Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:02

АКШнын мамлекеттик катчысы Кыргызстанда


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ЕККУнун саммитинде, 1-декабрь, 2010-жыл
АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ЕККУнун саммитинде, 1-декабрь, 2010-жыл

АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бүгүн Кыргызстанга иш сапары менен келди. Клинтон айым Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен жолугушту.

Президент менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына токтолгон Хиллари Клинтон АКШ мындан ары да Кыргызстанды колдой берерин белгиледи. “Биз бир катар олуттуу маселелерди талкууладык” деп айткан мамлекеттик катчы парламенттик башкаруу аркылуу демократиялык жолго түшүү оор деген пикирлер көбүнчө жаңылыштык болорун белгиледи. Кыргызстан парламенттик башкаруу аркылуу демократиялык жолго түшөт деген ишеничин билдирүү менен АКШ мамкатчысы бул үчүн өлкөдө мыйзам бийлиги орношу зарылдыгын бекемдеди.

АКШ мамлекеттик катчысы Кыргызстандагы шайлоолор элдин маселелерди күч менен эмес, саясий жол менен чечүүнү кааларын көрсөттү деп эсептейт.

Өз кезегинде Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева акыркы айлар өлкө үчүн чоң сыноо болгонуп белгилеп “биз АКШнын жардамын жана колдоосун сезип турдук” деп айтты.

Жолугушууда АКШнын Кыргызстанда жайгашкан "Манас" транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоочу Mina Corp. компаниясынын иши тууралуу маселе талкууланды.

Х. Клинтон бул компаниянын иши боюнча кыргыз тараптан жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштери аягына чыккандан кийин сөз кылуу туура болорун айтып, ошол эле учурда бардыгы ачык болушу үчүн АКШ өкмөтү шарт түзүүгө аракеттенип жатканын белгиледи.

Эки тараптын жолугушуусунда мындан тышкары транзиттик борбордун тагдыры тууралуу да сөз болду. Президент Роза Отунбаева транзиттик борбордун мындан аркы жайгашуусу жаңы өкмөткө көз каранды экенин белгилеп, бирок Кыргызстандын коопсуздугу үчүн базанын турганы маанилүү деп билдирди. Ал ошондой эле Ооганстандагы террорчу күчтөр өлкөнүн түндүгүнө жылып жатканын, мындан Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасын күчтөп бекемдөө зарылдыгы келип чыгарын билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстанга 1-2-декабрда Астанада өткөн ЕККУнун саммитине катышкандан кийин келди. Х.Клинтон Кыргызстандан кийин коңшу Өзбекстанга жана Бахрейнге жол тартат.

XS
SM
MD
LG