Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Түркия: кыргыз студенттеринин көйгөйүн ким чечет?


Түркиядагы кыргыз студенттери. (сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Түркиядагы кыргыз студенттери. (сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Түркияда билим алып жаткан жүздөгөн кыргызстандык студенттер каникул маалында мекенине келип-кете албай кыйналып жатышат.

Анткени жападан жалгыз Түркия-Кыргызстан каттамын жүргүзгөн “Түр аба жолдору” компаниясынын билети өтө эле кымбат.

Мекенге келип-кетүү машакаты

Түркиядан “Азаттыкка” өзүн Талант Чокутаев деп тааныштырган студенттен кат келди.

Катта соңку беш жылдан бери Түркияда билим алып жаткан кыргызстандык жаштар үчүн эс алуу маалында мекенине келип кетүү чоң машакатка айланганы, алар жыл сайын Бишкек-Стамбул каттамы боюнча жаңы рейс ачылат деген үмүт менен жашай турганы айтылат.

Айрыкча жаңыдан барган студенттер бөтөн жерге адеп келгенде көнө албай, чүнчүп, үйүнө бара албай калса катуу депрессиияга кабылары белгиленген.
Жайында мисалы барып келиш 1000 долларга чыгат. “Түрк аба жолдору” деген компания эң жакшы пайданы ушу Кыргызстан-Түркия каттамынан табат. Таштан Сопиев

Мындай проблема көптөн бери эле бар экенин “Азаттык” кепке тарткан студенттердин баары бир ооздон ырасташты.

Таштан Сопиев азыр Түркиянын Анкара шаарында компьютердик инженерия боюнча магистратурада окуп жатат. Ал жакка кыргыз-түрк өкмөттөрүнүн билим берүү боюнча келишимине ылайык барып акысыз, стипендия алып окуп жаткан студенттердин бири:

- Биздин стипендиябыз 170-200 доллардай болот. Даярдоо курсундагылар өзүнчө баа менен алышат. Бакалавр, магистр жана докторлор өз-өзүнчө алышат. Бул жакта билет кымбат ошондуктан эки жылдын ичинде Кыргызстанга бир эле жолу келип кеттим.

Бул жакта студенттер Кыргызстандагыдай иштеп акча таба алышпайт. Студенттерге иштегенге болбойт. Эгер полиция кармап калса алар окуу жайдан чыгарттырып салышы да мүмкүн. Ошондуктан билетке акчаны бул жактан өзүбүз кичинеден чогултабыз. Жетпей калса үйдөн сурайбыз.


Таштан Сопиевдин айтымында, билетке акча топтой албай кыйналган студенттер көп. 2005-жылга чейин Түркия-Кыргызстан каттамын “Итек-Эйр” авикомпаниясы да жүргүзчү экен. Ал каттам токтотулгандан кийин “Түрк аба жолдору” билет баасын каалагандай бычат:

- Жайында мисалы барып келиш 1000 долларга чыгат. “Түрк аба жолдору” деген компания эң жакшы пайданы ушу Кыргызстан-Түркия каттамынан табат. Анткени бул каттамды жүргүзгөн бир эле фирма болгондуктан, атаандаштык жок, каалаган баасын коёт.

Түркиядагы алатоолук студенттердин айтымында, алар бул көйгөй тууралуу Кыргызстандын элчилигине бир нече ирээт кайрылышкан.

Бул жактан барган аткаминерлердин баарына мүмкүн болушунча арманын айтып калганга аракет кылышат.

Түркиядагы Билим берүү министрлигинде кыргыз студенттери менен иш алып барган бөлүмдүн өкүлү Заирбек Малашевдин айтымында, баары проблема чечилет деген убада беришет, бирок ал сөз бойдон калууда:

- Биз бул проблеманы бул жакка келген биздин депутаттар болсун, же башкалары болсун, баарына эле кайрылабыз. Бул жактагы элчиликке да кайрылдык.

Төңкөрүштөн мурунку элчибиз аракет кылабыз, сүйлөшүүлөр болуп жатат деген эле. Ал сүйлөшүүлөр төңкөрүштөн кийин кандай болгонун деле билбейбиз. Мына андан кийин келген жаңы элчибиз карап көрөбүз деген, бирок ал жөнүндө деле азыр эч нерсе жок.


Жекшемби күнү чалгандыктанбы, айтор, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Министрдин орун басарынын бул маселеден кабары жок
Адатта чет мамлекеттерге колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары барат да... каражат жагынан кыйналып атышат дегенди биринчи жолу угуп жатам.
Борис Кубаев

Билим берүү министринин орун басары Борис Кубаев болсо “Азаттыкка” мындай проблема бар экенин биринчи жолу угуп жатканын, эгер студенттер министрликке расмий кат жолдосо алардын көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылышарын айтты:

- Муну биринчи жолу угуп жатам. Адатта чет мамлекеттерге колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары барат да. Башка маселелер боюнча, программа тууралуу, академиялык өргүү боюнча сыяктуу проблемалар боюнча кайрылышчу, бирок каражат жагынан кыйналып атышат дегенди биринчи жолу угуп жатам.

Ооба “Түрк аба жолдорунун” билеттери абдан кымбат. Аны алтүгүл ишкерлер да албай жатышат. Биз эми бюджеттик мекемебиз да, биз эми аларга кантип жардам бере алабыз? Ата-энелери эле жардам бербесе.

Бирок бизге студенттер расмий кайрылышкан эмес, эгер кат жөнөтүшсө биз бул жактан түрк элчилигине чыгып, эми бекер жеткиргиле деп айта албайбыз, бирок кичине жеңилдик бергиле деп кайрылып көрөбүз.


Расмий маалымат боюнча, учурда Түркияда бул мамлекеттин эсебинен окуп жаткан 750гө жакын кыргызстандык студент бар. Өз жолу менен келип окуп жаткандарды, дин иштер кызматы аркылуу баргандарды, Милиция академиясы жөнөткөндөрдү кошкондо жалпысынан алатоолук студенттердин саны 1200дөн ашат.

Алардын арасында беш жылдан бери үйүнө келип, ата-энеси менен учураша албай, акыры дос-тааныштары баарылап жатып акча чогултуп үйүнө жөнөткөн студенттер да бар экени айтылууда.
XS
SM
MD
LG