Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

The Pine Leaf Boys тобу Бишкекте


The Pine Leaf Boys музыкалык тобу Бишкекте.
The Pine Leaf Boys музыкалык тобу Бишкекте.

Америка Кошмо штаттарынан келген The Pine Leaf Boys музыкалык тобу Бишкекте концерт койду.

Бишкекке келген Кошмо штаттардан The Pine Leaf Boys музыкалык тобу 16-17-июнда алгач чакан чөйрөгө, анан Ала-Тоо аянтында концерт берди. Океандын ары жагынан келген коноктор Ошко чейин барганга жетишишти. Мурда-кийин Кыргызстан тууралуу угушпаган коноктор кыргызстандыктардын меймандостугу, жаратылышы жана өздөрүнүн тобу туурасында "Азаттыкка" кеп салышты.

The Pine Leaf Boys музыкалык тобу 2005-жылы түзүлгөн. Дээрлик “кейжун” стилинде ырдашат. Топ төрт кишиден турат. Жетекчиси Вилсон Савойдун айтымында, бул америкалыктардын нукура маданиятын чагылдырган сейрек стилдерден жана ал АКШнын Луизиана штатына таандык. Түзүлгөн жылдан бери үч жолу Гремми сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Америка маданиятын музыкага сиңирген бул топ ар кайсы өлкөлөрдү кыдырып өздөрү жөнүндө, мекенине барганда көрүп келген өлкөлөр, анын эли-жери тууралуу айтып бергенди салтка айлантып алган. Кыргызстанга болсо биринчи келиши экен, мурда-кийин да ушундай өлкө бар экенин угушпаптыр.

- Мен чындыгында Кыргызстан тууралуу уккан эмесмин. Бул менин географияны начар билгенимден болушу керек. Луизианада ар ким өз жашоосу менен алек. Дүйнө менен көп иши жок. Эми барганда Кыргызстан тууралуу досторубузга, тааныштарыбызга сөзсүз айтып беребиз. Бул өлкөнү эсибизден чыгарбайбыз.

Кыргызстанда эмне жакты деген сурообузга Вилсон мындай жооп берди:

- Мен бул жерде болгону эки гана күн болдум. Мага абдан аба ырайы, адамдары жакты, меймандос экен. Кечээ биз улуттук ашканага барып, лагман жедик. Абдан жакты. Ага сарымсак кошулат экен. Луизиананын эли сарымсакты абдан жакшы көрөбүз.

The Pine Leaf Boys музыкалык тобунун ырлары туурасында концертке күбө болгондордун пикирине орун берели.

Алишер Турдубаев, мугалим: Өткөн жумада эле америкалык мюзикбанд жөнүндө балдарга сабак өткөн элем. Азыр буларды сүрөткө, видеого тартып алдым. Бул дагы мага жакыш материал болуп берет. Ал эми ырдын сөздөрүн чындыгында түшүнө алган жокмун. Бирок музыканын ритми, тездиги аябай жакты.

Ширин Түмөнбаева: Музыканын шаңдуу болгону жана маанайды көтөргөнү жакты. Бул жөнөкөй эле рок, поп эмес Американын маданиятын көрсөттү. Алар ырдаган стилди бардык жерден эле уга бербейсиң. Ошонусу менен да өзгөчө жакты. Булар музыканы гитара, скрипка, барабан жана башка аспаптардын коштоосунда аткарат экен.

Вилсон мырзанын айтымында, негизи эле луизианалыктар музыкага жакын эл экен. Бүт жашоосу музыка менен байланыштуу. Шаңдуу жана маанайды көтөрчү музыкалардын жаралышынын себеби да ошондо болсо керек.

- Бизде эмне кылсак дагы музыка менен байланыштуу. Биз музыка менен иштейбиз, эс алабыз. Ал тургай тамак жасап жатканыбыз да музыка менен байланыштуу.

The Pine Leaf Boys тобунун ырларын бул жерден угуңуз.





XS
SM
MD
LG