Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Мугалимди шылдыңдабайлы


Чатырда сабак берген мугалим
Чатырда сабак берген мугалим

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда мугалимдер тууралуу талаш-тартыш кызыды.

Жогорку Кеңеште эл өкүлүнүн мугалимдер тууралуу айтканы көптөрдү нааразы кылды. Капа болгондордун катарында мен да бармын.

Менин келинчегим биология сабагынан айылда сабак берчү. Быйыл “балдарды карап үйдө эле отур” деп иштен чыгарып алдым.

Болбосо контрагын төлөп (21 миң сом), окуусун бүтүрүп, дипломун алып бергем. Билими текке кетпесин деп айылдагы мектепке да киргизип койдум.

Бир жумада 12 саат менен иштеп жүрдү. Айдын аягында “маянамды алдым” деп айтып калды. Жок дегенде 4 миң сом болот го деп ойлогом. Балээниби? Силерге жалган, мага чын, болгону 1578 сом алган экен. Баш-аягы 2100 сомдой чыкса, анын 500 сому салыкка кетиптир...

Биз Өзгөн районуна караштуу чакан кыштакта турабыз. Төрт балам бар, үч кызым мектепте окуйт. Эң кичүү кызымды быйыл башталгыч класска бердик.

Сумка алып берели десек эң арзаны 700 сом турат экен. Бир баланы мектепке даярдоо үчүн болжол менен 5 миң сомуң болушу керек. Китептери да жетишпей, көбүн өзүбүз сатып бердик.

Келечек муунду китептен өксүткөн, мектепке деген акчаны той-топурга жумшаган өкмөткө “терең ыраазычылык” билдиргим келет.

Ошентип келинчегимдин тырмак алдын - 1578 сомду чөнтөккө салып, базарга келдик. Балдарды ээрчитип алган элек. Кийинте албасак да бир жыргап алышсынчы деп, таттуулардан аянбай сатып бердик. Артканына майда-чүйдө алып үйгө кайттык.

Келинчегим мектепте толук бир жыл иштеди. Айлыгы көтөрүлүп, 1800 сомго жетти. Бирок иши оор. Түн ортосуна чейин план жазып, уктабайт. Журналды, башка керектүү нерселерди өзү сатып алып жүрдү. Комиссия текшерип келет деп элеңдеп коркуп, даярданганын кантейин...

Өз кесибин сүйгөн гана мугалимдер жарыбаган айлыкка ушинтип иштебесе, жаңы бүтүп келгендер чыдай албай кетет турбайбы. Быйыл мен да "айланайын, иштебей эле балдарга тарбия бер, өзүм эле багам” дедим.

Кийин сураштырсак, отуз жылдан бери иштеген эженин деле айлыгы аз экен. Анын кийими жупуну, бирок ишин сүйөт. Классы үчүн күйүп-бышат, окуучулары жакшы чыкса сүйүнөт. Жаманын укса кейийт. Мектептен келип чарбагын карайт, уй саап айтор, жаны тынбайт.

Мугалимди урматтабаган элдин келечеги жок дегенге кошулам. Азыр алар калктын эң жакыр катмары экени чындык.

Депутаттар сын тагардан мурда коррупцияны жоюп, чириген системаны өзгөртүүгө кадам таштаса туура болот эле. Антпесе абалыбыз кыйын. Күндөн күнгө билимсиздер армиясы көбөйүүдө. Билим жок жерде өнүгүү болбосун унутпасак.

Элбек Базаров, Өзгөн

XS
SM
MD
LG