Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Сариев: Украиндер орус бийлигине ишенбейт


Украинанын орусиячыл жикчилдер менен уруш жүрүп аткан аймагынын картасы.
Украинанын орусиячыл жикчилдер менен уруш жүрүп аткан аймагынын картасы.

Эгер Орусия Украинада тынчтык орнотууга макулдугун билдирип, бирок тымызын кол салууларын уланта берсе кырдаал жөнгө салынбайт. Мындай пикирин "Азаттыктын" Киевдеги тургундардын жалпы маанайы боюнча суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы кыргыз жамаатынын башчысы Таалай Сариев билдирди.

Сариев: Киевдин тургундары санаа, кайгыруу менен жашап жатат. Албетте, өлкөнүн чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жолугушууларга артылып жаткан үмүт чоң, бирок ошол эле учурда Орусия тарапка ишеним аз болууда. Анткени буга чейинки бардык келишимдер бузулуп жатты, алар убадасына турган жок.

"Азаттык": Минскиде өткөн соңку саммитте 15-февралдан тарта ок атышууну токтотуу тууралуу келишим кабыл алынганы айтылды. Ошол жолугушуунун форматын эске алганда бул жолку келишим реалдуураак деп үмүттөнсө болобу?

Орусия менен Украинанын ортосундагы пикир келишпестик азайса, жок дегенде ок атышуу токтосо үмүт пайда болот эле.

Сариев: Эгер Орусия менен Украинанын ортосундагы пикир келишпестик азайса, жок дегенде ок атышуу токтосо үмүт пайда болот эле. Менимче, ушул күнгө чейинки тартылып алынган аймактар ошол бойдон эле калып кетет болуш керек. Бирок кандай болгондо да тынчтык орносо элге жакшы болот эле.

"Азаттык": Жикчилдерге каршы күрөшкө өз эрки менен чыккандар көп элеби?

Сариев: Өз ыктыяры менен согушканы барам дегендер башында аябай көп болчу. Жайында. Азыр расмий түрдө аскерге чакыруу жүрүп жатат, этап-этабы менен. Албетте, өздөрү баргандар да бар, ошол эле кезде качкандар да бар. Себеби, адамдар ар кандай да. Айрымдары эмне болсо ошол болсун, бөлүнсө бөлүнө берсин деп коюшу мүмкүн.

Бардыгы Орусиянын жетекчилерине байланыштуу. Эгер алар ар кандай оюндарды жүргүзүп, "ооба" демиш болуп, тигил жакты аткылай берсе, анда АКШдан курал келүүсү туура.

"Азаттык": Эгер маселени дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн болбой калса, Вашингтон украин армиясына курал-жарак бериши мүмкүн деп айтылууда...

Сариев: Бардыгы Орусиянын жетекчилерине байланыштуу. Эгер алар бул согушту токтотууга чын ниети менен кадам шилтесе, анда токтойт, эскалация болбойт. Бирок эгер ар кандай оюндарды жүргүзүп, "ооба" демиш болуп, тигил жакты аткылай берсе, анда АКШдан курал келүүсү туура.

Украинанын курал-жарагы азыраак болуп жатпайбы. Мамлекет алсыз болсо басып кире берет да. Мисалы, макул, Донбассты бердик деп отуруп калса, дагы бери кирип келиши мүмкүн деп коркуп жатышат.

Мейли, бул жерди берели, бирок андан кийинкиси эмне болот, дагы бери басып кирбейт, мисалы, Одессаны басып албайт деген кепилдик жок.

Украиналыктардын көбү курал берсе экен деп жатат, анткени курал-жарак жетишпей эле турат. Чындыгы ошол.

XS
SM
MD
LG