Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Достуктагы жашоо өз нугуна түштү


Достук кичи району
Достук кичи району

Абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда моралдык-психологиялык жактан жабыр тарткан жарандарга Бишкек шаар бийлиги медициналык жардам көрсөтүүдө.

22-октябрда беш саат бою тынбай атылган ок, кулак турдурган гранатанын үнү түнү менен Достук конушунун тургундарын чыңалган абалда кармап турду. Айрымдары түнкү саат он экиде үйүн таштап, туугандарыныкына түнөгөнүн айтса, кээ бири үйдөн чыкпай коркуп отурган. Атын атагысы келбеген жергиликтүү тургундардын бири “Азаттыкка” мындай деди:

- Жашоочулардын көбү коркуп турат. Өмүрү мындайды көргөн эмеспиз. Кечинде керебетке жатпай, полго уктадык. Операция учурунда ок атуулардан тышкары, батирдеги “Алаху акбар” деген сөздөр бизге чейин угулду. Адамдардын көпчүлүгү эч нерсени айта албай жатат. Ошол маалда бомба жарылат деп да ойлогондор болуптур.

Мындан улам шаардык мэрия конуштагы тургундарга психологиялык жардам көрсөтүү иретинде медициналык кызматкерлер менен жеринде иштешти. №1 шаардык бейтапкананын дарыгерлери тургундар арасында дендароо абалынан чыга электер бар дешип, үймө-үй кыдырып кээ бирлерине кеңеш берсе, дагы биринин кан басымын текшерди. Өзгөчө көңүл жаш балдарга бурулганын дарыгерлер айтышты.

- Кан басымын өлчөп, биринчи жардамды беребиз. Эгерде кандайдыр бир ден соолугуна арыз болсо карайбыз. Депрессияга каршы дарыларды алып, психологиялык жардам көрсөтөлү деп келдик. Кан басымы көтөрүлгөндө адамдар инсульт алышы мүмкүн, анын алдын алуу керек.

Достуктагы бүгүнкү абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Үйдүн качан ремонттолору белгисиз

Достук конушу көп кабаттуу үйлөр менен белгилүү. 22-октябрдагы күч кызматкерлеринин атайын операциясы андагы №8 үйдө орун алды. Бул көп кабаттуу үйдө 40 батир бар, жүзгө чукул тургун жашайт. Абактан качкан Алтынбек Итибаев жашынган 87-батир да ижарага берилген экен. Батирдин мыйзамдуу ээси Салтанат автоматтын огунан тамтыгы чыккан үйүн бийлик ремонттоп берер деп үмүттөнүп турат.

- Мен бул үйдү бир үй-бүлөгө ижарага бергем. Алардын адаттан тыш жоругун деле байкаган эмесмин. Батирдин акысын өз убагынан кечиктирбей берип турушчу. Азыр үйүмө кирсем, эч нерсе калбаптыр, дубалдын баарында октун изи турат. Менин үйүмдү аткылап атышат деп кошуналар айтышты, мен келгенден корктум, азыр гана көрдүм. Эң өкүнүчтүүсү эки кошунамдын өлгөнү болуп жатат. Кандай кылабыз билбейм?

​Шаардык бийлик азырынча автоматтын огунан жабыркаган эки үйдү оңдоп берүүнү ойлоно элек. Окуяны жеринде көргөнү келген вице-мэр Айгүл Рыскулова азырынча мэрия үйдүн короосун, жарыктандыруу жана коммуналдык системаны калыбына келтирүүнү өз моюнуна алат деди.

- Биз бүгүнкү күндө ок тешкен үйдүн подъездин оңдоп беребиз деп кепилдик бере алам. Калган материалдык чыгымдарды өкмөттүн комиссиясы аныктайт. Азырынча кимге кандай кенемте берилиши керектигин айта албайбыз. Ким жабыркап, ким күнөөлүү экенин тергөө көрсөткөндөн кийин жардам маселеси каралат.

Ал арада премьер-министр Темир Сариев шаар мэри Кубанычбек Кулматовго Достук конушунда жарык, газ, суу калыбына келтирилиши керектигин тапшырды. Кыска аралыкта зыян тарткан мүлктөрдүн баасын аныктап, оңдоо иштерин жандандыруу керектиги айтылды.

Бүгүнкү күндө Достук конушунда үйүндө түнөбөгөн тургундар кайра кайтып келишүүдө. Атайын комиссиянын иликтөөсүндө үйсүз калган тургундар жок экени маалым болду.

XS
SM
MD
LG