сай - Тамдык - Көк-Таш - Кишемиш жолун жана Максат - Кулунду көпүрөсүн куруу маселеси талкууланаары айтылган.

Бирок Лейлектеги окуяга байланыштуу сүйлөшүү күн тартибине өзгөртүү киргизилгенин кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди:

-Учурда сүйлөшүү жүрүп жатат. Анда негизги маселе катары кечээги окуя каралууда. Бул боюнча эки өлкөнүн күч органдарынын башчылары да катышууда. Андан башка мурдатан күн тартипке киргизилген маселелер каралып жатат.

Искандаров кошумчалагандай, сүйлөшүү эртең, 27-августта да уланат. Анын жыйынтыгы менен атайын протоколго кол коюлаары күтүлүүдө.

Ал эми Лейлекте өтүп жаткан жолугушууга эки тараптын чек ара кызматынын, ички иштер башкармалыктарынын өкүлдөрү катышууда. Алар окуяны иликтөөнүн жол-жобосун талкуулашты.

Азырынча бул сүйлөшүүдө кандай жыйынтыктар менен аяктаары белгисиз.

Эки өлкөнүн чек араны тактоо боюнча комиссиялары ай сайын жолугушуп келишет. Бирок бул жолугушуулардан майнап чыкпай, чек арадагы чырдын аягы тыйылбай келет.

Бул жаатта кыргыз-тажик мамилелерин иликтеп келген Prudent solutions аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев өкмөттүк комиссиялар маселени чечүүгө жөндөмсүз деген пикирде. Анын себептерин эксперт төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бул жерде мунун бир нече себеби бар. Алардын бири - чек араны тактоодо эки тарап тең таанып, туура деп эсептеген бирдиктүү картанын жоктугу. Ошондуктан өкмөттүк комиссия сүйлөшүүсүнөн майнап чыкпай, бүгүн бирди кабыл алса, эртең ал өзгөрүп кетип иш ордунан жылбай атат. Буга кошумча, өлкөнүн ичинде бул маселелерди чечүү үчүн бирдиктүү позиция барбы деген суроо туулат. Чек араны тактайбыз деген өкмөттүк өкүлдөр ортосунда да бирдиктүү позиция жоктой сезилет. Мындан сырткары бул жараянга өкмөттөн башка эки өлкө президенттеринин эрки жана бул маселе боюнча сүйлөшүү өткөрүү үчүн жылуу мамилеси болушу зарыл. Бирок бул жерде өлкөнүн ички саясий абалы да таасирин тийгизет.

Мындан улам эксперт ар кыл чатактарды болтурбай, чек ара маселесин чечүүгө эки өлкө президенттери батыл киришиши зарыл экенин кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасында соңку бир жылдан бери чыңалган абал сакталып, чыр-чатактар көбөйдү. Буга чейин мындай чатактар негизинен Баткен жана Исфара райондорунун ортосундагы чек ара аймактарында болуп келген. Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүмүнөн кабарлашынча, акыркы алты ай ичинде эле кыргыз-тажик чек арасында 28 чыр-чатак катталган. Ага негизинен чек ара такталып бүтө электиги, жер-суу талаштары себеп болуп келет.

XS
SM
MD
LG