Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Түрмө төбөлдөрү тирешүүдө


Кыргызстанда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаковго кол астындагылар ишеним көрсөтпөй, каршы чыгышууда.

Байзаков муну мыйзам бузгандардын дооматы катары баалоодо. Ал ортодо укук коргоочулар өлкө түрмөлөрүндөгү шарттын оордоп кеткенин айтып чыгышты.

Кыргызстанда 6 жаза өткөрүү жайынын башчылары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаковго баш ийбей турганын жар салышты.

Алар мындай кадамды Байзаковдун өз ишин аткаруудагы мыйзамсыз иш-аракеттери менен байланыштырып, президент жана премьер-министрге кайрылуу жолдошту.

Токон Мамытов
Токон Мамытов
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү Токон Мамытов Жогорку Кеңешке Байзаковдун мыйзамсыз аракеттери боюнча дооматтар мурдатан эле түшкөнүн айтат:

- Мурун Жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, бөлүм башчылары арызданып келсе, бүгүн 7-8 абаккананын башчылары "Байзаковго ишенбейбиз" деп кол коюп, кайрылуу жолдошту. "Системаны талкалап, бузуп, коррупцияны биздин системага алып келди" деген оор сөздөр камтылган кайрылууну бизге берип кетишти.

Мамытовдун ырасташынча, аталган кайрылууларда Шейшенбек Байзаковдун мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген бир катар далилдүү жүйөлөр келтирилген. Мунун баары парламенттин тиешелүү комитети тарабынан иликтенип, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн. Бул боюнча өкмөттүн коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү иштер жүрүп жатканын, бирок жыйынтык чыга электигин билдиришти.

"Коргоном" деп кол салгандардын амалыбы?

Анткен менен Шейшенбек Байзаков кол астындагылар тарабынан айтылган дооматтарды четке кагууда. Анын айтымында, мындай сөздөрдү айыбы ачылып, жумуштан бошотулгандар чыгарышууда:

- Менин иштегениме 1 жыл 6 айга жакындап бара жатат. Иштегенимден тарта бул тармакта 18 кылмыш иш козголду. Алардын арасында пара алгандар бар, жасалма диплом сатып алып, полковник деген наамга чейин жеткен 2 адамдын иши бар. Албетте мунун баары аларга жакпайт. Себеби президент, Жогорку Кеңеш баш болуп коррупцияга каршы катуу күрөш баштаганбыз. Мына ушунун эле чегинде биздин кызматта да иштер жүрүп жаткан. Мунун баары ушул күрөшкө каршы чыккандардын дооматтары.
Жаза өткөрүү жайларындагы абал негизинен стабилдүү, бирок ал жактагы жашоо шарттары эл аралык стандарттарга жооп бербейт.
Евгения Крапивина

Ошол эле кезде Байзаков кызматтын казынасындагы ар бир тыйындын эсебин берүүгө даяр экенин билдирүүдө.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, жаза аткаруу кызматындагы чатактын тамыры тереңде жатат:

- Бакиевдин мезгилиндеги үй-бүлөлүк кландык система болгон учурдан тарта эле Жаныш Бакиев №1 абактан баштап, стратегиялык түрмөлөргө чейин өз кишилерин коюп келген. Ошондуктан азыр мурунку менен кийинкилердин ортосунда согуш жүрүүдө. Байзаков мырзага каршы күнөөлөрү бар болсо, сотко барышы керек. Сот аркылуу мунун баарын таразалып, тазалануу керек. Анан жөн эле "ушинтип жатыптыр" деп мурдагыдай ырды ырдабашыбыз керек. Анткени түрмөгө байланыштуу маселе өтө оор. Мунун баары түрмөгө отурган адамдарга кесепетин тийгизип жатат.

Абактарда шарт начар

Ал ортодо түрмөлөрдөгү шарттардын начарлап жатканын "Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү айтып чыгышты. Алар мындай тыянакка жакында жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде келишкен.

Аталган уюмдун өкүлү Евгения Крапивинанын ырасташынча, түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткан адамдар жөнөкөй жууркан-төшөнчүлөр менен да камсыз болушкан эмес.

- Жаза өткөрүү жайларындагы абал негизинен стабилдүү, бирок ал жактагы жашоо шарттары эл аралык стандарттарга жооп бербейт. Муну менен катар өтө олуттуу көйгөйлөр катары эскилиги жеткен түрмөлөрдүн имараттарын айтууга болот. Кыштын келиши менен чатырларынан тамчылайт экен. Кесилген адамдар чакаларды, таштектерди коюп отурушат.

Буга кошумча, кесилген адамдар жатканга төшөнчүлөрдүн жетишпестиги да байкалды. Өмүр бою кесилген адамдарга атайын жаза өткөрүү жайы салынбагандыктан алар Бишкектеги тергөө изоляторунда жазасын өтөп жатышат. Алар узун-туурасы 2-3 чарчы метр болгон асты бетон бөлмөдө үчтөн киши кармалып турушат. Жел, жарык кирчү эч кандай жылчыктары жок. Ушундай шарттар кургак учуктун таралышына жол ачат.


"Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун юристи Абдыкерим Ашыровдун айтымында, өлкө абактарындагы коопсуздук көйгөйлөрү арбын бойдон калууда:

- Абактагылардын коопсуздугу коркунучтуу бойдон калууда. Себеби кызматкерлер тарабынан кыйноо, одоно мамиле жок болгону менен тергөө жайларындагы жана абактардагылардын бири-бирине аёсуз мамилесинен улам ден соолугуна, өмүрүнө коркунучтар мурункудай эле сакталууда. Буга чейин эле канча адам каза болгонун өзүбүз деле билебиз.

Жазалар аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиев мындай дооматтарды жүйөсүз деп эсептейт. Качкыналиевдин билдиришинче, укук коргоочулар көпчүлүк учурда түрмө менен убактылуу кармоочу жайларды чаташтырып алышууда:

- Биздин абактарда айтылгандардын бири да жок. "Полдо жатышат" дешет, бизде камерада керебеттерде жатышат. "Төшөнчүлөр жок" деп айтышат, өкмөт төшөнчүгө акча бөлүп эле жатат. Ишенбесеңер келгиле, кайсы түрмөнү айтып жатса көрсөтөйүн.

Кыргызстанда түрмөдөгү шарттардын начардыгынан улам абактагылар бир нече ирет ачкачылык жарыялашкан эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG