Азыркы жаштар убакытты туура пайдаланууну билеби? Деги кыргыздар убактыларын кандайча пландаштырышат? Адам баласынын жашоосун жөнгө салуу үчүн ар кыл баалуулуктар берилген, алардын эң маанилүүлөрүнүн бири – убакыт. Убакытты туура, эң негизгиси сарамжал пайдалануу бизге эмне берет? Адистер ишти өз убагында бүтүрбөө же дал эртең керек дегенде жасоо стресске алып келчү нерселер экенин эскертишет.
Ушул багыттагы адис Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, ааламдашуу учурунда адам баласы убакытты паландаштыруунун техникаларын үйрөнүү зарыл. Бир нече жыл чет жакта окуп, иштеп да келген Аскарбек Мамбеталиев бул Батышта жана башка өнүккөн өлкөлөрдө атайын курс катары киргизилип, окутулаарын ырастады.
- Бул суроо өтө актуалдуу да, өтө кызык дагы. Ал тургай президенттик шайлоодон да кеызык деп ойлойм. Биз азыр убакытты паландаштыруунун техникаларын үйрөнүүбүз зарыл. Бул Батыш, Япония ж.б. өнүккөн өлкөлөрдө атайын курс болуп сабактарга киргизилет экен. Бизде азырынча андай жок.
Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, убактысы жетишпей дайыма шашып жүрүү, белгиленген убакытка ишин бүтпөй калуу, жумушта бүтчү ишти үйүнө көтөрүп баруу да адамды депрессияга алып келет. “Айрым учурда дал ушул убакытты туура пайдаланууну билбегендиктен же ага көңүл бурбагандыктан улам көптөгөн үй-бүлөлөр бузулууда”.
Убакытты пландаштыруу үч нерсенин негизинде турат. Биринчи, убакытты туура пландаштыруу, пландаштырган нерселерди аткаруу жана аткарылбай калган нерселерди эсепке алуу. Негизгиси убакытты сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек. Анткени убакыт деген – бул өмүр.
Адистер убакытты коромжу кылчу бир топ жагдайларды эске ала жүрүү ашыктык кылбасын белгилешет. Алар:
1. Жеке өзүңүздөгү тартиптин жоктугу жана башаламан иштөө. Мындай учурда көп учурда бүгүн жасалчу иштин көбү бүтпөй калат, же жумушка, айтылган жерге кечигип барсыз. Экинчиден, бир убакта бир нече ишти башыңызга үйбөңүз. Бул бир эмес, бардык иштин бүтпөй калуусуна алып келет.
2. «Жок» деп айта албагандык. Убакытты үнөмдөп, керектүү учурларга гана пайдалангыңыз келсе «жок» сөзүн айтканга үйрөнүңүз. Бул сөздү айтуу менен жакындардын, тааныштардын көңүлүн оорутуп алам десеңиз, алгач «жок» деп айтып туруп, анан себептерин түшүндүрүңүз.
3. Азыр эле жасалып кала турган ишти кийинкиге жылдыруу - башка иштердин топтолуусуна, жыйынтыгында аларды аткарууга убакыттын тар болгонуна алып келет. Кандай иш болбосун анын маанилүүлүгүнө, зарылдыгына карап күндүн биринчи жарымында аткарууга аракет жасоо абзел.
5. Чыгынбастык. Убакытты туура пайдалануудагы негизги тоскоолдуктардын бири – чыгынбастык. Кайсыл бир иштин зарыл экенин, бир убакта барыбир бүтүрүү керектигин эске алып, б.а. өз убагында чыгынып бүтүрүп коюу зарыл. Бул башка жаңы жумуштарды ошол ишке илинбестен жасоого жол ачат.
Адистердин пикиринде кыргыздар убакытты сарамжал пайдаланууну билбейт. Көбүнесе той-тамаша, куда-сөөк ж.б. у. с. салт-санааларга өмүрүнүн жарымын кетиришет дешет алар. Мисалы, Кыргызстандагы 100 бай адамдардын катарына кирген, “Шоро” компаниясынын президенти Табылды Эгембердиев да убакытты натыйжалуу пайдалана албаганын билдирди. Ал убакытты пайдалана билүү тарбиядан деп ойлойт:
- Мен убакытты туура пайдаланууну таптакыр билбеген кишимин. Кыргыздын той- тамаша, шаан-шөкөтүн жактырбайм, убактым жетпейт. Кыргыздын азабы да, биринчи душманы да ошол. Бул жашоого келген соң анын 90 пайзын эле уктап эле өткөрөбүз. Бош боло калсам эле китеп окуйм.
Эми убакытты пландаштыруунун эрежелерине токтоло кетели:
1. Бир топ күндө бүтүрчү ишти бир күндө бүтүрүүгө тырышпа.
2. Күтүүсүз чыкчу иштер үчүн запаска убакыт бөл.
3. Бир ишти бүтүрбөй туруп, экинчисине ашыкпа.
4. Бир ишти майда бөлүктөрүнө чейин бүтүрүңүз.
5. Бардык ишти өзүң жасай бербей, башкаларга тапшырма берүүнү үйрөн.
6. Жагдайды иштерман болууга ылайыкта. Иштөөгө түрткү бере турган жагдайларды түзө жүрүү зарыл.
7. Биринчи кезекте тез жасалчу же жөнөкөй тапшырмалардын баштаңыз.
Адистердин айтымында, убакытты туура пайдалануу жашоодогу мүмкүнчүлүктөрдүн толук ачылышын камсыздайт. Өмүрдүн кадыр-баркына жетүү жана жашоого чыгармачылык мамиле жасоону үйрөтөт.