Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

№1 абактагы "өзгөчө" шарттарды ким түзгөн?


Бишкектин №1 абагындагы "өзгөчө" камералардын бири. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Бишкектин №1 абагындагы "өзгөчө" камералардын бири. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

20-январда журналисттер дүйшөмбү күнү тополоң болгон №1 тергөө абагына кирип, абал менен таанышып чыкты.


Жаза аткаруу кызматы №1 тергөө абагындагы башаламандык учурунда камактагылардын сыртка чыгып кетүү коркунучу жаралганын ырасташууда. Алардын айтымында, ошондон кийин гана күч колдонулган.

Ал эми ушул эле күнү башаламандык учурунда тергөө абагында болгондордун жакындары Жогорку Кеңеш алдына митингге чыгып, ур-тепкиге алынган жакындарынан кабар ала албай жатышканын билдиришти.

Жаза аткаруу кызматы №1 тергөө абагына журналисттерди алып барып, 16-январдагы тополоң учурунда тартылган оперативдик тасманы шардана кылды. Анда камактагылар эшиктерди катуу каккылап, дүрбөлөң түшүп жатканын көрүүгө болот.

№1 тергөө абагынын жетекчиси Марс Жусупбеков ал күнү камактагылардын бошонуп кетүү коркунучу жаралганын айтууда:

- Үн чыгаруучу гранатаны колдонууга мажбур болдук. Эгер колдонбосок, сыртка чыгып, же ылдый түшүп келишсе, биздин бир топ кызматкерлер жабыркамак. Жаман айтпай эле койолу, бирок аябай эле чоң чатак чыкмак.

№1 абактагы башаламандыктан бир көрүнүш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00


Бул тергөө абагында 16-январда 1378 адам болгон. Абактын үчүнчү жана экинчи кабатындагылар камералардын эшиктерин сындырып, болжол менен 700 адам коридорго чыкканга үлгүргөн. Марс Жусупбековдун айтымында, камактагылар ал жердеги криминалдык дөө-шаалар жана лөктөр жашап келген камераларды ачык калтырууну талап кылышкан:

- Үч камераны такыр жабышчу эмес. Каалаган убагында кирип-чыгып, башка камераларды ачып алып, коркутушчу, акча талап кылышчу. Алар "ошол камераларды жаппагыла жана Дамир Сапарбековду алып кетпегиле" деп талап койгон.

Жаза аткаруу кызматы Сапарбеков бул абакта кылмыш дүйнөсүнүн атынан бийлик жүргүзүп турганын айтышууда.

Көлбаевди күтүп жаткан “өзгөчө” камера

Ошондой эле бул тергөө абагындагы өзгөчө шөкөттөлүп жасалган бөлмөлөр да көрсөтүлдү. Алардын бири кылмыш дүйнөсүнүн ана башчысы деп саналган Камчы Көлбаевге даярдалган экен. Ал камера заманбап стилде жасалгаланып, жумшак эмеректер да орнотулган.

Марс Жусупбеков мындай шартка түрмөнүн мурдагы жетекчилери уруксат берип келгенин билдирди:

- Бул камера “мыйзамдагы ууру” деген Камчы Көлбаевге атайын даярдалган. Ичинде жумшак эмерек жана отургуч турган. Тинтүү учурунда анын баарын алып чыктык. Бул камеранын башка камералардан кандай айырмасы бар экенин көрүп жатасыздарбы?

Камчы Көлбаевге өткөн жылы издөө жарыяланып, ал учурда Бириккен Араб Эмираттарында жүргөнү айтылып келет.
1-абактагы "өзгөчө" камералардын бири
1-абактагы "өзгөчө" камералардын бири
16-январдагы тинтүү учурунда “өзгөчө” делген камералар толук жабылган. Деген менен №1 тергөө абагында кармалып тургандар окуяны башкача сыпатташууда. Алар абактын кызматкерлери суроо-сопкутсуз эле уруп киришкенин айтууда.

- Кирип эле сабай башташты. Айла кеткенде нааразычылык билдирип, кээ бир балдар өздөрүн кескилей баштады. Балдардын абалдары оор, жыгылып жатышат. Башынан жаракат алгандар көп. Эсин жоготуп жыгылып, көбү ооруп жатат.

Бирок абактагы нааразычылыкты бул жердегилердин бардыгы эле колдоого алган эмес. Камактагылардын бири мындай дейт:

- Менде, Кудайга шүгүр, баары жакшы. 16-январдагы окуя боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок өзөрүнүн деле туура эмес жактары бар да, төшөнчүлөрдү өрттөшкөн. Андай болбойт да. Мен ачкачылыкты колдогон жокмун, ушул күнгө чейин тамак ичип эле жатам.

Жакындары үчүн тынчсыздангандар

16-январда тергөө абагында болгондордун жакындары Жогорку Кеңеш алдына митингге чыгышып, ур-тепкиге алынган жакындарынан кабар ала албай жатышканын билдирди. Алардын бири өзүн Назира деп тааныштырган айым:

- Бир тууганым тергөө абагында болчу. Бирок азыр аны менен эч кандай байланыш жок. Анын кандай абалда экенин билбейм. Бир маалымат боюнча Алга айылындагы 50-абакка аны да алып кетиптир деп уктум. Бирок көрө элекмин, кайда экенин билбейм, бүгүн беш күн болду. Беш күндөн бери үнүн да, тирүү экенин да уккан жокмун. Анан кантип кыжалат болбойбуз, жаныбыз кейибейт? Ал эми каза болгон баланын үстүнөн кандай деген жаман сөздөрдү айтып жатышат.

16-январда түрмөнүн алдына камактагылардын жакындары чогулган
16-январда түрмөнүн алдына камактагылардын жакындары чогулган
Тергөө абагындагы окуядан бир күндөн кийин ал жердеги 26 жаштагы Нурбек Алымбаев каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны жүрөк-кан тамыр алсыздыгынан, же маңзатка ууланып каза тапты деген бүтүмгө келип жатышканын билдирүүдө. Бирок Алымбаевдин жакындары буга макул эмес. Алар Нурбек Алымбаев сабалгандан каза болду деген ойдо.

Ал эми жабырлануучулардын адвокаты Есения Рамазанова өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылып жатышканын билдирди.

- Биздин биринчи талабыбыз - бул иш боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, ага жабыркагандардын адвокаттары жана жакындары да кирсин. Экинчи талабыбыз - Байзаков ушул окуя боюнча күнөөсүн мойнуна алсын.

Ушул тапта Кыргызстандын дээрлик көпчүлүк абактарында массалык ачкачылык уланууда. Алар Жаза аткаруу кызматынын мамилесине жана түрмө жайлардагы шарттардын оордугуна нааразы болушууда.

Абак: башаламандыктан кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:28 0:00

XS
SM
MD
LG