Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Максүтов: Туризм Ысык-Көл менен эле чектелбейт


Кыргызстанда кышкы туризм өнүгө баштаганы айтылууда.
Кыргызстанда кышкы туризм өнүгө баштаганы айтылууда.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөгө туристтерди тартуу үчүн мамлекеттен бир жылга 50 миллион сом сурап жатат. Азыр бул тармакка 7 миллион сом гана бөлүнөт.

Ошол эле кезде коомчулук арасында кыргыз туризмин эл аралык деңгээлде жарнамалоо аракети чабал экени сынга алынууда. Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов “Азаттыктын” ушул өңүттөгү суроолоруна жооп берди:

“Азаттык”: Эл аралык Euronews каналында коңшу Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга туристтерди чакырган жарнамалык роликтер улам көрсөтүлүп жатат. Бирок Кыргызстандын рекламасын байкай элекпиз. Өлкөгө чет элдик туристтерди тартуу жаатында кандай иштер аткарылууда?

Алтынбек Максүтов, Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри.
Алтынбек Максүтов, Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри.

Максүтов: Туризмди өнүктүрүү үчүн алгылыктуу эле иштер жасалып жатат. Мисалы, быйыл президенттин жарлыгы менен ички туризмди өнүктүрүү боюнча көптөгөн программаларды иштеп чыгып, азыр аймактардагы шарттарды жакшыртуу аракети жүрүп жатат. Анткени, туризм десе эле баары Ысык-Көлдү элестетет экен. Биз болсо бардык облус-райондордогу кооз жерлерге туристтерди чакыруу үчүн роликтерге сынак жарыяладык. Жашоочулар өз жеринин тарыхы, кооздугу тууралуу баяндашы керек. Туристтерди чакыруу үчүн тургундардын өзүндө ошол жерлер тууралуу жакшы маалымат болушу керек.

“Азаттык”: Бирок туристтери чакыруу керек да. Сырткы реклама тууралуу маселени айтып жатам. Беш-алты жыл мурун “Аль-Жазира” каналында бир жолу Кыргызстандын жарнамасы берилген. Өкмөт коңшу өлкөлөр сыяктуу реклама даярдаганбы? Же пландар барбы?

Максүтов: Пландар бар. 15-февралда Кувейтке барабыз. Ал жакта Кыргызстандын маданият күндөрү болот. Өлкөбүздү жарнамалаган көргөзмөлөрдү уюштурабыз. Туризмди өнүктүрүү боюнча макулдашуулар болот. Бул алдыдагы бир жума ичинде жасала турган иштер. Башка мамлекеттерге да Туризм департаменти ар түрдүү көргөзмөлөрдү уюштурат.

“Азаттык”: Көргөзмөдөн башка пландар жокпу?

Чоң-Алайга келген украиналык турист. 2012-жыл.
Чоң-Алайга келген украиналык турист. 2012-жыл.

Максүтов: Дүйнөлүк телеканалдарга реклама берүү өтө кымбат. Баары каржы маселесине келип такалат. Ошондуктан биздин министрлик интернетте кыргыз туризмин даңктаган атайын портал ачууну пландап жатат. Ал сайтта өлкөбүздүн сулуулугу, кооздугу жарнамаланат. Туристтерди азыр интернет аркылуу тартуу ыңгайлуу жол болуп турат. Андан сырткары, быйыл “Көчмөндөр оюндарын” экинчи ирет өткөрүүгө даярданып жатабыз. Ага ошол эле Euronews, TRT-Avaz, АКШнын жана Франциянын телеканалдарын чакырабыз.

Мурун биздин өлкөдө негизинен жайкы туризмге басым жасалып, Ысык-Көлдөгү шарттарга көңүл бурулчу. Соңку кездери кышкы туризм өнүгө баштады. Лыжа базаларында дүйнө жүзүнөн келген туристтер бар. Мисалы, Караколдогу мейманкалардын баары азыр толуп турат.

“Азаттык”: Туризмди өнүктүрүүгө өкмөт жылына канча сом бөлөт?

Максүтов: Жылына 7 миллион сом бөлүнөт. Анын үч жарым миллиону айлык акыга, калганы туризмди өнүктүрүү үчүн башка иш-чараларга жумшалат. Бул, албетте, кичинекей эле акча. Ошондуктан, азыр жаңы программа иштеп чыгып, жылына 50 миллион сом бөлүүнү сурадык. Башында 200 миллионго пландаганбыз, кийин 50 миллионго токтолдук. Программанын концепциясын өкмөткө 26-февралда беребиз.

Туризмди өнүктүрүүгө 50 миллион сом керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00

XS
SM
MD
LG