Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

"Газпром" түркмөндөрдөн акча талап кылды


"Газпром"
"Газпром"

Орусиянын Думасы жакында Тажикстан Евразиялык биримдикке кирет деп күтүүдө, орусиялык "Газпром" "Түркмөнгаздан" 5 миллиард доллар талап кылууда, ал эми Кремл Украинадан Орусия аркылуу Казакстан менен Кыргызстанга өтчү жүк ташуучу авто жана темиржол каттамдарын токтотту.

Газета.ру орусиялык “Газпром” Түркмөнстандын “Түркмөнгаз” ишканасынан 5 миллиард доллар акча талап кылып жатканын маалымдады. Орусиялык ишкана түркмөн тарапка 2010 - 2015-жылдары газ үчүн 5 миллиард доллар каражатты ашыкча төлөгөнүн айтып, сот аркылуу бул каражатты кайра кайтарып алуу ниетин билдирген. “Газпром” 2008-жылдан бери эле түркмөн ишканасынан газга коюлган бааны азайтууну талап кылып, жыл башында соода-сатык келишимин токтотуп койгон. Макалада Москванын мындай талабы жаңылыш стратегия катары сыпатталып, “Газпром” ашыкча төлөм боюнча “Түркмөнгазды” сотко берсе, Украинанын “Нафтогаз” ишканасы ушундай эле айып менен кайра “Газпромду” абдан чоң доого жыгышы мүмкүн деп айтылат. Анткени, 2010-жылдан бери “Газпромдун” башкы өнөгү болуп келген украиналык “Нафтогаз” орусиялык ишкананын өз милдеттерин аткарбаганын, транзит боюнча төлөнбөй калган акыларды жана монополияга каршы айыппулдарды айтып, 50 миллиард долларга чейин доо акыга жыгат”, - деп айтылат макалада.

Кремл Казакстанга жүк өткөрбөдү

"Взгляд" басылмасы Орусиянын Федералдык бажы кызматы Украинадан Казакстан менен Кыргызстанга жүк ташуучу автоунаалар менен темир жол вагондорун өткөрүүнү токтотконун баяндайт. Өткөн жумада орус президенти Владимир Путин транзиттик жүк өткөрүүлөрдө Орусиянын улуттук кызыкчылыктарын жана экономикалык коопсуздугун коргоо боюнча жарлыгын жарыялап, Украина менен эркин соода аймагы тууралуу келишимин жокко чыгарган. Андан сырткары Москвага каршы санкцияларды киргизген өлкөлөргө карата азык-түлүк эмбаргосун 2018-жылга чейин узарткан. Путиндин жарлыгы ишке киргенден бери Орусиянын бажы аймактарында Украинадан Казакстанга бара жаткан жүк ташуучу 64 темир жол вагондору, 11 автоунаа токтотулуп, кайрадан артка жөнөтүлгөнү маалымдалды. Москванын мындай иш-аракеттеринен улам Астана жүк ташуучуларга Орусиядан өтпөй, башка альтернативдүү жолдорду тандоону сунуштаган.

Тажикстанды ЕАЭБга киргизүү амалы

"Лента.ру" басылмасы Орусиянын Думасы Тажикстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришин талкуулап жатканын жазат. КМШ өлкөлөрү боюнча комитеттин жетекчиси Леонид Слуцкий Тажикстан биримдикке кошулууга "ашыгып" жатканын белгилеген. Слуцкийдин айтымында, Евразия биримдиги Орусиядагы Тажикстандын мигранттарына бир топ жеңилдик берет. Азыркы кезде 330 миң тажик жараны Орусияда миграциялык мыйзамды бузганы үчүн өлкөдөн үч жылдан беш жылга чейин чыгарылып, “кара тизмеге” киргизилгени баяндалат. Эки өлкө ортосундагы соода-сатык жыл башынан бери 30 пайызга кыскарып кеткенине карабастан, айыл чарба тармагында жана миграциялык саясат жаатында жаңы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылат. 3-июлда эле Орусия президенти Владимир Путин Тажикстанга мунай азыктарын бажы алымы жок сатуу боюнча орус-тажик келишимине кол койгон.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG