Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

М. Олкотт: Кыргызстан парламентаризмди ийгиликтүү ишке ашырышы толук мүмкүн


Профессор Марта Брилл Олкотт Бишкектеги жыйындан соң "Азаттыктын" кабарчысы менен сүйлөшүүдө, 7-декабрь, 2010.
Профессор Марта Брилл Олкотт Бишкектеги жыйындан соң "Азаттыктын" кабарчысы менен сүйлөшүүдө, 7-декабрь, 2010.

Вашингтондогу Карнеги корунун Борбор Азия долбоорунун жетекчиси Марта Брилл Олкотт (Martha Brill Olcatt) “Азаттык” үналгысына эксклюзивдүү маек куруп, анда Кыргызстанга кандай мамлекеттик башкаруу керектиги, коопсуздук, диний экстремизм тууралуу суроолорго жооп берди.


Кыргызстан кандай мамлекеттик башкаруу керектигин өзү чечет

- Профессор Олкотт, Кыргызстандын парламенттик башкарууга кадам койгонун АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон “Кыргызстан Борбор Азияга үлгү болот” деп бааласа, Орусия президенти Дмитрий Медведев “Парламентаризм Кыргызстанды кыйроого алып келет" деп жар салган эле. Сиздин оюңузча, Кыргызстандын стратегиялык эки өнөктөшү эмне үчүн мындай карама-каршы көз карашты карманууда?

- Кыргызстандын калкы кандай мамлекеттик башкаруу керектигин өзү гана чечет. Парламентаризм бул аймакта жаңы нерсе, ал эми Кыргызстан аны ийгиликтүү ишке ашырып кетиши толук мүмкүн. Албетте бул Орусия үчүн чоң жаңылык болот. Ошол эле учурда 70 жыл бирге жашап, союз ыдырагандан кийинки оош-кыйыш турмушту, ал тургай айрым жерлерде жарандык согушту баштан кечирген өлкөлөр өздөрү жакшы түшүнгөн саясий системада жашагысы келер. Орусия болсо 20 жыл турган системаны парламентаризмге алмаштыруу тобокелдик деп баалап жатса керек.

Ал эми АКШнын көз карашы боюнча айтсам, адатта Кыргызстандан өтө алыс жашаган, бул өлкөгө анда-санда келип-кеткендер Кыргызстанда эмне болуп жатканын ичинен, майда-чүйдөсүнө чейин биле албайт. Ал эми биздин мамлекеттик катчы Кыргызстандагы парламентразимди өнүктүрүүгө АКШ колдоо көрсөтөөрүн дагы айтты. Демек, АКШ техникалык, каражат жагынан жардам берүүгө аракеттенет.

Менин айтайын дегеним, чет элдиктер абалды башкалардан жакшы билебиз деп ишенип келебиз. Бирок тажрыйба топтоп, жаш өткөн сайын мен андай ишенимден алыстай баштадым. Андыктан биз кеп-кеңеш гана бергенибиз менен эч кандай жоопкерчилик ала албайбыз. Ал эми кеп кеңеш бергенде дагы анын жумшак жолун таап айттуу керек деп ойлойм. Дагы бир жолу айтаарым, кандай мамлекеттик машине курууну кыргызстандыктар өздөрү гана чечет.

Сиз айткандай, чет элдиктер кеп-кеңеш берүүгө, чоң жыйын, конфереция өткөрүп, талкууларга өтө куштар. Ал эми кыргыз коомунда айрыкча 7-апрель, июнь окуяларынан кийин “чет элдиктер бизди окутпай, андан көрө конкреттүү жардам бербейби” деген көз караш күчөдү. Сиз кандай пикирдесиз?

- Мен андай ойлобойм. Ошол эле учурда бирөөнөн жардам алуу – милдеттеме экенин унутпасак. Чет элдиктер жөн эле акча бербейт. Ал жерде алардын кеп-кеңеши менен силерде жашоо турмуш оңолот, же берилген каражатты кайра кайтарат деген шарт турат. Көпчүлүк учурда бул эки шартты тең аткарууга милдеттеме алууга туура келет.

- Кыргызстанда парламентаризмди куруу кыйынчылыктар менен башталды. Парламент ишмердүүлүгүн толук кандуу баштай албай турат, ал тургай өлкө ичинде парламенттин иши туңгуюкка кептелди деген сындар айтыла башталды. Сырттан караган кишиге кандай көрүнөт?

- Бул туңгуюк эмес, бул конституциялык баскычтар. Силердин конституцияда 3 жолу коалиция куруу аракетин көрүүгө мүмкүн деп жазылган. Эгер 3 жолу тең аракет оңунан чыкпаса гана кризис деп айтууга болот. Ал эми азырынча парламентаризмдин калыптанышы тууралуу айтуу эрте. Кыргызстандагы партиялардын саны көп партиялуулуктан дагы ашыктык кылат. Ушунчалык көп сандаган партиялар бар. Ошондуктан 5-10 жылдан кийин гана Кыргызстандагы парламентаризмдин ийгилиги менен кемчилиги тууралуу сөз кылуу туура болоор.

“Жакшы коңшу жаман туугандан артык”

- Сизди Борбор Азия боюнча америкалык күчтүү изилдөөчү катары билебиз. Казакстан тууралуу бир нече китеп жаздыңыз. ЕККУнун төрагасы катары Казакстан Кыргызстандагы жаңжалдарды жөнгө салууда канчалык өз миссиясын аткара алды деп ойлойсуз?

- Мен бул тууралуу Казакстанда сүйлөгөн сөзүмдө дагы айттым. Казакстан үчүн бул өтө татаал жана түрдүү жоопкерчиликти жаратты. ЕККУнун төрагасы катары Казакстан жакшы роль ойноду. Кыргызстандагы жагдайды көрүү, баалоо үчүн алар өлкөнүн өзгөчөлүгүн түшүнгөн дипломаттарды, саясатчыларды өз маалында жибере алды. Муну жетишкендик катары баалоо керек деген ойдомун. Ошондой эле Казакстан Кыргызстандагы абалды жөндөөдө ЕККУ, Евробиримдик, Улуттар уюму менен бирдей тил табышып, өз аракеттерин айткалыштыра алганын дагы оң баалоо керек.

Ошол эле учурда президент Нурсултан Назарбаев, казак өкмөтү Казакстандын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин унутпоо зарыл. Алар бир жагынан Кыргызстанга экономикалык көмөк көрсөткөнү менен экинчи жагынан өз чек арасын жаап коюну чечти. Казак бийлиги алды менен өз элинин камын көрүп, алар үчүн эмне маанилүү болсо ошого жараша чечим кабыл алышы маанилүү болчу.

Ислам: муундар кагылышы

- Соңку кезде исламчыл кыймылдар активдеше баштады деген кеп-сөз тарады. Жалпы эле Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда диний негизде жарылуу коркунучу байкалбайбы?

- Бул чындыгында татаал суроо. Айрыкча жалпы Борбор Азия тууралуу айтуу өтө эле кыйын. Чындыгында Исламда өзүн-өзү кайра таануу жүрүүдө. Бул жараян улана берет. Биз азыр өткөөл муун менен жашап жатабыз. Бул муун пост-советтик эмес, андан кийинки өткөөл муун жана алар өз башатын таануу процессин баштан кечирүүдө. Ал эми кийинки келе турган муун азыркы өткөөл муундан айырмаланат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанда ар кандай диний агымдар бар.

Учурда диний түшүнүк кеңейип, динге ишенгендердин саны өсүүдө. Албетте биз мындай өзгөрүүлөрдүн бардыгын экстремизм деп айта албайбыз, ал таптакыр башка суроо. Жеке пикиримде, светтик көз караш менен светтик жашоонун мүнөзү муундар алмашуусу менен өзгөрөт деп ойлойм. Маселен, Түркиянын тарыхы мусулман коомчулугу көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болоорун, түрдүү варианттар бардыгын көрсөтөт.

- Сиздин айтайын дегениңиз Ислам түрдүү багытта, ар кыл өзгөрүүлөргө, анын ичинде радикалдык мүнөздө өнүгө берет деген маанидеби?

- Менин айтайын дегеним, Исламдагы радикал көз караш өсө берет. Ага даяр болуу керек, бул глобалдык деңгээлде жүрүп жатат. Ал эми Кыргызстанда балким динге ишенүүчүлөрдүн саны азайышы дагы мүмкүн. Анткени өзүңөр айткандай, соңку каргашалуу окуяларда Ислам зордук-зомбулукту токтотуп, адамдарды коргоп кала турган ролун аткара алган жок. Ал эми экстремизм менен терроризм дүйнөлүк алкактагы проблема, кайсы өлкөдө туруктуулук жок болсо андай көйгөйгө кабылуу тобокелчилиги дагы чоң.

- Рахмат, профессор Олкотт!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG