Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Текебаев менен Жапаровдун соту жылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соту 3-майда, «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун соту 30-апрелде өтө турган болду.

09:55 23.4.2019
Садыр Жапаровдун тарапташтары. 23-апрель, 2019-жыл
Садыр Жапаровдун тарапташтары. 23-апрель, 2019-жыл

Учурда Жогорку Соттун алдында камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп жатат.

23-апрелде абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогуу митингге чыгышары мурда кабарланган. Алар бул үчүн «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партиялары бир штабга бириккенин маалымдашкан.

09:59 23.4.2019
Садыр Жапаровдун ишин караган судьялар.
Садыр Жапаровдун ишин караган судьялар.

Жогорку сотто экс-депутат Садыр Жапаровдун иши карала баштады.

Отурумдун башталышында саясатчынын адвокаты Шарабадин Токтосунов сотту акыйкат болууга чакырды.

23-апрелде Жогорку сотто "Ата Мекен" партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин соту да болот.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген.

10:05 23.4.2019

Садыр Жапаровдун сотунда адвокаттар соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Мурдагы ишти да ушул курам караган. Отурумга Садыр Жапаров өзү алынып келинген жок.

10:23 23.4.2019

Бишкекте, Жогорку соттун алдындагы митингде "Садыр Жапаровго боштондук! Садыр Жапаров акталсын!" деген кыйкырыктар жаңырууда. Аймактардан чогулган бир нече тургун чыгып сөз сүйлөштү.

Камакта жатып чыккан көзү азиз активист Темирлан Ормуков да акыйкатсыз соттордун өздөрүн камакка алуу керектигин белгиледи.

Чогулгандар "Ата Мекен" партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин акталышын талап кылышууда.

Учурда соттун сыртында болжол менен 200-300дөй киши турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG