Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Таластагы туялар четинен куурай баштады


Таластагы туя.
Таластагы туя.

Таласта ар бири эки миң сомдон ашык бааланып Польшадан алынып келген, ийне жалбырактуу дарактын түрүнө кирген эки миң туя четинен куурай баштады. Ондон ашыгы буга чейин уурдалып да кеткен. Ушундан улам жергиликтүү активисттер шаарды жашылдандыруу иштерине жергиликтүү бийлик да, эл да кайдыгер мамиле кылып жатканын айтып чыгышты.

Жергиликтүү активист Айжамал Кубанычбекова Талас шаарына апрель айынын аягында Европадан алынып келген ийне жалбырактуу дарактын түрүнө кирген туялар тууралуу буларды айтты:

- Оторбаев көчөсүнө отургузулган туялардын ондон ашыгы куурап калганын бир жума мурун эле көргөм. Туяларды Таластын тургундары социалдык тармактарда аябай талкуулап жатышат. Мен алардын ар бирин сүрөткө да тартым алгам. Анан эле түштөн кийин баарын жулуп ыргытып, ордуна жаңысын отургуза коюшуптур…

Активист белгилегендей, Таластын Айтматов жана Оторбаев көчөлөрүнө отургузулган эки миң туянын ондон ашыгы куурап калды. Ал ар бири эки миң сомдон ашык баага сатылып келген жапыз бойлуу ийне жалбырактуу бак жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынан улам өспөй калганын айтты:

- Мэрия карашы керек болчу. Суу куйбай коюшкан. Кайдыгер мамиле кылышат. Куурап калган туяларды жулуп ыргытып, ордуна жаңысын тиге салышыптыр. Эми ушу кантип болсун?! Күзүндө да бак тикмек беле?!

Маалым болгондой, куурап калган 13 туянын ордуна 27-август күнү кечке жуук жаңы көчөттөр отургузулду. "Эми алар өсүп кетеби же кайра эле куурап калабы?" деген сурообузга аймакта 40 жылдан бери агроном болуп эмгектенген Эшболот Койчиев жооп берди:

- Бизде жазында отургузуш керек, күзүндө отургузуу керек деген түшүнүк бар да. Башка мамлекеттерде андай эмес. Алма болобу, башка болобу каалаган мезгилде отургуза беришет. Бул туялар чет жактан келген. Бирок булар технологияга өтө ылайыктуу кылып тигилген жок го деп турам. Кошумча азыктандырууга муктаж болот. Анткени бул алдыңкы технологияларды колдонуп өстүрүлгөн өсүмдүктөр. Бизде бир жыл ылайыкташат. Бир жылдан кийин да буларга аяр мамиле кылыш керек. Эң негизгиси - суу керек. Сугарылбай жатат. Анан зыянкеч оорулардан коргош керек.

Туяларга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын Талас шаардык мэриясына караштуу калкка коммуналдык кызмат көрсөткөн мекеменин жетекчиси Эркин Аскаров да моюнга алып, анын себебин мынтип чечмеледи:

- Бизде бир эле суу куя турган техникабыз бар. Азыр "Суу каналдын" техникасын алып, ошону менен да куюп атабыз. Анан өз убагында витамин берип туруш керек экен. Бирок бюджеттен витаминге акча каралган эмес. Азыр эми туяны алып келип берген бала демөөрчүлүк аркылуу витаминдерди алып келип берди.

Мындан тышкары, ушул жылдын май айында он бештей туя уурдалган жана аларды ким алганы эмгиче белгисиз. Эркин Аскаров шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча жергиликтүү эл кол кабыш кылуунун ордуна маданиятсыз мамиле кылып жатканын айтып нааразы болду:

- Бардыгын эле Талас шаарынын жергиликтүү бийлигине жүктөп койбой, эл да кол кабыш кылса жакшы болмок. Себеби туялардын 80 пайызы элдин короосунун алдында тигилип турат. Ошондуктан элден суранып кетет элем. Корооңордун алдындагы өсүмдүктү сугарып, көмөк көрсөтүп койсоңуздар.

Ар бири 2190 сомдон бааланып, жалпысынан 4,5 миллион сом каражат жумшалган эки миң туя Жерүйдүн акчасына тендердин негизинде Польшадан сатылып алынган. Анын 1880и Талас шаарындагы негизги эки көчөгө жаздын ортосунда отургузулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG