Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Акбар Кутлу тарых жазат


Рахманкул хандын уулу, aйкелчи Акбар Кутлу атасы, ал башкарган ооган кыргыздары жөнүндө китеп жазып жатат.

Ван дубанындагы Эржиш шаарында 100 жыл университетине караштуу техникалык коллежде көркөм өнөрдөн сабак берген профессордун сүрөтчү агасы Малик Кутлу беш ай мурда өтүп кетиптир.

"Тырнактайыбыздан чогуу өскөн, Памирдин жаратылышын бирге таанып, көркөм дүйнөгө чогуу кадам таштаган агаман айрылып, жетим калдым" - деди.

Уулу Фатих ушул эле коллежде математикадан сабак берет. Орто бой, чымыр дене, кара каш, кара мурут Фатихтин сабагында болдук.

Коштошоордо Акбар Кутлу агасы Малик 1990-жылы тарткан "Топоз кербен" деген сүрөтүн берди. Сүрөттө ак кар, көк музда тоңуп, тумак кийген кыл мурут жигит алысты тигиле карап, боз үйдүн түндүгү жүктөлгөн топоз менен келатат...

Эржиш, Түркия

XS
SM
MD
LG