Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Элазыкта казак, кыргыз, түрк болуп...


Фестивалга Кыргызстандан акындар Акбар Рыскулов, Карбалас Бакиров, Кожогелди Култегин, Атантай Акбаров, Жедигер Саалаев, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов катышты.
Фестивалга Кыргызстандан акындар Акбар Рыскулов, Карбалас Бакиров, Кожогелди Култегин, Атантай Акбаров, Жедигер Саалаев, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов катышты.

Түрк тилдүү элдердин маданият бирикмеси - ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү “Хазар поэзия кечтери” фестивалы быйыл Түркиянын Элазык шаарында болуп, ал 15-кылымда жашап өткөн чыгыш акыны, улуу ойчул Алишер Навоинин чыгармачылыгына арналды.

Кечеге түрк тилдүү өлкөлөрдүн 27 акыны катышты. Эл аралык фестивалга Кыргызстандан алты акын барып келди. "Хазар" эл аралык поэзия майрамы быйыл 26-майдан 29-майга чейин уланды.

"Аалыке жалгыз, Темике жалгыз, мен жалгыз..."

Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов Элазык шаарында өткөн поэзия кечелеринин биринде кыргыз жазуучуларынын ысымы угармандардын кулагында калса экен деген тилегин айтып, өзүнүн “Жалгыздык” аттуу ырын окуп берди:

Аалыке жалгыз, Темике жалгыз, мен жалгыз,

Алыкул жалгыз, Чыңгыз да жалгыз, сен жалгыз.

Атадан алтоо жаралсак дагы, жарандар,

Ар башка келер жалгыздык деген чен жалгыз.

Толубай жалгыз, тоолуктун болгон арманы,

Токтогул жалгыз, толкуган элдин ардагы.

Жападан жалгыз Алымкул, Калык, Осмонкул,

Жападан жалгыз Калыгул, Кылычтар дагы.

Акындын жолу арты да кийин ат баргыс,

Ашуудан өтөт, аскага жетет тапталгыс.

Азыр биз кээде аттарын чогуу атаган

Сүйүнбай менен Сооронбай экөө жапжалгыз.

Жашаса дагы бир мезгил, бирдей ай-жылда,

Жападан жалгыз болгонго алар кайгырба.

Жаралмак беле экиден Жалил, Рамистер,

Жаралмак беле кыргызда эки Байдылда?!

Жоолаша калсаң, колуңан түшпөй айбалтаң,

Жоо кеткен кезде… каласың кээде айран-таң.

Кыр-кырда өскөн кызгалдак эмей эмине,

Кыздардан чыккан Нуркамал менен Майрамкан?!

Жаштардын жолу ар дайым булут-бороондуу,

жаш кеткендерди эскербей калсам боломбу?

Жалгыздык баркын, жалгыздык дартын түшүндүк,

жашырып көргө Табылды, Турар, Жолонду!

Аалыке жалгыз, Темике жалгыз, мен жалгыз,

Алыкул жалгыз, Чыңгыз да жалгыз, сен жалгыз.

Жалгыздап чапкын жалгыз жол тапкын жаш акын

Калбасын десең Эл жалгыз.

Ыр майрамга катышкан акындар
Ыр майрамга катышкан акындар

Иш-чаранын алкагында акындар шаардын борбордук көчөсүндө жөө жүрүштөн өтүп, жогорку окуу жайларда, маданий борборлордо ыр окушту. Элазык шаарынын тарыхый жайлары менен таанышып, Хазар көлүнө зыярат кылышты.

Толкундаган акындар

Хазар поэзия кечтерине кыргызстандык акындардан Карбалас Бакиров, Атантай Акбаров, Жедигер Саалаев, Алтынбек Исмаилов жана Кыргызстан жазуучулар биримдигинин төрагасы Акбар Рыскулов менен Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин катышты.

Толкунданган кыргыз-казак акындары поэзия кечелеринен чыгып, автоунаада баратып да бирин-бири улап ыр окуп, жарпын жазышты. Мындай айтыштын бирин казак акыны Саят Камшыгер баштап, аны кийинкилер коштоп кетти:

Элазык бүгүн толду айдай,

Береке, бирлик орнайды, ай.

Казак мен Кыргыз, Түрк болуп,

Чогулуп учтук торгайдай.

Акбар Рыскулов:

- Кечигип келсек не жазык,

Кечирип койчу Элазык.

Азия, Азар көлүнө,

Атымды бергем мен азык.

Жедигер Саалаев:

Падышалар акындарын сыйлаган,

Шайырлары эл тагдырын ырдаган.

Амансыңбы, жакшы салттуу Элазык,

Ар өлкөнүн акындарын жыйнаган.

Ыр айтышты андан ары Кожогелди Култегин, Атантай Акбаров, Карбалас Бакиров жана башка түрк акындары коштоду.

Фестивалдан бир көрүнүш
Фестивалдан бир көрүнүш

Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, акын Кожогелди Култегин Элазык шаарында өткөн “Хазар поэзия кечтери” эл аралык фестивалы мурда Кеңеш өкмөтүнүн курамында турган түрк тилдүү өлкөлөр эгемендик алгандан кийин уюшулганын белгилеп, Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы менен жашташ экенин айтты:

- Кезинде Чыңгыз Айтматов чакырылып, бул фестивалдын ардактуу коногу болгон. Бул айрыкча түрк дүйнөсүндөгү жалпы акындарды, жазуучуларды Түркияны таанууга мүмкүндүк түзгөн көрүнүктүү фестиваль. Жыл сайын Кыргызстандан өкүлдөр катышат. Быйылкысы Кыргызстан үчүн өтө өзгөчө болду. Бул жолу алатоолук жети акынга катышууга мүмкүндүк берилди.

Кожогелди Култегин менен Жедигер Саалаев.
Кожогелди Култегин менен Жедигер Саалаев.

Улуттук жазуучулар биримдигинин төрагасы Акбар Рыскулов фестивалга ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Улуттук жазуучулар биримдиги жана Коомдук телерадио корпорациясы биргеликте өткөргөн “Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүлөрү жана анын катышуучулары чакырылганын айтты:

- Мен өз сезимимде, ички дүйнөмдө толкундап турам. Анткени биздин акындар өздөрүнүн талантын эл аралык деңгээлде дагы бир жолу ырасташты. Окурмандар менен кызыктуу жолугушуулар болду. Азыр баарыбыз жаңы таасирлер менен кайтып баратабыз. Буюрса ушундай иштерди жалгаштырып, улантышыбыз керек. Биз Улуттук жазуучулар бирлиги жакында жаш жазуучулардын республикалык конкурсун өткөрөлү деп турабыз. Бул жерде үйрөнгөн тажрыйбабызды өз жергебизде да уласак деп ойлойбуз.

"Хазар" эл аралык поэзия майрамы быйыл 26-майдан 29-майга чейин болуп өттү. Ага учурда түрк-орус мамилесинин татаалдашканына байланыштуу Орусия курамында турган түрк тилдүү улуттардан чубаш, татар акындарынан башкалары келбей калганы айтылды.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG