Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Текебаев: "Кылмыш романтикасы" жайылууда


Кыргыз коомунда кылмышкерлердин лексикону кеңири тараганы таң калтырат. “Черныйлар”, “общак”, “смотрящий”, “пахан”, “положенец” – ушул өңдүү сөздөрдү тестиер балдардан тарта расмий адамдар, депутаттар, акыйкатчынын ооздорунан укканда кылмышкерлердин салт-санаалары бизде өзүнчө бир модага айлангандай таасир калат.


"Азаттыктын" суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жооп берди.

- Өмүрбек мырза, сиз уюшма кылмыштуулуктун идеологиясын жана салтын жайылткандарды жоопко тартууну караган мыйзам долбоорунун авторусуз. Түрмөлөрдөгүлөр пайдаланган сөздөрдү аткаминерлер трибунадан же гезит, радиого интервью берип жатканда колдонуусун кандай карайсыз? Бул деген ошол идеология менен салтты жайылтууга барабар эмеспи?

​- Тилекке каршы кылмыш идеологиясы кеңири тарап жатат. Мектептен баштап жогорку бийлик органдарына чейин аралап кетти. Күчтүүнүн заманы болгондо, көп нерсе күч менен чечилип, криминалдык дүйнөнүн менталитети элге сиңип, ал идеология дээрлик официалдуу идеология менен атаандаш болуп калды. Ошондуктан биз криминалдык идеологиянын таралышына чек коюу үчүн мыйзам долбоорун киргизгенбиз. Бирок ал парламентте биринчи окуудан ары жылбай туруп калды. Биз ал мыйзамды өткөргөнгө аракет кылабыз.

- Ошол мыйзамда расмий адамдар кылмыш дүйнөсүнүн терминдерин колдонбошу керек деген өңдүү жобо барбы?

- Анда "Кылмыш кодексине" өзгөртүүлөр киргизилип, өзүн кылмыш дүйнөсүнүн иерархиясындагы тигил же бул наамга ээмин деп айткандар кылмыш жообуна тартылат деп турат.

Жогоруда сиз айткандай, “смотрящий”, “положенец” же башка иерархияны айтып, айланасына адам топтоп, ошолорду жетектегенге аракет кылгандыгы үчүн кылмыш жообуна тартуу жөнүндөгү жобо. Бул маселе бир эле мыйзам менен чечилбейт. Бул мамлекеттик саясаттын маңызы болуш керек. Биз укуктук саясаттын жаңы концепциясынын үстүнөн иштеп жатабыз. Бул укук коргоо органдары, сот реформасы менен түздөн түз байланышат.

Тарбиялык, нравалык мамлекеттик иш-чаралардын негизи болуш керек. Ошентип бул комплекстик иш-чаралар менен кылмышкерлердин жоруктарын, жүрүм-турумдарын коомго таңуулап, кылмыштык логиканын үстөмдүк кылышына чек коюшубуз керек.

- Ошол мыйзамга мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар эл алдына чыгып сүйлөгөндө ошол эле түрмөлөрдөгү лексиканы колдонбоого тийиш деген жобону киргизсе болобу? Же бул сөз эркиндигин чектөө болуп саналабы?

Криминалдык дүйнөнүн менталитети элге сиңип, официалдуу идеология менен дээрлик атаандаш болуп калды


- Жок, ал туура эмес. Мамлекеттик чиновниктердин сөзүнүн,
бюрократиянын, жалпы эле расмий сабаттуу тилдин өзүнүн стандарттары бар. Өзгөчө мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө, элге үлгү боло турган элита делген адамдар чөйрөсүндө биз кылмыш дүйнөсүнүн терминдерин, түшүнүктөрүн пайдалангандан алыс болушубуз керек.

- Мектеп окуучулары криминалдык лөктөрдү туурап, аларды өзүнчө бир авторитет кылып алган учурлар кооптондурбай койбойт. Кыргызстанда криминалдын культу пайда болгондой сезим жокпу?

- Тилекке каршы андай культ бар. "Криминалдык романтика",

"Криминалдык романтика", "күчтүүнүн заманы" деген идеологиянын негизинде күч менен, керек болсо зордук менен чечүүгө боло тургандыгы таңууланып калды.


"күчтүүнүн заманы" деген идеологиянын негизинде бардыгын күч менен, керек болсо зордук менен чечүүгө боло тургандыгы таңууланып калды. Баласы бажыканада же башка жерде иштеп байыса, анын атасынын аты көчөгө берилип жатат. Ушунун өзү адамдардын аң-сезимин деформациялайт. Эгер мамлекет ак эмгеги менен күн көргөн дыйканды, малчыны баалап, эмгек сиңиргенин айтып, аттарын көчөлөргө ыйгарып, ошолорго сыйлык, ордендер бериле турган болсо, элде: “Аа, бул туура турбайбы”, - деген ой пайда болот.

Бүгүн эптеп бийликке, байлыкка жеткен адамдардын заманы болуп турганын көргөн жаштар - бүгүнкү замандын каармандары ошолор экен, ошолор айткандай болот турбайбы деп ойлоп калышат. Анткени криминалдык чөйрөлөр бизнеске аралашып жатат. Алар укук коргоо органдарынын жетекчилери менен коюн-колтук алышып жүрөт, депутат болуп отурушат, мамлекеттик чоң кызматкерлер менен куда-сөөк болуп, кыз алышып, кыз беришип атышат. Мына ушуларды көрүп туруп, жаштардын баалуулуктары башка нукка бурулуп жатат. Эгер мамлекет кылмыштуулукка комплекстүү күрөшсө, алардын келечеги жок экендигин, бүгүн болбосо эртең аларга тизгин салынаарын көрүшсө, анда жаштар башка үлгү алып, башка стандартка умтула баштайт.

XS
SM
MD
LG