Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Шыралжындагы бригадирдин сырдуу жоголушу


Шыралжын кени боюнча топтолгон эл.
Шыралжын кени боюнча топтолгон эл.

Таластагы Шыралжын кенин жабууну талап кылып 14-мартта Бакай-Ата районундагы Биринчи май айылынын тургундары жыйынга чогулушту.

Жыйынга аталган кенде иштеген ушул айылдын тургуну Рамис Төтөновдун 1,5 айдан бери дайынсыз болуп жатканы себеп болду. Жыйналышка кенди иштеткен компания менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да катышты.

14-мартта Таластын Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылынын элүүгө жакын тургуну бул айылга жакын жайгашкан Шыралжын кенин жабууну талап кылып көчөгө чыгышты. 1,5 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Рамистин агасы Баяс Төтөнов кенди иштеткен компаниянын өкүлдөрүнө нааразылыгын билдирди:

«Керек болсо мен кенди өрттөйм! Соттолсом иним үчүн соттолом. Инимди табасың! «Сабыр кыл» деп отуруп күз келеби, ыя?!»

Рамис Төтөнов Биринчи Май айылынан 37 чакырым алыстыкта жайгашкан Шыралжын кенинде 2,5 жылдан бери бригадир болуп иштеп келаткан. Эки баланын атасы 31-январда жумушка кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Жыйналышта анын айылдашы Жумагүл Бөдөшова милиция кызматкерлерин «шалаакылык кылып жатышат» деп айыптады:

«Чын эле органдар иштеп жатабы же жокпу? Эмне үчүн Рамис менен ошол күнү нөөмөттө иштеген балдарды органдар сурабайт? Ошондо эле бала чыгат болчу. Силердин шалаакылыгыңар! Же өлүгүн таап бергиле же тирүүсүн тапкыла! Иштеген жоксуңар, силер!»

Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жумабеков Төтөновду издөө иштери тынымсыз жүрүп жатканын билдирди:

«Биз 200-300 киши менен тоо, сай, камыш, аң, жар, талаа-түздүн баарын текшерип жатабыз. Биз үчүн да бул окуя табышмактуу. Бала жоголгондон баштап тынымсыз иш жүргүзүп жатабыз».

Дайынсыз болуп жаткан 34 жаштагы тургундун апасы Күлипа Байсеитова окуя боюнча буларды айтты:

Күлипа Байсеитова.
Күлипа Байсеитова.

«Балам 31-январда жумушка кеткен. Үйдөн түштө чыккан. Каттоодон өтүп, лагердеги жатаканага кирген. Эртеси, 1-февралда жумушка чыгарда бала жок болуп чыгат. Ошол күнү кечинде айыл өкмөтү: «Балаңыз үйгө келдиби?» деп сурады. Мен: «Бала кечээ эле жумушка кетсе, бүгүн келип калабы?» деп таң калдым. Мага балам «жумушка жеттим» деп телефон чалган. Бакырып-өкүрүп эле издеп калдык. Ушунча күндөн бери кантип табылбайт, балам? Баламды издеп зар какшап жатам...»

Рамис Төтөнов иштеген кен чыгаруучу компаниянын өкүлдөрү болсо Шыралжын кенин жабуу менен маселе чечилбей турганын айтышты. Компаниянын аймактагы өкүлү Жаныбек Куандыков буларга токтолду:

«Кен жабылбайт. Анткени азыр президентибиз «инвестор чакыргыла» деп жатат. Иштеп жаткан жерди жабуу туура эмес. Биз буларга туура түшүндүрдүк».

Натыйжада жыйында тараптар бир пикирге келишти. Рамис Төтөновду издөө иштери мындан ары да улана турган болду.

Буга чейин Шыралжын кенинде 27 жаштагы жигитти таш басып каза тапкан. Маркум да Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн тургуну болчу.

Аталган кенин «Глобал Шыралжын майнинг» компаниясы беш жылдан бери иштетип келатат. Учурда ал жерде чалгындоо иштери жүрүүдө. Анда 300дөй адам эмгектенет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG