Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Батыралиев: жаңы ооруканаларды куруу зарыл


Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев "Азаттыкка" маек курду.

Кыргызстанда жаңы медициналык шаарчанын долбоору даярдалууда. Бейтаптарды ары-бери жүгүртүп убара кылбай, ыңгайлуу оорукана шаарчасын куруу иштери качан башталары так эмес. Жакында эле ушундай комплекс Түркиянын Мерсин шаарында ачылды. Ага катышкан министр Батыралиев Кыргызстандагы болочок медициналык шаарча тууралуу айтып берди.

"Азаттык: Мерсинде ачылган оорукана шаарчасы кандай системада салыныптыр?

Батыралиев: Ал оорукана дүйнөдөгү эң үлгүлүү системанын бири экен. Медициналык шаарча долбоорунун үстүнөн биз да иштеп жатабыз.

Өткөндө жер тууралуу бир маселе чыккан. Биз дагы бул долбоордун аягына келип калдык. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк кылып жарандарга ыңгайлуу, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө убакыт жетти. Мурункудай бейтапты шаардын бир четинен экинчи четине кыйнабай, бир жерде ыкчам кызмат көрсөтүүгө убакыт келди. Мен да ооруканаларда көп жаттым, көйгөйлөрдү жакшы билем. Биз кырдаалга бейтаптын көзү менен карашыбыз керек.

Кээде биздин догдурлар көнүп калган адаты менен эле уланткысы келет, бирок бул оорулуунун абалына эч ыңгайлуу эмес. Бир операциянын консультациясы, даярдануусу деп көп убакыт өтүп кетет. Ал эми иштелип жаткан долбоордо имараттар кышында жылуу, жайында салкын, системанын баары автоматташкан болот. Ошол эле учурда сыркоолордун жакындарына да шарт түзүлүшү керек. Демейде жакындары же коридордо, же сыртта күтөт.

"Азаттык": Кыргызстанда сиз айткан медициналык шаарча кайсы жерде, кандай шарттарда курулат?

Батыралиев: Биз өткөн жылы президенттин колдоосу менен ушул маселени көтөрүп чыкканбыз. Бул чоң медициналык шаарча катары ичинде бардык шарттары болгон курулуш болушу керек.

Чүй облусунан жер кароо боюнча ишибиз болбой калды. Анткени бизге ылайыктуу жерлер 2000-жылдары сатылып кеткен экен. Алар менен соттошуу мүмкүн эмес. Азыр долбоордун аягына чыгып калдык. Бардык бөлүмдөр бир жерде жайгашса оорулуунун көйгөйү тезирээк чечилмек. Бул жылы ушул долбоорго колдоо алабыз деп ойлойм.

"Азаттык": Инвесторлор кимдер болушу мүмкүн?

Түркиядан дары алдыргандар арбыды

Түркиядан дары алдыргандар арбыды

Социалдык тармактарда апта сайын кеминде эки-үч мекендешибиздин "Түркиядан дары берип жиберет элем, ала кеткилечи" деген кайрылуусу чыгат.

Батыралиев: Ким болсо болсун. Инвестициядан коркпош керек. Америка, Орусия деле инвестиция менен көтөрүлүп жатат. Инвестиция десе карыз деп ойлобош керек. Эгер бүгүн фабрика курганга акчаң жетпей жатса, инвестиция менен акча алып, жумуш ордун берип, ошонун өндүрүшү менен эле карыздан кутулса болот. Негизгиси таза иштеп, таза системаны орнотуу зарыл.

"Азаттык": Азыркы тапта Түркияга Кыргызстандан көп бейтаптар келип жатышат. Эгер сиз айткан оорукана болуп калса Түркиядагы дарыланууну Кыргызстандан ала алабы?

Батыралиев: Биз элдин санынын өсүшү менен ооруканалардын санын көбөйтүшүбүз керек. Ошондо сапаты көтөрүлөт. Бирок азыр Фучикте курулуп жаткан оорукана Борбор Азиядагы эң чоң курулуш.

"Азаттык": Анын ичинде бардык бөлүмдөр барбы?

Батыралиев: Бардык бөлүмдөр бар, бирок өлчөмү аз. Андай ооруканалар бизде көп болушу керек. Бишкекте гана эмес, облустарда да болушу керек. Мурун эң жакшыларын борборго топтоп алганбыз да. Ал эми айылдан ооругандын баары Бишкекке келип жатпайбы. Ошондо бир оорулуунун көзү менен карасак, кышында Казармандан 18 саатта келишет. Чаткал жабык. Ала-Бука, Баткенден келиш үчүн бир күн кетет. Бир оорулуунун ушул жерге келиши оңой эмес да.

"Азаттык": Анда планда облустарда да жаңы ооруканаларды куруу каралганбы?

Батыралиев: Ооба, албетте. Бирок мен Фрунзеде окуп жүргөндө эле ушул ооруканалар болчу. Жаңысы курулган жок. Кытайлыктардын жардамы менен урология тармагында курулду. Башкалары мен окугандагы эле эски ооруканалар. Бүгүн жарандарыбыз башка өлкөлөрдөн гана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү алып жатат. Биз ошону Кыргызстанда беришибиз керек.

"Азаттык": Чет өлкөгө бейтаптарды жибербей, өзүбүздө ошол эле акчага дарылануу үчүн шарт түзсө болобу?

Батыралиев: Ошол шартты түзүш үчүн жаңы курулуш керек. Анткени акчабыздын баары эле эски имараттарды оңдогонго кетип жатат. Туугандарым "кайсы жакка барып дарылансак?" деп кеңеш сурашат. Мен чет өлкөгө барып дарылануу кандай кыйын экенин жакшы билем.

"Азаттык": Рахмат.

4-февралда Түркиянын Мерсин шаарында ачылган оорукана шаарчасы деп аталган комплекс өлкөдөгү медициналык ири мекеме.

232 чарчы метрди ээлеген бул комплексте онкология, педиатрия жана төрөт, психиатрия сыяктуу ооруканалар бири-бирине жакын жайгашкан. Ичиндеги бардык аппараттары соңку технологиялар менен жабдылган. Күнүнө сегиз миңге жакын бейтапты кабыл алууга ылайыкталган. 51 операция жасалчу бөлмө, 210 реанимация бөлүмү, 12 миң орундуу бейтапкана, төрт миңден ашуун машина токтотуучу жай жана тик учактын конуусу үчүн жер да каралган. Бул комплекстеги ооруканалар Түркиядан жана дүйнөдөн келген бейтаптарга да кызмат көрсөтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG