Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы 4 айыл өкмөт башчынын кызмат орундары сотто каралып, соттун чечимине азыркы бийликтин жактоочулары нааразы болду.
Апрель ыңкылабынан кийин жаңы бийлик тарабынан Бакай-Ата районуна караштуу Шаадыкан айыл өкмөт башчысына бекиген Каныбек Капановдун жактоочулары “облустук сот ишти бир тараптуу карады” деп, нааразылыгын билдиришти.
Жактоочулар 8-декабрда боло турган сот иши экинчи тараптын жактоочусунун келбей калганынан улам башка мөөнөткө жылганын соттордун мурдагы бийликтин өкүлдөрүнө шарт түзгөнү катары кабыл алышты. Бул ишти буга чейин караган Бакай-Ата райондук соту жана райондор аралык сот апрель ыңкылабынан кийин убактылуу бийлик тарабынан кабыл алынган декреттин 9-бөлүгүнө такап, мурдагы башчыларды кызмат ордунда калтыруу чечимин чыгарган.
Соттон сотко өткөн иштер
7-апрелден кийин Шадыкан айылынын башчысы болуп дайындалган Каныбек Капанов соттордун мындай чечимине нааразы болуп, мурдагы айыл өкмөт башчысы Муктар Сулайманкуловдун кайра кызмат ордуна келүү аракети менен элдин ынтымагын бузууда дейт.
- Бакай-Ата райондук сот да, Райондор аралык сот да бир тараптуу, бизди катыштырбастан тымызын өткөрүштү жана бул киши өз каалоосу менен мага батасын берип, кызмат ордун тапшырган. Эми кайра элди экиге бөлүп ушундай иш кылып жатат.
Соттун төрайымы Айганыш Маматбекова сот залында эки тарапка кайрылып, жүйөлүү себептер менен Муктар Сулайманкуловдун жактоочусу сотко келбегенин жана ал сотко бул тууралуу кат таштаганынан улам ишти кароону башка мөөнөткө жылдырып жатканын түшүндүрүп, алардын бул жерде күнөөлөрү жок экенин ортого салды.
- Биз деле силердей эле жөнөкөй адамдарбыз. Бардыгын калыс карап, мыйзамдын негизинде иш алып барабыз.
Апрель ыңкылабына чейин Шаадыкан айыл өкмөт башчысы болуп иштеген Муктар Сулайманов “мыйзамдуулукка ишенген үчүн сотко жалгыз келдим” деп билдирип, учурунда ал да жергиликтүү депутаттар тарабынан колдоого алынып, айыл өкмөт башчылыкка бекигенин “Азаттыкка” маалымдады.
- Эгер мен деле киши алып келсем 200дөн ашык киши ээрчитип келмекмин. Мен сотко жалгыз келдим, себеби мен мыйзамуулукка ишенем. Бул облустук сот деле мыйзамга ишене турган болсо мен тарапка чечет деген ойдомун. Учурунда депутаттар менин иштей турган платформамды колдоп, айыл өкмөт башчы болуп бекигем.
Алгач Сулаймановду колдоп, апрель ыңкылабынан кийин Каныбек Капаловду жактап чыккан аталган айылдын депутаттарына кайрылганыбызда депутат Абжалбек Назаралиев алар эл өкүл болгондуктан калктын талабын талашарын билдирди.
- Учурунда депутаттар экиге бөлүнүп, андан соң эл бизге кайрылгандан улам 15 депутаттын ону кол коюп, Каныбек Капановду колдоп чыктык. Бул элдин талабы.
Таласта бүгүнкү учурда апрелден кийин бийликке келгендер тарабынан кызмат орундарга илинген тууралуу 10го жакын сот иши каралууда. Анын көбү жогорудай эле соттон сотко өтүп, акыркы чечим чыга элек.