Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

БУУ-Кыргызстан: Кызматташтыктын үзүрү жана өксүгү


2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү кайгылуу окуялар учурунда жапа чеккендерге БУУнун тармактык уюмдары гуманитардык жардам көрсөтүштү.
2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү кайгылуу окуялар учурунда жапа чеккендерге БУУнун тармактык уюмдары гуманитардык жардам көрсөтүштү.

БУУ менен Кыргызстан 2012-2016-жылдарга кызматташтыктын программасына кол коюшту. Жаңы программада Кыргызстанга 200 млн доллар бөлүү каралган.

Бүгүн БУУ менен Кыргызстандын жакынкы төрт жылдагы кызматташтыгынын программасына премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Нил Волкер кол коюшту. Программа боюнча Кыргызстанга 200 млн. доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүү пландаштырылууда.

БУУнун жардамы үч негизги багыт боюнча жумшалат. Биринчиси – өлкөдө тынчтык жана ынтымакты чыңдоо, адам укуктарын колдоо жана демократиялык эффективдүү башкаруу. Экинчи багыты – социалдык теңчилик, социалдык камкордук, азык-түлүк коопсуздугу, билим берүү жана саламаттык сактоо. Үчүнчү багыты - жакырчылыкты кыскартуу, жумуш орундарын түзүү.

БУУнун туруктуу өкүлү Нил Волкер бул максаттарга жетишүү үчүн мүмкүн болгон ресурстардын баары жумшала турганын билдирди.

Нил Волкер БУУнун Кыргызстанга каржылык жардамынын көлөмүн пландалган 200 млн доллардан дагы көбөйтүү боюнча аракеттер болорун айта кетти.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев жооп сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмуна Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазылык билдирди жана БУУнун жардамынын Кыргызстандын бардык тармагы үчүн мааниси зор экенин баса белгиледи.

Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү, укук коргоочулар өткөн жылдагы кайгылуу окуялардан кийин Кыргызстанга улуттук жана саясий ынтымакты чыңдоого, адам укуктарын коргоо жаатында БУУнун жардамынын мааниси чоң экенин белгилешүүдө. Бирок ошол эле учурда БУУнун гранттык каражаттарынын эффективдүү иштетилбей жатканын сынга алышууда.

- Постконфликтеги Кыргызстан чынында жардамды абдан күтүп жатат. Ошон үчүн эл аралык уюмдар Кыргызстандагы ишмердигин жакшылап анализдеп, ачыктык жана жоопкерчилик принциптерин колдонушу керек. Биз көп билебиз БУУнун программаларын. Алардын ичинде жакшылары да бар, сынга алчулары да бар. Мисалы "Демократиялык башкаруу" деген программасы бар. Анын көп компоненттери бар. Бирок буларда көбүнчө маалымат жок болот, эмнегедир Кыргызстанда отурган эксперттер маалымат беришпейт. Экинчи жактан тааныштык дагы бар, үчүнчүдөн ошол эксперттер көп акча алышат, бирок канча экенин эч ким билбейт. Ачыктык жок. Теңчилик да жок. Мисалы улуттук экспертке ошол БУУнун эксперттериндей төлөнбөйт. Ушундай дискриминация бар экенин ачык айтышыбыз керек. Ал эми эффективдүүлүгү кандай? Мисалы мурдагы "Ак-Жолдун" парламентине менеджемент жасашты, андан кийин экинчи парламентке дагы менеджемент жасашты. Бирок ошондо дагы эл жакшы катыша алган жок бул ишке. Бир-эки эксперт биз адам укугун жазып койдук деп айтышат. Бул туура эмес. Өкмөттө отургандар БУУнун эксперттери менен чогуу акча бөлүшөт, бирок кыргыз элине, кыргыз саясатына, кыргыз системасын өнүктүрүүгө анча кызыкчылык жок. Ошон үчүн жаңы өкмөт жана БУУнун структуралары 2010-жылдагы кайгылуу окуяларды терең талдап, жардам берген программалары эффективдүү болуп жатабы же жокпу деп ойлонуп карап көрүшү керек,- деди "Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.

БУУ Кыргызстанга соңку беш жыл ичинде 217 млн доллар өлчөмүндө гранттык жардам көрсөткөн. Мурдакы программада алгач 60 млн эле пландаштырылган экен, иш жүзүндө Кыргызстанда өткөн жылдагы саясий окуялар, ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу жардамдын көлөмү көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG