Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Бокс: мыктылар иргелүүдө


Бишкекте Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтүп жатат.

Алыска сапар айылдан башталса, кыргызстандык боксчулар үчүн ал Шопоковдун турниринен башталат. Себеби бул турнирдин жеңүүчүлөрү өлкөнүн бокс боюнча курамына кирип, чет өлкөдөгү мелдештерге, мыкты машыктыруучулардын колунда тапталууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Андыктан Казакстан, Украина, Орусия, Кытай өңдүү алты өлкөнүн мыкты мушкерлери учурда Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жүрүшөт.

56 килограмм салмактагы мушкер Мирбек Шеров эки жолу Кыргызстандын чемпиону болгону менен Шопоковдун турнирин багындыра элек. Андыктан быйыл мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керектигин Шеров жакшы билет.

- Шопоковдун турнирин биз башка мелдештерден жогору коебуз. Биринчиден, бул өзүбүздүн өлкөдө өтүп жатат. Экинчиден, Кыргызстандын курама командасына киргенге жакшы мүмкүнчүлүк. Мен эки жолу Шопоковдун финалынан утулуп калгам. Быйыл даярдыгым жакшы болду, алдыда эми көрө жатарбыз. Мыкты машыктыруучулар бизди байкап турушат. Олимпиада жана дүйнөлүк чемпионаттарга да курама команда ушул турнирден тандалат.

Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс турнири өз учурунда бүткүл союздун абройлуу мелдеши болуп келсе, эгемендүү тарыхта эл аралык турнирге айланды. Мелдештин географиясы КМШ өлкөлөрүнөн тышкары Кытай, Алжир, Таиланд, Ирак өңдүү өлкөлөргө чейин кулач жайган. Болгондо да өлкөлөр мыкты мушкерлер менен келишет.

Турнир медалы
Турнир медалы

Наам үчүн талпынгандар

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов Шопоковдун турнири Кыргызстандагы мушкерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин айтты.

- Бул турнирдин тарыхы бай. Анын үстүнө мелдештин жеңүүчүсү “спорт чебери” деген наамга ээ болушат. Ошондуктан боксчулар башка мелдештерден Шопоковдун турнирин жогору баалашат. Өзбекстан жана Казакстандагы дүйнө чемпиондорунун жеңишинин башаты дал ушу Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык мелдеште жатат.

Анын үстүнө жылына бир жолу Бишкекте өтүүчү Шопоковдун турнири башка өлкөлөр үчүн жаңы мушкерлерди дүйнөлүк аренага чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Алсак Украина бул саам эки мушкер менен келсе, экөө тең Украинада жаңы тапталып келаткан мушкерлер экенин аталган өлкөнүн машыктыруучусу Владимир Виников билдирди.

- Менин бир боксчум жаштар арасында Украинанын чемпиону. Азыр жаңыдан чоңдор менен рингге чыга баштады. Дал ушу балам медаль алат деген үмүттө турам. Дагы бир спортчум салмак кууп жатып, алдан тайып калган экен, тилекке каршы, утулуп калды. Шопоковдун турнири илгертен бери эле спортчуларыбыздын даярдыгын текшерүүгө ыңгайлуу турнир.

Украиналык машыктыруучу Владимир Виников Кыргызстан өз спортчуларын башка өлкөдөгү мелдештерге байма бай алып барып турушу керек дейт. Себеби коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын мушкерлери Азия же дүйнөлүк чемпионаттарда тажрыйбанын аздыгынан утулуп калышат.

Назаров: Орто Азияда өзбек боксчулары мыкты

Акыркы жылдары Өзбекстан менен Казакстандын бокс мектептери дүйнөлүк деңгээлге чыкты. СССРдин эмгек сиңирген мушкери, дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров Бишкектеги турнирде да коңшу казак жана өзбектер мыкты даярдыкта келгенин айтат.

- Кыргыз боксчуларынын арасында да жаштар бар экен. Ошол эле учурда өзбектердин 3-4 спортчусун белгилегим келет. Алар жакшы даярдыкта экен. Алматынын командасын да белгилеп кетишим керек. Арасында чындап эле жогорку даярдыктагы балдары бар экен.

1-февралда башталган бокс боюнча Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык турнир беш күнгө созулат. Бардык салмактагы финалдык беттештер жекшемби күнгө белгиленген.

Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоков атындагы алгачкы турнир 1974-жылы өткөн. Учурдагы турнир Бишкек шаарында 40-жолу өтүп жатат.

Бишкекте мыкты мушкерлер мелдешет
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG