Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Театрлар жаңы сезонго даяр


Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын спектакли.
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын спектакли.

Кыргыз театрларынын жайкы эс алуусу соңуна чыкты. Учурда театрлардын баары күзгү сезонго жана Ош шаарында өтө турган «Арт Ордо» эл аралык театр фестивалына даярданып жатат. Ал эми музейлер үчүн жайкы мезгил иш кызып турган учур болот.

Быйыл күзүндө республикалык драма театрлары бир нече иш-чара өткөрүшөт.

Эми гана жумушка чыккан Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын жамааты алгачкы иш күнүнөн баштап эле алдыда боло турган иш-чараларга даярдык көрө баштады. Бул тууралуу аталган маданий мекеменин директору Темирлан Сманбеков айтып берди:

«Сентябрь айынын 23үнөн 28ине чейин Ошто «Арт-Ордо» фестивалы болот. Андан сырткары коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата театрда чоң даярдык жүргөнү жатат. Алдыда Эгемендик күнү келатат. Бул майрамда да биз театралдашкан оюн-зоок коёбуз. Эң башкысы - биз октябрь айында көрүүчүлөрүбүзгө өтө сонун комедия тартуулаганы турабыз».

Сманбеков мындан сырткары быйыл күзүндө Нарын театрынын 80 жылдык мааракеси белгилене турганын, бул иш-чаралар жыйынтыкталгандан кийин кышында мектеп окуучуларына оюн-зоок даярдоого киришерин айтты.

Маңкурт ар бир доордо бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:45 0:00

Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры да учурда эки жаңы спектакль даярдап жаткан экен. Ал жөнүндө театрдын адабият бөлүмүнүн башчысы Кыял Тажиева маалымат берди:

«Труппа жаңыдан эс алуудан келип ишке киришүү алдында турат. Өткөн сезондо коюлган Эмануэл Шмиттин «Оскар жана Роза түстүү айым» романынын негизинде инсценировкаланган «Учак-каттар» спектаклин кыргызчалап көрүүчүлөргө тартуулоону пландаганбыз. Андан сырткары 30-күзгү сезонубузбу Николас Баэрдин «Метродогу окуя» спектаклинин негизинде кыргызчаланган «Капас» спектакли менен ачууга даярданып жатабыз».

Тажиева быйыл Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры да 30 жылдык мааракесин белгилей турганын кошумчалады.

Театр актерлорунун өп-чап турмушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театры болсо быйыл мурда коюлуп жүргөн эки спектаклди жаңылап, бир жаңы спектакль даярдайт. Бул тууралуу аталган маданий очоктун көркөм жетекчиси Назым Меңдибаиров кеп кылды:

«Андан сырткары Ош шаарында сентябрь айында өтө турган «Арт-Ордо» фестивалына даярданып жатабыз. Ага быйыл республикалык фестивалда баш байгени алган «Кылым карытар бир күн» спектакли барат».

Меңдибаиров жаңылана турган спектаклдер Жалил Садыковдун «Адам жана Азезили» жана Гоголдун «Текшерүүчү» аттуу комедиясы экенин белгиледи.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры оңдоп-түзөө иштери башталганына байланыштуу 5-октябрдан баштап иштейт. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония баштаган музыкалык театрлар да 13-августта жайкы эс алуудан келип, күзгү сезонун ачууга даярдык көрө баштады.

Театрлардан, өнөр сахналарынан айырмаланып, белгилүү себептер менен жабык турган Тарых музейинен башка музейлер жайды-жайлай тыным албай иштешти. Бул тууралуу Бишкектеги мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханова билдирди:

«График боюнча тогуздан бешке чейин иштеп жатабыз. Жаштар, мектеп окуучулары келип жатат. Азыр шаарга келген коноктор көп. Дарыланганы, эс алганы, балдарын окууга алып келгендер бар. Ошолордун көбү музейлерге келип жатышат».

Учурда Кыргызстанда 18 мамлекеттик, ондон ашык жеке менчик театр бар экени, алардын жарымы гана иштеп жатканы, ал эми музейлердин саны кырктан ашык экени айтылып жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG