Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Үркүндү түрк тыңчылары уюштурганбы?


Сүрөтчү Туман Жумабаевдин Үркүн сериясынан
Сүрөтчү Туман Жумабаевдин Үркүн сериясынан

Орусиялык басылмаларда акыркы жума ичинде Кыргызстандагы Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар, Орусиянын тажик мигранттарынын үй-бүлөлөрүнө жардамы, 20 жылдан бери талашы бүтпөгөн Каспий деңизи тууралуу макалалар жарыяланды.

"Взгляд" басылмасы Кыргызстандын Маданият министрлиги Үркүндүн 100 жылдыгына карата драмалар сынагын жарыялаганын жазып чыкты.

Макалада Үркүн - Орус империясына караштуу орто азиялык элдин орус бийлигине каршы көтөрүлүшү катары сыпатталып, аны жергиликтүү диний жана саясий лидерлер менен тыгыз кызматташкан түрк тыңчылары уюштурган деген божомол айтылат.

Элдин толкунуна жакырлык менен жердин тартыштыгы жана диний-саясий ишмерлердин келгиндерди жазалоого чакырыгы себеп болгон деп белгиленип, жалпысынан 10 миллиондон ашуун калк төңкөрүшкө чыкканы маалымдалат. Көтөрүлүш бир дагы жетекчисиз, эч кандай уюштуруучу иштери жок стихиялуу башталып, ага карабай узакка созулганы белгиленет.

Орусия тажик мигранттарына кам көрөт

"Регнум" маалымат агенттиги Орусия Тажикстандагы мигранттардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтөт деп жазат.​

Тажик мигранттары
Тажик мигранттары

Макалада ушул жылы күздө БУУнун айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун үч жылдык программасы Тажикстанда ишке киргизилери айтылып, 6 миллион долларлык долбоорду Орусия каржылап жатканы белгиленет. БУУнун өкүлү Виорел Гуцу азыркы кезде мигранттар үйүнө жөнөткөн акча каражаттары эч кандай иштетилбей, күнүмдүк зарылчылыктарга короп жатканын айтып, мигранттардын акчаларын мекенинде иштетүүгө шарт түзүү керектигине токтолгон.

Тажикстанда ишке кире турган бул программанын алкагында мигранттардын үй-бүлөлөрү айыл чарба боюнча атайын долбоорлорду иштеп чыгып, 5 миң долларга чейин грант алышат. Орусияда иштеген тажик мигранттардын акча которуулары Тажикстандын ички дүң продуктусунун жарымын түзөрү, ошондой эле акыркы жылы ал акча которуулар үч эсе азайганы кошумчаланат. Айыл чарбаны көтөрүүгө багытталган БУУнун мындай долбоорлору Армения менен Кыргызстанда дагы ишке киргизилмекчи.

Ушул эле агенттик Түркмөнстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде абактагы жарандардын саны боюнча алдыга чыкканын кабарлайт. Түркмөнстандын 100 миң калкына түрмөдөгү 583 адам туура келет. Коңшулаш Казакстанда 100 миң калкка – абактагы 221 адам, Кыргызстанда - 167, Өзбекстанда - 150, Тажикстанда 121 адам туура келет. Мындай иликтөөлөрдү Prison Policy Initiative уюму жүргүзгөн.

Ал эми дүйнө жүзүндө абактагы жарандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. АКШда 100 миң калкка түрмөдөгү 693 адам турат келет.

Каспий беш өлкөнүн талашына түштү

ТАСС маалымат агенттиги Каспий деңизи талашка себеп болгонун баяндайт. Совет маалында 86 пайызы союздук өлкөгө таандык деңизге акыркы 20 жылдан бери Орусия, Иран, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстан ээлик кылууга ашыгып жатканы айтылат.​

Каспий деңизиндеги азербайжан желеги
Каспий деңизиндеги азербайжан желеги

​Макалада Азербайжан, Казакстан менен Түркмөнстан деңизди ар бир өлкөгө тиешелүү жээк боюнча бөлүүнү туура көрсө, Иран деңизди теңме -тең бешке бөлүүнү сунуштап жатканы баяндалат. Ошондой эле Казакстандын Теңгиз, Карачаганак, Кашаган сыяктуу ири мунай кендери деңизде тургандыгы кошумчаланып, ушул жылы Астанада өтө турган Каспий саммитинде акыры беш өлкө бир келишимге келер деген үмүт айтылат. Каспий Евразия материгинде жайгашкан ири суу сактагыч, ага 130дан ашуун Волга, Урал, Терек сыяктуу дарыялар кошулат. Андан тышкары алдын ала айтылган божомолдуу түрдө дарыяда 18 миллиард тоннага чейин мунайзат кени болушу ыктымал.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG