Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Куурчак театрындагы майрам


Куурчак театрынын куурчактары
Куурчак театрынын куурчактары

1-июнда “Так теке” I Эл аралык куурчак театрларынын фестивалы жыйынтыкталды.

Бул иш-чара алкагында өнөрпоз балдардын жатак мектебине жана майып балдар үйүнө барып, спектакл коюп беришти. Ал эми Москвадагы Образцов атындагы куурчак театрынан келишкен чеберлер устаттык сабак өткөрүп, тажрыйба алмашты.

30-майда “Так теке” I Эл аралык куурчак театрларынын фестивалы салтанаттуу түрдө ачылып, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрдын жанында ар түрдүү каармандардын образында жасалган куурчактардын парадынын коштоосунда Орусия, Казакстан, Тажикстандан чебер артисттер келишти. Аларды театр алдында каз-катар тизилген наристелер ата-энелери менен тосуп алышты.

Фестивал расмий ачылгандан кийин Казакстандын Ак-Төбө шаарынын “Алакай" куурчак театры “Бака жана деңиз” деген спектакл көргөздү.

Москвадагы Образцов театрынан келген Орусиянын эмгек сиңирген артисти Александра Горбунова Бишкектеги куурчак театрынын фестивалынын ачылышы абдан жакшы таасир калтырганын айтты:

- Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук баалуулуктары болгон музыка, маданияты менен сыймыктанат. Фестивалдын ачылышын Кыргыз элинин этнографиялык-фольклордук музыкалары коштогону мага абдан жагымдуу таасир калтырды. Негизинен фестивал абдан жакшы уюштурулган экен, - деди Александра Горбунова.

Былтыр август айында Куурчак театрына жаңы жетекчи болуп дайындалган Сатылган Сазаев кызматка киришери менен Эл аралык фестивал өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. Аны өткөрүү үчүн каражат издеп, барбаган жери калган эмес. Бишкек шаарындагы Свердлов районунун мурдагы акими Алтынай Өмүрбекова аны колдоого алып, Бишкек мэриясы менен сүйлөшүп, фестивалды өткөрүүгө каражат таап берген. Сатылган Сазаев фестивалдын алкагында Балдарды коргоо күнүнө карата дагы кайрымдуулук спектаклдерин коюп, наристелерге майрам тартууланганын белгиледи:

- Биз Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүндө ооруканаларда, балдар үйүндө тарбиялангандарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген наристелерге жакшынакай спектаклдерди көрсөтүп, майрам тартууладык, - деди Сатылган Сазаев.

Негизинен “Так теке” I Эл аралык куурчак театрларынын фестивалы абдан жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүнө күбө болдук. Театрдын айрым артисттери Бишкектеги театрлардын жетекчилери түгүл артисттери дагы куурчакчыларга тилектештик билдиришип, бул фестивалга көңүл үчүн болсо дагы келишпегенине ичимтап болушканын жашырган жок.

Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Иманалиева башка мамлекеттерде куурчак театрлардын Эл аралык фестивалдары абдан салтанатуу, шаңдуу өткөрүлөрүн белгиледи.

- Мына биздин жаныбызда Жаштар театры, Опера жана балет театры, Кыргыздрама театры, Орус драма театрлары бар. Ошолордун жетекчилери эмес артисттер бизге колдоо көрсөтүп келип коюшса болмок. Каражат беришпей эле коюшсун, балдарын же неберелерин жетелеп келип ушул иш-чарага катышып коюшса гана. 2007-жылы мен Тажикстандагы ушундай эл аралык фестивалга баргам. Ошондо белгилүү ырчылар, бийчилер өнөр көргөзүп, башка театрлардын аттуу-баштуу артисттери гүл көтөрүп келип куурчакчыларды колдогонун көргөм.

Куурчак театрынын артисттери
Куурчак театрынын артисттери

Ал эми Куурчак театрынын белдүү артисти Калык Акматов кыргыздарда куурчак театры жалаң эле наристелер үчүн деген тайкы түшүнүк бар экенин, кээ бир спектаклдер чоң адамдарды дагы терең ойлонто турган, руханий азык бере турган чыгармалар экенин белгиледи.

- Бизде куурчак десе эле кичинекей балдардыкы деген тайкы түшүнүк бар. Тескерисинче, этика, тарбия деген мына ушул куурчак театрынан башталат. Адам бешикте жатканда эле бешигине илинген оюнчуктар менен чоңоюп жатпайбы. Анын сыңарындай куурчак театр коомго тарбия берет. Ошондуктан баалай билүү керек.

Кыргызстанга XIX кылымдын соңунда орустардын келиши менен куурчак оюну көрсөтүлгөн. Жергиликтүү калктан биринчи жолу Адамкалый Байбатыров куурчак ойнотуп, кыргыздарга тааныштырган. 1939-жылы Москвадан Мария Волкова келип, республикалык куурчак театрын уюштурган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москвадагы Обрасцов атындагы театрдан Виктор Швембергердин Кыргызстанга келиши менен профессионалдык куурчак өнөрүнүн доору башталган. Учурда Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында 27 артист, жыйырмага чукул техникалык кызматкер иштейт.

XS
SM
MD
LG