Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Тойго эмес, жардамга


Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы мектептин 2003-жылкы бүтүрүүчүлөрү быйыл 10 жылдык салтанатты белгилөөдөн баш тартышты. Анын ордуна чогулган каражат менен 6 балалуу жесир аялга там салышууда.

Демилгечи жаштар биз барганда төрт бөлмөлүү үйдүн пайдубалын куюп бүтүп, тамдын чатырын жапканга терек жыгып жатышыптыр. Алардын бири Рустам Алымкулов тамдын курулушу менен тааныштырды:

- Бул жер төркү бөлмө, бул жагы кичи конок үй, бул - кире бериш, бул - ашкана. Пайдубалга 5 машине таш, 5 машине кум кетти. Классташ балдар биригип, мал союп, жамааттын батасын алып, анан баштадык. Бул жумушту өз колубуз менен 5 күндө бүттүк. Кудай буйруса сентябрга чейин толук бүтүрүп, тасмасын кескени жатабыз.

Демилгечилердин бири Канат бул саамалык башкаларга үлгү болобу деп үмүт кылат. Азырынча тамга канча каражат кетээри белгисиз, ошентсе да бүтүрүүгө ынтызарбыз- деди Канат.

- Быйыл биздин мектепти бүткөнүбүзгө 10 жыл толот. Балдар кеңешип, элге жардам берүүнү чечтик. Бизден кийинкилерге да үлгү болсун дедик. Азыр үстүн жабууга жыгачтарын даярдап жатабыз.

Көчөнүн кадырлуу карыясы Бати Бекмуратова үйдүн кожоюну бул тегеректеги барктуу молдо болгонун, ал окуткан балдар минтип артында калган жесиринин "оорун колдон, жеңилин жерден" алып жатканына кубанууда.

- Анын эркек баласы жок, баары кыз. Бул балдар азамат экен, айланып кетейин, өздөрү демилге көтөрүп, там салып берип жатат. Мындай облус боюнча жок. Күндө бир маал келип, бата берип кетем. Эми кудай журтка тынчтык берсин. Элдин баары ушинтип жетим-жесирге караса, жашоо оңолот да. Анан эл бай болсо, мамлекетке күч келбей, ушинтип тирденип кетебиз.

Үй кожейкеси Гүлбара Курманалиеванын 6 кызы бар. Алардын үчөө турмушка чыккан, үч кызы мектепте окуйт. Алар чындап эле кененирээк тамга муктаж. Гүлбара айым жердештерине ыраазы:

- Мен буларга бекем ден соолук каалайм, бактылуу болушсун. Булар мени буйруса жаңы тамга киргизгени жатат.

Мындай күтүүсүз белекке ээ болгон айылдыктар жаштарга алкыштан башка сөз айта алышпайт. Буга чейинки классташтар 10-20 жылдыкты белгилегенде мектепке бир аз белек-бечкек тапшырып, эт менен ичимдикке тоюп алып, тарап кетишчү эле. Кыргызстан айылындагы жаштардын иши илгери, демилгеси башкаларга өрнөк болсун.

XS
SM
MD
LG