Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Кыргыз жигити Дубайда Кунг Фу мектебин ачты


Кубанычбек Төрөбаев Винг Чунг Кунг Фу мектебинин ачылыш аземинде. Дубай, 2011-жылдын 5-апрели.
Кубанычбек Төрөбаев Винг Чунг Кунг Фу мектебинин ачылыш аземинде. Дубай, 2011-жылдын 5-апрели.

Чыгыштын эр өнөрү – Винг Чунг Кунг Фу менен буга чейин Дубайдын полиция кызматкерлерин машыктырып келген Кубанычбек Төрөбаев эми ишин дагы кеңейтип, бул өнөр боюнча мектеп ачты.

Азыр 35 жаштагы Кубанычбек Төрөбаев Дубайда билим алып, ошол жакта калып калган. Алгач ар кайсы компанияларда жалданып иштеп жүрүп, кийинчерээк бала кезден үйрөнгөн Кунг Фунун үзүрүн көрө баштаганын айтат. Бул өнөрүн байкап калгандардан сунуштар түшүп, Дубайдын полиция кызматкерлерин машыктыра баштайт.

Анын Кунг Фуга кызыгуусу бала кезинен башталган экен:

- 7-класста окуп жүргөнүмдө бир баладан токмок жеп калдым. Аябай арданып, ыйлап үйгө келсем телевизордо “Альманах” деген көрсөтүүдөн Жет Линин Шао Лин оюнун көрсөтүп жатыптыр. Ушинтип коргонсо болот турбайбы деп кызыгып калдым. Анан кадимки атактуу Брюс Линин кинолорун кунт кою менен көрүп, Жит Кун До менен машыга баштадым. Анан Брюс Ли бул ыкманы каяктан алганын изилдеп отуруп, Гонконгго жеттим. Көрсө Брюс Ли муну Вин Чунг Кунг Фудан алган экен. Гонконгдо Брюс Линин экинчи устаты Чоу Зе Чуенге жолуктум. Бирок ал киши улгайып калгандыктан мен анын шакирти Доналд Мактан таалим алып калдым. Анын Гонконгдо Вин Чунг Кунг Фу боюнча эл аралык институту бар, мен ушул жерде окудум.

Кыргыз жигити Дубайда Кунг Фу мектебин ачты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00



Кубанычбек Дубайда өзүнө бир топ шакирттерди да даярдады. Кыргызстандык Матазим, Самат жана өзбекстандык Озодбек аттуу жигиттер жаңы ачылган мектепте Винг Чунг Кунг Фу боюнча таалим беришет.


Кыргыз жигити Дубайда Кунг Фу мектебин ачты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00



Бул өнөр боюнча Дубайдагы мектептин ачылышына жана шакиртинин ишинен кабар алганы атайын Гонконгдон Кубанычбектин устаты Доналд Мак да келди. Мектептин ачылышы Дубайда 5-апрелде өтүп, ага жергиликтүү араб коомчулугунун да көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.


Кыргыз жигити Дубайда Кунг Фу мектебин ачты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00


Кубанычбек Төрөбаев мындан сырткары ишкерлик менен да алектенет экен. Дубайдагы кыргыз ишкерлеринин дагы бир максаты – Бириккен Араб Эмираттарындагы инвесторлорду Кыргызстанга тартып, туризм, курулуш жана башка тармактарда бир катар долбоорлорду ишке ашыруу. Алар бирок буга Кыргызстандагы кырдаал тоскоол болуп, өлкөдөгү саясий туруксуздук инвесторлорду чочутуп жатканын, эгер кыргыз тараптан кепилдик болсо бул долбоорлорду тез арада эле баштаса болоорун белгилешүүдө.

"Азаттык плюс" жаштар телеберүүсүнүн Винг Чунг Кунг Фу жана Кубанычбек Төрөбаевдин Дубайда ачкан мектеби тууралуу чыгарылышын Коомдук телеканалдан дүйшөмбү, 18-апрель күнү, кечки саат тогузда көрө аласыздар.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG