Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Террорчу делгендердин экөө жок кылынды


Беш-Күнгөй айылынын жанындагы атайын операция болгон жер, 5-январь.
Беш-Күнгөй айылынын жанындагы атайын операция болгон жер, 5-январь.

5-январда Беш-Күнгөй айылынын жанында террорчу деп шектелгендерди кармоо операциясы болду.

Шектүү делген үч адам күч органдарына бир жарым саат бою каршылык көрсөттү. Натыйжада террорчу делгендердин экөө жок кылынып, бирөө тирүүлөй колго түшүрүлдү. Атайын операция учурунда УКМКнын бир кызматкерине да ок тийип, ооруканага жетпей мерт болду.

5-январь күнү милиция кызматкерин атып өлтүрдү деп шектелген беш адамга Ички иштер министрлиги издөө жарыялады. Көп өтпөй күч структураларына Беш-Күнгөй айылына жакын жерде үч адамдан турган куралчан топ ээн үйдү ээлегени маалым болот.

Окуя болгон жерге жакын турган Беш-Күнгөй айылынын тургундары ошол күнү эртең менен ээн турган бош үйгө бейтааныш адамдар кирип алганын байкашып, милицияга дароо кабар беришкен. Мындай маалымат түшөр замат ИИМдин жана УКМКнын ыкчам тобу аталган жерге жетип барып, сарайды курчоого алат.
Опреациядан кийин, 5-январь.

Жашырынган шектүүлөр катуу куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн УКМК менен ИИМдин атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлерине тик учак менен дагы кошумча аскер күчтөрү түшүрүлдү. Бул операцияны көзөмөлдөп жаткан ички иштер министри Зарылбек Рысалиев каршылык көрсөтүп жаткандарды тирүүлөй колго түшүрүү аракети болуп жатканын билдирди.

- Изин кууп ушул жерге таап келгенден кийин алар мына бир жарым сааттан бери каршылык көрсөтүп, чоң куралдар менен да атып жатышат, автомат менен да атып жатышат. Биздин максат буларды тирүүлөй кармаш, же болбосо өлтүрүү максатында болсо биз даана атып талкалап таштамакбыз. Биздин максат тирүүлөй кармамай, анан буларды сотко жеткириш.

Ок атышуу, жардыруулар дагы бир нече мүнөттөргө созулду. Арадан көп өтпөй күч структуранын бир өкүлүнө ок жанып, ал мерт болгону маалымдалды. Операция аяктады деп айтылгандан кийин күйүп жаткан сарайдын тушуна, атышуулар болгон жерге барганыбызда каршылык көрсөткөн согушкерлердин экөө жок кылынып, бирөө колго түшкөнү маалым болду.
Министр Зарылбек Рысалиев операция учурунда, 5-январь.

Ал милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө катышы бар делип издөө салынган 25 жаштагы Эдил Абдрахманов экендигин Зарылбек Рысалиев тастыктап, калган өлтүрүлгөндөр боюнча буларды билдирди.

- Совет Исламов дегени биз буга чейин маалымдагандай витилигасы бар, колдору агала болгон адам, операция маалында атышуудан көз жумду. Үчүнчүсү мына күйүп жаткан тамдын ичинде дейт. Ал жакка азыр кирүү мүмкүн эмес. Себеби балдар ал жерден газ балон көргөн экен. Ал жарылып кетиши мүмкүн.

Министр Зарылбек Рысалиевдин айтымында, бул күнү жаалданып куралдуу каршылык көрсөткөндөр 2010-жылдын 30-ноябрында Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунун жанындагы жардырууга, 25-декабрда Бишкек шаардык башкы милициясынын имаратын жардыруу аракетине жана кечээки үч милицияны өлтүрүүгө түздөн-түз катышы бар адамдар болгон. Министр бул боюнча террордук топко тиешеси бар деген негизде буга чейин кармалган адамдар көрсөтмө берип, далилдер топтолгонун да белгиледи.

Беш-Күнгөй айылында террорго каршы чара өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

XS
SM
MD
LG