Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Беш баласынан үй талашкан ата


Зоя Мамытова менен ажырашкан күйөөсү талашкан үй. Кара-Буура, Талас
Зоя Мамытова менен ажырашкан күйөөсү талашкан үй. Кара-Буура, Талас

Таластын Кара-Буура районунун тургуну Зоя Мамытова беш баласы менен талаада калмай болгонун айтып, «Азаттыкка» кайрылды.

Кырк жаштагы келин мындан үч жыл мурун күйөөсү менен ажырашып, жолдошунун наамына катталган сарайда баш калкалап жаткан. Бирок 2017-жылга чейин ижарага алынган жер тилкесинин мөөнөтү аяктары менен күйөөсү "үйдөн чык" деп кубалап жатканын айтууда.

Эркебай Ботоев менен Зоя Мамытова 16 жыл бирге түтүн булаткан экен. Кезинде жаш үй-бүлө айыл четиндеги бир гектардан ашуун жерди көрктөндүрүү максатында 17 жылга ижарага алып, жанына сарай салып, мал-кели менен баш калкалай баштайт. Беш балалуу болгон соң күйөөсү себебин айтпастан эле башка аял алып алган.

- Балдарым менен таштап кетти. «Ажырашам» деп сотко өзү берди. Сот мени пайдама 100 кой, эки тонна төө буурчак, бир тай бөлдү. Бирок аны жолдошум берген жок. Балдарга алимент да төлөбөйт. Эми бул жерден чык деп жатат. Каякка бармак элем? Оштун Мырзаке айылынын кызы болом. Балдар менен төркүнгө деле батпайсың да.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Ал эми Эркебай Ботоев ага коюлган кинени четке какты. Ажырашкандан кийин бөлүнгөн мүлктү төлөөгө болсо кудуретим жетпейт деген Кара-Бууранын тургуну балдарга чегерилген алиментти убагында төлөп турарын кошумчалады.

- Алиментти ушул убакытка чейин төлөп келдим. Малым да жок. Жер тилкемди сатып төлөп жатам деп өткөндө сотко да айткам. Сарайдын жанындагы бакты бир туугандар менен тиккенбиз. Өкмөт мага ичиң ачышпай турган нерсени гана курасың деген. Сарайга уруксат жок болгону менен убактылуу баш калкалай турайын деп салгам. Ушул убакытка чейин ижара акысын, салыкты төлөп келем.

Анткен менен Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Умарбеков Зоя Мамытова жашап жаткан жерге эч кандай ижара акысы төлөнбөй турганын мындайча түшүндүрдү.

- Көп балалуу болгондуктан биз Зоя Мамытованын жашап жаткан жери үчүн ижара акысын кыскартып бергенбиз. Төлөбөй эле кой деген элек. Күйөөсү менен мүлк талашып, эки-үч жылдан бери соттошуп келет.

Мүлктү бөлүштүрүү иши Кара-Буура райондук сотунун судьясы М. Боромбаевге жүктөлгөн. Бирок фемида өкүлү облустук сотко орун которуп кеткенин айткан райондун канцеляриясы анын ордуна ким келгенин айткан жок.

Учурда экинчи аялы менен жашап жаткан Эркебай Ботоев менен Зоя Мамытова бир айылда турат. Атын атагысы келбеген алардын айылдашы Ботоев тууралуу мындай деди:

- Эркебай менин бир тууган кайнимдин баласы. Балдарына эч кандай алимент төлөбөйт. Жылкылары көп. Бирок малын жакындарына каттатып койгон. Миллионго алган трактору бар. Сот отурумунда аны ижарага алып иштетем деп калп айтты. Ушуга ишенген соттор да кызык. Келдибеков менен Түлеевдин ишинен да өтүп кетти бул жагы. Зоя экинчи топтогу майып. Керилип кетмен чаба албайт. Эркек болгондон кийин балдарына акча берсин да. Кыш да келе жатат. Көмүр алышы керек.

Таласта аял укугу тепселенүүдө

Маселени аял укугун тепсөө деп сыпаттаган жергиликтүү бейөкмөт уюмунун мүчөсү Айжамал Мээрканова окуяны жөнгө салууда укук коргоо органдарынын чабалдыгын сынга алды. Ал кошумчалагандай, айыл жергесинде мындай окуялар көп эле катталат. Натыйжада аялдар гана жапа чегет.

Күйөөсү менен ажырашып кеткен аялдар көп учурда өзүнө тиешелүү мүлктү албай калган учурлар облуста арбын кездешет. Мунун айынан бала-чакасын төркүнгө таштап, иш издеп алыска кеткендер да жок эмес.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG