Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Үркүн: табылган сөөк "Ата-Бейитке" коюлбады...


Үркүн: сөөктү кайра көмүү талаш жаратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

Үркүн: сөөктү кайра көмүү талаш жаратты

Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия Ысык-Көлдүн Чаар-Арча аймагынан табылган сөөктү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине койбой калды. 1916-жылдагы кандуу окуяда каза болгон деп болжолдонгон маркумдун сөөгү эми кайра Чаар-Арча аймагына жеткирилип, ошол жерге көмүлмөй болду.

Буга өкмөттүк комиссиянын сөөктү адегенде атайын экспертизадан өткөрүү сунушу себеп болду. Сунушка көз карандысыз комиссиянын тобу макулдук берген жок.

Саясатчы Азимбек Бекназаров мындан улам "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин кире беришинде буларды айтты:

- Бизди ушунтип тукум курут кылып, маңкурт кылып койгону үчүн жалпы орус падышалыгын күнөөлөйм. Бир адамга жата турган жай бере албай жатып миллондогон сомго эстелик куруп жатканына азыркы бийликти күнөөлөйм. Биз сөөктү өкмөткө берели дедик. Бирок ишенген жокпуз. Эртең алып барып “бул сөөк бир селсаяктыкы экен, өлгөнүнө 25 эле жыл болуптур” деп жыйынтык чыгарып, саясат кылышыңар мүмкүн. Ошондуктан бере албайбыз. Бирок Бекназаров алып келген сөөгүн бизге көрсөтпөй алып кетти дебеш үчүн аны азыр мен силерге көрсөтүп, ушул жерден куран окутуп, анан алып кетебиз.

Бекназаров иш-чарага чогулгандарга өздөрү алып келген адамдын куу башы менен үч жилигин көрсөтүп, куран окулгандан кийин сөөктү эртеңден калбай жерге берүү керек экенин айтып, жөнөп кетти.

Үркүндүн 100 жылдыгын эскерүүнү уюштуруу боюнча мамлекеттик комитеттин мүчөсү Султан Раевдин айтымында, бул жерде эч кандай саясий маселе жок, өкмөт сөөк көмүүдө мыйзамдуулукту гана талап кылды. Алып келинген сөөк медэкспертизадан өткөрүлүп, аны көмүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими чыгыш керек эле:

- Эми бул "Ата-Бейит" мамлекеттик музей-комплекси эмеспи. Эгер бул жерге кандайдыр бир иш-чара боло турган болсо, ал өкмөттүн чечими менен, мыйзамга таянып, анан ишке ашуусу керек да. Расмий өкмөт бул жерде болгону “табылган сөөктү медэкспертизага бергиле” деди. Мында эч кандай талаш жок. Буга чейин көптөгөн сөөктөр табылган жеринде эле жерге берилди да. Шарт боюнча сөөктү медэкспертизадан өткөрүп, ага уюштуруу комитетинин төрагасы кол коюп, "Ата-Бейитке" койгонго чечим чыгарып бериш керек эле. Андыктан бул жерде эч кандай талаш-тартыш боло турган деле маселе жок. Биз болгону мыйзамды талап кылып жатабыз.

Раев буга улай "Ата-Бейитте" Үркүндүн 100 жылдыгына арналган эстеликтин курулуш иши жүрүп, жумуш күчөп жатканын кошумчалады:

- Экинчиден, азыр өзүңүздөр көргөндөй, Үркүн комплексинде кызуу жумуш жүрүп жатат. Бут коёрго жер жок. Аябай күчөтүлгөн темпте курулуш иши жүрүүдө. Биз аны 25-августка чейин бүтүшүбүз керек.

Укук коргоочу Турсунбек Акун болсо бул маселеде эки тарап тең ката кетиргенин айтып, эмне болгон күндө да алып келген сөөктүн "Ата-Бейитке" коюлбай калганы туура эмес болуп калды деген оюн билдирди:

- Бул сөөк кечээ коюлмак. Ак үйдөн бүгүнкүгө калтырылган. Эми бүгүн да коюлбайт деп жатышат. Бул туура эмес болуп калды. Сөөк коюлуш керек эле. Ушул жерден эле экспертизадан өткөрүп коюп салышса дурус болмок. Бул жерде сөөк талашуу жүрүп жатат.

Турсунбек Акун Мамлекеттик уюштуруу комиссиясы менен коомдук комиссиянын Үркүнгө баа берүү боюнча саясий көз караштагы дал келбестик ушундай жагдайды түзүп жатышы мүмкүн дейт. Тактап айтканда, коомдук комиссия жүз жыл мурда болгон кандуу окуяны падышалык Орусиянын кыргыздарга карата жасаган тукум курут саясаты десе, мамлекеттик комиссия ага макул болгон эмес.

Коюлбай калган сөөктүн тагдыры эми мындан ары Үркүн шейиттеринин көмүлбөй калган сөөктөрү кандай болот деген собол жаратты. Бир нече жылдан бери Үркүн курмандыктарын эскерүү иш-чараларын уюштуруп келаткан мурдагы депутат Бейшенбек Абдырасаков мындай пикирде:

- Президенттин жарлыгынын биринчи бөлүгүндө 1916-жылдагы курмандыктардын сөөгүн таап, мусулманчылык ырым-жырымдар менен кайра жерге берүү каралган. Ал үчүн Ысык-Көл облусуна 3 миллион сом бөлүнгөн. Акча бөлүнгөндөн кийин Бедел ашуусунан, Ак-Шыйрактан сөөктөрдү таап, чогултуп көмүү, ага президент өзү катышары айтылып жаткан. Бул эки жыл мурун болгон сөз. Бирок ошол убакта тиешелүү мекеме тарабынан сөөк табылбай калганы айтылган. "Ата-Бейиттеги" Үркүн эстелиги ошол сөөктөр көмүлүп, мавзолей болмок. Сөөк табылбай калгандан кийин ал жерге жөн гана эстелик салынмай болду.

Чаар-Арчадан табылган сөөк.
Чаар-Арчадан табылган сөөк.

Бейшенбек Абдырасаковдун айтымында, өлкөдө негизи эле сөөктөрдү бир жерден экинчи жерге которуштуруу боюнча кандайдыр бир расмий жобо жок. Андыктан өлкөдө сөөктөр каада-салттын жана мусулманчылыктын шарты менен гана ары-бери жылдырылып, кайра көмүлүп келет. Коомчулукта бул окуя сөөктөрдү бир жерден экинчи жерге жылдыруу канчалык деңгээлде туура деген талаш-тартышка жем таштады.

Бишкектин четинде жайгашкан “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси 2000-жылы негизделген. Бул жерде 1937-38-жылдардагы репрессиянын 137 курмандыгынын жана 2010-жылдагы апрель окуясында каза тапкан 30 адамдын сөөгү жатат.

Былтыр президент Алмазбек Атамбаев “Ата-Бейит” көрүстөнүндө Үркүндө курман болгондорго арналган мемориалдык комплекс куруу боюнча жарлык чыгарган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG