Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Текебаев менен Жапаровдун соту жылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соту 3-майда, «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун соту 30-апрелде өтө турган болду.

16:38 23.4.2019

Өндүрүш Токтонасыров: Соттун 3-майга жылганы - бул сот реформасынын ишке ашпай жатканын кабар берет. Ушунча адамдын баары ишин таштап, аймактан келсе прокурорлордун "иш менен таанышалы" дегени абсурд. Сооронбай Жээнбеков бүгүн үмүтүбүзгө суу септи. Достук саясат уланып жатат. Отставкага кетсин.

16:30 23.4.2019

Мурдагы депутат Аида Салянова "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министрдин соту прокурорлордун "ишти карап чыгуу" өтүнүчү менен жылганын журналисттерге кабарлады.

16:22 23.4.2019

Жогорку соттун коллегиясы "Ата Мекен" партиясынын лидери, абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону 3-майга жылдырды

Сотко Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаты келбей калганы белгилүү болду.

Соттун сыртында Текебаевдин жана Чотоновдун тарапкерлери митинг өткөрүп жатат.

Бүгүн камактагы "Мекенчил" партиясынын лидери Садыр Жапаровдун соту да 30-апрелге жылган.

15:02 23.4.2019

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG