Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

"Акцияны 100% алмайын, алтын буюрбайт"


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Акыркы кезде Кыргызстандын эл аралык соттордон утулуп жатышы эмнеден кабар берет? "Азаттык" бул маселе боюнча Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен маектешти.

"Азаттык": Канада соту Кыргызстандын "Центеррадагы” акцияларынын 60% камакка алганы белгилүү болду. Бир нече күн мурда Түркиянын “Систем мүхендислик” компаниясынын доо арызы менен “Центеррадагы” акциялар камакка алынып, кыргыз өкмөтү 11 миллион доллар доого жыгылган эле. Эл аралык соттордогу мындай утуулуулар эмнеден кабар берет?

Өмүрбек Текебаев: Бул көрүнүш Кыргызстандын кызыкчылыгын өз пайдасы үчүн сатып, чыккынчылык кылган чиновниктер жазасыз калып жатканынан кабар берет. Кумтөр убагында текейден арзан бааланып, келишими бизге каршы, кандай кылсаң да утула тургандай болуп түзүлгөн. Ошону чыккынчы чиновниктерибиз ар дайым колдоп келген. Куттуу-Сай кени бул - он Кумтөр. Анда стратегиялык, сейрек кездешчү металлдар катылып жатат. Дүйнөдө алардын баасы жылдан жылга кымбаттоодо.

Эми ошол кенди 2009-жылы, Бакиевдин убагында канадалык компанияга бекер карматышкан. Келишимде кокус кендин айланасында жаңжал чыкса, ал Лондон, Москва же башка жакта каралат деп жазылган. Акчасын алып коюп, ой келди келишим түзсө, албетте соттон утулат. Бүгүн ошого себепкер чиновниктерди жоопко тартып же люстрация деп түбөлүк кара тизмеге киргизүү мезгил талабы. Мыйзамдарды катаалдаштырып, Кыргызстандын табигый кен байлыгын инвесторго берип жатканда, келишимге Лондондо же дагы бир аралда соттошобуз дегендей нормаларды таптакыр киргизбеш керек.

"Азаттык": Жогорудагыдай сот чечимдеринен кийин кыргыз тарап эми кандай кадамга барышы керек? Өкмөт активдерин коргой алабы?

Өмүрбек Текебаев: Менин оюмча, биз “Кумтөр” заводун, Кумтөр кенин улутташтырып мамлекетке алышыбыз керек. Ал азыр Канаданын фирмасы болуп Канадада турат. Ошол жакта биздин акцияларыбыз камакта. Кумтөрдүн 100% акциясын Кыргызстанга алып келип, өз пайдабызга иштетүү абзел. Болбосо Кыргызстандын алтыны өзүбүзгө да буюрбайт. Ар кандай кендерибизди уурдап алышкан. Ошол уурдалган кендерди кайтарабыз десек, “Кумтөрүңдү алып коем” деп коркутуп, ошону менен бүт байлыктан ажыраганы турабыз. Менимче, Куттуу-Сайды да кайтарып, Кыргызстандын пайдасы үчүн иштетүү керек.

"Азаттык": Эл аралык соттордун чечимдери буга тоскоолдук кылбайбы?

Өмүрбек Текебаев: Эми биздин мурунку чиновниктер ушундай чыккынчы келишимдерди түзүп коюптур, биз ал келишимдердин кесепетине каршы колдон келишинче күрөшүп, кырдаалдан чыкканга аракет кылуубуз керек. Албетте, тоскоолдук кылат. Бирок аны карап отура бергенде да болбойт. Ар кандай жолдорду издешибиз зарыл. Биз суверендүү мамлекетпиз. Мамлекеттин эрки күчтүү. Дүйнөлүк тарыхта далай фирмалардын элге зыян алып келчүдөй түзүлгөн келишимдерин жокко чыгарып, кууп жиберген өлкөлөр болгон. Андай мисалдар Европада да, Азияда да, Латын Америкада да, Африкада да болгон. Биз ошол дүйнөлүк тажрыйбаларды пайдаланып, кыйын болсо да өзүбүздүн байлыгыбызды, элдин кызыкчылыгын коргошубуз керек.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG